1«Катуу кыйкыр, токтобо, үнүңдү сурнайдай бийик чыгар, Менин элиме өз мыйзамсыздыгын көрсөт, Жакыпка өз күнөөлөрүн көрсөт.
2Алар адилеттүү иш кылган, өз Кудайынын мыйзамдарын таштабаган эл сыяктанып, күн сайын Мени издешет, Менин жолдорумду билгилери келет. Алар Менден адилеттүү сот тууралуу сурашат, Кудайга жакындагылары келет:
3“Эмне үчүн биз орозо туттук? Сен болсо көрбөйсүң. Эмне үчүн биз жаныбызды кыйнадык? Сен болсо билбейсиң”. Силер орозо кармаган күнү өз эркиңерди аткарасыңар, башкалардан оор жумуштарды талап кыласыңар.
4Силер талаш-тартыш, уруш-чатак үчүн, башкаларды кылмыштуу колуңар менен уруш үчүн орозо кармап жатасыңар. Ушул учурда силер үнүңөр асманга угулуш үчүн орозо кармап жаткан жоксуңар.
5Мен тандап алган орозо ушундай беле? Мен тандап алган күн ушундай беле? Ал күнү адам өз жанын кыйнайт, башын камыштай шылкыйтат, өзүнүн алдына зумбал жана күл төшөйт. Ушуну Кудайга жаккан орозо деп, Кудайга жаккан күн деп айта аласыңбы?
6Мен тандап алган орозо мындай: калптын кишендерин бошот, эзүүнүн кишендерин чеч, эзилгендерди эркиндикке чыгар, ар кандай моюнтурукту алып сал.
7Ачка киши менен наныңды бөлүш, тентип жүргөн жакырларды үйүңө киргиз, жылаңачты көрсөң, ага кийим кийгиз, каны бир жакыныңдан жашынба».
8Ошондо сенин жарыгың таң шооласындай төгүлөт, айыгууң тез арада келет, чындыгың алдыңда жүрөт, Теңирдин даңкы сени коштоп жүрөт.
9Ошондо сен чакырасың, Теңир угат. Ыйлайсың, Ал: «Мен мына!» – дейт. Сен өз чөйрөңдөн эзүүнү жоготконуңда, сөөмөйүңдү көтөргөнүңдү, жаман сүйлөгөндү койгонуңда,
10ачкага наныңды бергениңде, кыйналгандардын жанын тойгузганыңда, сенин жарыгың караңгыда жаркырайт, караңгылыгың чак түштөй болот.
11Ошондо Теңир ар дайым сенин жол башчың болот, кургакчылыкта жаныңды тойгузат, сөөктөрүңдү чыңдайт. Ошондо сен сугарылган бактай, суусу эч качан соолубаган булактай болосуң.
12Кылымдар бою ээн жаткан чөлдөргө сенин тукумдарың отурукташат, сен көп муундардын негизин калыбына келтиресиң. Сени урандыларды калыбына келтирүүчү, жашоо үчүн жолдорду жаңыртуучу деп аташат.
13«Эгерде сен ишембиде, Менин ыйык күнүмдө, өзүңдүн иштериңди аткаруудан бутуңду токтото турган болсоң, ишембини кубанычтуу күн деп, Теңирдин ыйык күнү деп атай турган болсоң, ыйык тута турган болсоң, күндөлүк иштериңди кылбай, ал күндү урматтай турган болсоң, өз каалоолоруңду аткарбай турган болсоң, курулай сөздөрдү сүйлөбөй турган болсоң,
14анда сен Теңирден кубаныч аласың. Мен сени жердин бийик жерине чыгарам. Сага атаң Жакыптын мурасынан жедирем. Бул сөздү Теңирдин Өз оозу айтып жатат.