1Адил адам өлөт, бирок эч ким анын өлгөнүн жүрөгүнө кабыл кылбайт. Такыбаа адамдар жерден алынат, адил адамдын жамандыктан куткарылып алынганын эч ким түшүнбөйт.
2Ал тынч жайга кетет. Түз жол менен жүргөндөр өз төшөгүндө тынч жатышат.
3«Силер болсо бери келгиле, сыйкырчынын уулдары, бузулган адамдын жана аягы суюк аялдын тукуму!
4Силер кимди шылдыңдап жатасыңар? Кимге каршы оозуңарды ачып, тилиңерди кимге чыгарып жатасыңар? Силер кылмыштын балдарысыңар, калптын тукумусуңар.
5Ар бир жашыл дарактын түбүндөгү буркандарга кумардангандар, суу жээктеринде, аскалардын жаракаларында балдарды сойгондор силер эмес белеңер?
6Сенин үлүшүң суулардын жылма таштарында. Алар, алар сенин үлүшүң. Аларга сен куюлуучу курмандыкты куясың, курмандыктарды чаласың: Мен буга ыраазы болмок белем?
7Эң бийик, көрүнүктүү тоого сен өзүңдүн жатчу жайыңды орнотосуң, ошол жакка курмандык чалыш үчүн чыгасың.
8Эшиктин артына, ошондой эле кашектердин артына эстетүүчү белгилериңди коёсуң, анткени сен Менден бурулуп кеткенден кийин, жылаңачтанып, ошол жакка чыгасың. Жаткан жайыңды кеңейтесиң, ким менен жатканды жакшы көрсөң, ошолор менен макулдашып, орун караштырасың.
9Сен жыпар жыттуу май алып, падышага да баргансың, майларыңды көбөйткөнсүң, элчилериңди алыс жактарга жибергенсиң, өлгөндөр жаткан жайга чейин кемсингенсиң.
10Өзүңдүн узак жолуңдан чарчагансың, бирок «Yмүт үзүлдү!» деген жоксуң, өз колуңдан күч таап тургансың, ошондуктан сен алсыраган жоксуң.
11Ишенимсиз болуп калгыдай, Мени эсиңерден чыгаргыдай, Мени жүрөгүңдө сактабай калгыдай, кимден коркуп, кимден үрөйүң учту? Мен унчукпай койгондон эмеспи? Көпкө унчукпай койгондон эмеспи? Сен Менден коркпойсуң!
12Мен сенин чындыгыңды жана иштериңди көрсөтөм. Алар сага пайда алып келбейт.
13Сен өкүргөндө, чогулткан буркандарың сени куткарабы? Алардын баарын шамал учуруп кетет, айдаган жел туш-тушка чачыратат. Ал эми Мага таянган адам жерди мурастап алып, Менин ыйык тоомо ээ болот».
14Анан мындай деди: «Түздөгүлө, түздөгүлө, жолду бошоткула, Менин элимдин алдынан бөгөттү алып салгыла».
15Анткени Улуу, Даңкталган, Түбөлүк Жашоочу, Ысымы Ыйык мындай деп жатат: «Мен бийик асмандын үстүндө жана ыйык жайда жашайм, ошондой эле моюн сунгандардын рухун тирилтиш үчүн, кайгыргандардын жүрөгүн тирилтиш үчүн, кайгыргандар менен, руху менен моюн сунгандар менен бирге жашайм.
16Анткени Мен түбөлүккө талаш-тартыш жүргүзбөйм, акырына чейин каарданбайм, болбосо Менин алдымда Мен жараткан рух жана Мен жараткан ар бир тирүү жан алсырап калат.
17Анын дүнүйөкордук күнөөсү үчүн Мен каардандым, аны урдум, жүзүмдү жашырдым, ачууландым. Ал болсо бурулуп кетип, өз жүрөгүнүн жолу менен жүрдү.
18Мен анын жолдорун көрдүм, Мен аны айыктырам, Мен аны алып жүрөм, Мен аны жана анын кайгыргандарын сооротом.
19Мен “Тынчтык, алыскыларга да, жакынкыларга да тынчтык” деген сөзүмдү аткарам, – дейт Теңир. – Мен аны айыктырам».
20Мыйзамсыздар болсо алай-дүлөй болуп толкундаган, тынч ала албаган, суулары балыр менен баткакты бүркүп чыгарган деңиздей.
21«Мыйзамсыздарга тынчтык жок», – дейт менин Кудайым.