1Узия падыша өлгөн жылы мен бийик жана улуу тактыда отурган Теңирди көрдүм, Анын чапанынын этеги ийбадаткананы толтуруп турду.
2Анын тегерегинде сераптар турган, ар биринин алтыдан канаты бар, ар бири эки канаты менен бетин жаап, эки канаты менен бутун жаап, эки канаты менен учат.
3Алар биринин артынан бири: «Себайот Теңир ыйык, ыйык, ыйык! Бүт жер жүзү Анын даңкына бөлөнүп турат!» – деп жатышты.
4Алардын катуу үнүнөн дарбазалардын кашектери титиреп, үй жыпар жыттуу заттын түтүнүнө толуп кетти.
5Ошондо мен: «Кайгы мага! Өлдүм! Анткени мен оозу таза эмес адаммын, ошондой эле оозу таза эмес элдин арасында жашап жатам. Көздөрүм болсо Падыша Себайот Теңирди көрдү», – дедим.
6Ошондо мага сераптардын бири учуп келди, анын колунда курмандык чалынуучу жайдан кычкач менен алган күйүп турган чок бар эле.
7Ал чокту оозума тийгизип: «Бул чок оозуңа тийди, сенден мыйзамсыздык алынды, күнөөлөрүң тазаланды», – деди.
8Анан мен Теңирдин мындай деп айткан үнүн уктум: «Кимди жиберейин? Биз үчүн ким барат?» Ошондо мен: «Мына мен, мени жибер», – дедим.
9Ал мындай деди: «Бар, бул элге мындай деп айт: Кулагыңар менен угуп турасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр, көзүңөр менен карап турасыңар, бирок көрбөйсүңөр.
10Анткени бул элдин жүрөгүн май басып калган, кулагын жаап, көзүн жумуп алган, ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, жүрөктөрү менен түшүнүшпөйт жана айыгыш үчүн Мага кайрылышпайт».
11Ошондо мен: «Көпкө чейин ушундай болобу, Теңир?» – деп сурадым. Ал: «Шаарлар кыйрап, элсиз калганга чейин, үйлөрдө киши калбай калганга чейин, бул жер таптакыр ээн калганга чейин ушундай болот», – деп жооп берди.
12Теңир адамдарды кууп жиберет, ошондо бул жер ээн калат.
13Эгерде ал жерде элдин ондон бир бөлүгү кала турган болсо, ал да бүлгүнгө учурайт, бирок мисте дарагы менен эмен дарагы кыйылганда, алардын тамыры калгандай, ыйык урук анын тамыры болот.