1«Тур, жаркыра, Иерусалим, анткени сенин жарыгың келди, Теңирдин даңкы сенин үстүңдөн чыкты!
2Анткени мына, жерди караңгылык, элдерди коюу караңгылык каптаганы жатат. Ал эми сенин үстүңдөн Теңир жаркырайт, Анын даңкы сенин үстүңө келет.
3Ошондо сенин жарыгыңа элдер келишет, сенин үстүңдөн чыгып келе жаткан жаркыроого падышалар келишет.
4Башыңды көтөрүп, айланаңды кара: алар бардыгы чогулуп, сага келе жатышат. Алыстан уулдарың келе жатат, кыздарыңды колдоруна салып көтөрүп келе жатышат.
5Ошондо көрүп кубанасың, жүрөгүң дүкүлдөп кеңейет, анткени деңиздин байлыгы сага бурулат, элдердин энчиси сага өтөт.
6Сенин жериңди көп сандаган төөлөр, Мидиан менен Эйпанын наарлары каптайт. Алардын баары Шебадан алтын менен ладан жүктөп келип, Теңирдин даңкын жар салышат.
7Кейдардын бүт койлору сага чогулуп келет, Небайоттун кочкорлору сага кызмат кылат. Алар Менин курмандык чалынуучу жайыма Мага жаккан курмандык болуп чыгат, ошондо Мен Өзүмдүн даңкымдын үйүн даңазалайм.
8Булуттардай учуп келе жатышкан булар кимдер? Өздөрүнүн кептерканасына көгүчкөндөрдөй болуп учуп келе жатышкан булар кимдер?
9Чындыгында, Мени аралдар күтүп жатат, сенин уулдарыңды алыстан алтын-күмүшү менен кошо Кудай-Теңириңдин ысымы үчүн жана Ысрайылдын Ыйыгы үчүн алып келиш үчүн, алардын алдында Таршыш кемелери күтүп турат, анткени Ал сени даңктады.
10Ошондо чет жерликтердин уулдары сенин дубалдарыңды курушат, алардын падышалары сага кызмат кылышат, анткени Мен сени каарданып жатканымда кыйраткам, бирок сага Өзүмдүн ырайымым менен ырайым кылам.
11Сенин дарбазаң дайыма ачык турат, элдердин байлыгы сага жеткирилип турушу үчүн, алардын падышалары сага алып келинип турушу үчүн, дарбазаң күнү-түнү жабылбайт.
12Анткени сага кызмат кылгысы келбеген элдер менен падышачылыктар кырылат, андай элдер таптакыр кырылат.
13Сага Лебанондун атак-даңкы келет, Менин ыйык жайымды жасалгалаш үчүн, кипарис, чынар, кедр дарактары келет. Ошондо Мен бутум турган жерди даңктайм.
14Сени эзгендердин уулдары баштарын ийип алдыңа келишет, сени жек көргөндөрдүн баары бут алдыңа жыгылышат. Сени Теңирдин шаары, Ысрайылдын Ыйыгынын Сиону деп аташат.
15Сен ташталып, жек көрүндү болгонсуң, сен аркылуу эч ким өтпөй калган, бирок Мен сени түбөлүккө улуу кылам, кылымдан кылымга кубанычка бөлөйм.
16Сен элдердин сүтүнө тоёсуң, падышалардын эмчегин эмесиң, ошондо сен Менин Теңир экенимди, сенин Куткаруучуң жана Сактап Калуучуң экенимди, Жакыптын Күчтүүсү экенимди билесиң.
17Мен сага жездин ордуна алтын, темирдин ордуна күмүш, жыгачтын ордуна жез, таштын ордуна темир жеткирип турам. Сенин башкаруучуңдун ордуна тынчтыкты, күзөтчүңдүн ордуна чындыкты коём.
18Мындан ары сенин жериңде зордук-зомбулук деген угулбайт, сенин аймагыңда кыйратуу, талап-тоноо деген угулбайт. Дубалдарыңды куткаруучум деп, дарбазаңды атак-даңкым деп атайсың.
19Мындан ары күн сага өзүнүн күндүзгү жарыгы менен кызмат кылбайт, айдын жарыгы жарык бербейт, бирок сенин түбөлүктүү жарыгың Теңир болот, сенин даңкың Кудай болот.
20Мындан ары күнүң батпайт, айың жашынбайт, анткени Теңир сен үчүн түбөлүк жарык болот. Сенин кайгылуу күндөрүң бүтөт.
21Сенин бүт элиң адил болот, Менин колумдан чыккан, Мен отургузган бутак Мени даңкташ үчүн, жерге түбөлүккө ээ болот.
22Аздан миң, эң начардан күчтүү эл чыгат. Мен, Теңир, муну өз убагы келгенде тездетем».