1Теңирдин руху Менде, анткени Теңир Мени жакырларга жакшы кабар таратууга майлады. Мени жүрөгү кайгыргандарды айыктырууга, туткундарга эркиндик жарыя кылууга, камактагыларга толук боштондук жарыя кылууга,
2Теңирдин ырайым кыла турган жылын жарыя кылууга, Кудайыбыздын өч алчу күнүн жарыя кылууга, кыйналгандардын бардыгын сооротууга,
3Сиондогу кайгыргандарга күл ордуна жасалга, ый ордуна кубаныч майын, кайгылуу рух ордуна даңктын кийими берилерин жарыя кылууга жиберди. Аларды адилеттүүлүгү менен улуу жана Теңир Өзү даңкталыш үчүн отургузган көчөт деп аташат.
4Ошондо кылымдар бою жаткан урандыларды кайра курушат, байыркы урандыларды калыбына келтиришет, байыркы уруулардан калган, бүлүнүп-таланган шаарларды кайра курушат.
5Бөтөн жерликтер келип, силердин малыңарды багат, чет өлкөлүктөрдүн уулдары силердин дыйканыңар, жүзүмчүңөр болот.
6Силер болсо Теңирдин ыйык кызмат кылуучулары деп аталасыңар, силерди Кудайыбыздын кызматчылары деп аташат. Силер элдин энчисинен пайдаланасыңар, алардын атак-даңкы менен даңкталасыңар.
7Маскара болгонуңар үчүн, силерге эки эсе болот. Кордук көргөнүңөр үчүн, энчиңерге сүйүнөсүңөр, анткени өз жериңерде эки эсе аласыңар. Силерде түбөлүк кубаныч болот.
8«Анткени Мен, Теңир, акыйкаттыкты жакшы көрөм, талап-тоноочулук менен зордук-зомбулукту жек көрөм. Аларга чындык боюнча сыйлык берем, алар менен түбөлүк келишим түзөм.
9Ошондо алардын тукуму элдер арасында белгилүү болот, алардын укум-тукуму уруулардын арасында белгилүү болот. Аларды көргөндөрдүн баары алардын Теңирден бата алган тукум экенин таанып билишет».
10Теңир жөнүндө кубанам, Кудайым жөнүндө жаным кубанат. Анткени Ал мага куткаруу чапанын кийгизди, чындыктын кийимин кийинтти. Ал мага күйөөгө таажы кийгизгенсип таажы кийгизди, Ал мени колуктуну жасалгалар менен жасалгалагансып жасалгалады.
11Анткени жер өзүнүн өсүмдүктөрүн өстүрүп чыгаргандай, бак себилген уруктарды өндүргөндөй, Кудай-Теңир да бардык элдердин алдында акыйкаттык менен даңкты көрсөтөт.