Ышайа 59:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Куткарыш үчүн Теңирдин колу кыскарган жок, угуш үчүн Анын кулагы катуу болуп калган жок.

2Бирок мыйзамсыздыгыңар силерди Кудайыңардан бөлүп салды. Ал силерди укпаш үчүн, силердин күнөөңөр Анын жүзүн силерден буруп жатат.

3Анткени силердин колуңар кан төгүп, манжаларыңар мыйзамсыздык кылып булганган. Оозуңар жалганды сүйлөйт, тилиңер калпты айтат.

4Акыйкаттык үчүн эч ким үнүн чыгарбайт, чындык үчүн эч ким күрөшпөйт. Жок нерсеге таянышат, калп айтышат, алардын боюна жамандык бүтөт, адилетсиз иштерди төрөшөт.

5Уу жыландын жумурткасын чыгарышат, жөргөмүштүн желесин токушат. Алардын жумурткаларын жеген адам өлөт, эгерде жарса, ичинен жылан чыгат.

6Алардын желелери кийимге жарабайт, алар өздөрү жасаган нерселери менен жамына алышпайт. Алардын иштери – адилетсиз иштер, зордук-зомбулук – алардын колунда.

7Алардын буттары жамандык кылууга жүгүрөт, алар жазыксыз кан төгүүгө ашыгышат. Алардын ойлору – адилетсиз ойлор, кыруу жана кыйратуу – алардын жолунда.

8Алар тынчтыктын жолдорун билишпейт, алардын жолдорунда акыйкаттык жок, алардын жолдору кыйшык. Ал жол менен бараткандын эч бири тынчтык дегенди билбейт.

9Ошондуктан акыйкаттык бизден алыс, адилеттик бизге жакындабайт, жарыкты күтүп жатабыз, бирок караңгылык, күндүн жаркырашын күтүп жатабыз, бирок караңгылыкта жүрөбүз.

10Сокурлардай болуп дубалды кармап, көзү жок кишидей сыйпалап басып жүрөбүз. Чак түштө күүгүмдөгүдөй мүдүрүлүп жатабыз, тирүүлөрдүн арасында өлүктөрдөйбүз.

11Баарыбыз аюулардай бакырып жатабыз, көгүчкөндөрдөй онтоп жатабыз. Акыйкаттыкты күтүп жатабыз, бирок ал жок, куткарууну күтүп жатабыз, бирок ал бизден алыс.

12Анткени Сенин алдыңда кылмыштарыбыз сан жеткис, күнөөлөрүбүз өзүбүзгө каршы күбөлөндүрүп жатат. Анткени кылмыштарыбыз биз менен, биз өзүбүздүн мыйзамсыз иштерибизди билебиз.

13Теңирдин алдында чыккынчылык кылдык, калп айттык, өз Кудайыбыздан баш тарттык. Ушак айттык, чыккынчылык кылдык, жүрөгүбүздө жаман ойлоп, жаман сөздөрдү сүйлөдүк.

14Акыйкаттык артка чегинди, адилеттүүлүк алыста калды, анткени чындык аянтта мүдүрүлдү, чынчылдык кире албай калды.

15Чындык жок болду, жамандыктан качкан кордукка дуушар болду. Муну Теңир көрдү, акыйкаттыктын жоктугу Анын көзүнө жийиркеничтүү көрүндү.

16Адам жок экенин көрдү, арачы боло турган адам жок экенине таң калды. Ошондо Ага Өзүнүн каруу-булчуңу жардам берди, Аны Өзүнүн чындыгы колдоду.

17Ал чындыкты соот кылып кийди, куткаруу туулгасын Өзүнүн башына кийди. Өч алуу чапанын кийип, кызганчаактыкты жабуу кылып жамынды.

18Иштерине жараша Ал Өзүнүн душмандарын каары менен жазалайт, Өзүнүн душмандарынан өч алат, аралдарга тиешесин берет.

19Ошондо Теңирдин ысымынан батыштагылар коркушат, Анын даңкынан чыгыштагылар коркушат. Эгерде душман дарыядай каптап кирсе, Теңирдин деми аны кууп жиберет.

20«Ошондо Сионго, мыйзамсыздыкты таштап, Кудайга кайрылган Жакыптын уулдарына Куткаруучу келет, – дейт Теңир.

21Бул Менин алар менен түзгөн келишимим, – дейт Теңир, – сендеги Менин Рухум, сенин оозуңа салган Менин сөздөрүм сенин оозуңдан, сенин укум-тукумуңдун оозунан, сенин урпактарыңдын укум-тукумунунун оозунан мындан ары жана түбөлүккө түшпөйт».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>