Ышайа 62:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Сион үчүн унчукпай калбайм, Иерусалим үчүн басылып калбайм, анын чындыгы жарык сыяктуу чыкмайынча, анын куткарылуусу күйүп турган чырактан сыяктуу болмоюнча, унчукпай калбайм, басылып калбайм.

2Ошондо элдер сенин чындыгыңды, бүт падышалар сенин даңкыңды көрүшөт. Сени Теңирдин оозунан чыккан жаңы ысым менен аташат.

3Сен Теңирдин колунда даңктын таажысы болосуң, Кудайыңдын алаканында падышанын таажысы болосуң.

4Мындан ары сени «Кудай таштап кеткен эл» деп аташпайт, сенин жериңди «чөл» деп аташпайт. Сени «Ал – Теңирдин ырайымына ээ болгон эл» деп, жериңди болсо «Күйөөсү бар» деп аташат, анткени Теңир сага ырайым кылат, жериң никелешип кошулат.

5Жигит кыз менен никелешкендей, уулдарың сени менен никелешет. Күйөө колуктусуна кубангандай, Кудайың сага кубанат.

6«Иерусалим, Мен сенин дубалдарыңа күнү-түнү үнү басылбаган сакчыларды койдум». Оо, силер, Теңир жөнүндө эске салып тургандар, үнүңөр басылбасын!

7Теңир Иерусалимди калыбына келтирмейинче, Иерусалимди жер жүзүндө даңктуу кылмайынча, Анын алдында үнүңөр басылбасын!

8Теңир Өзүнүн оң колу менен, Өзүнүн күчтүү каруу-булчуңу менен ант берди: «Мындан ары душмандарыңа эгиниңди жем кылбайм, жат элдин уулдары сенин мээнеттенип тапкан шарабыңдан ичпейт.

9Бирок эгин жыйнагандар нан жеп, Теңирди даңкташат. Жүзүм тергендер Менин ыйык жайымдын короосунда шарап ичишет».

10Өткүлө, дарбаза аркылуу өткүлө, элге жол даярдагыла! Тегиздегиле, жолду тегиздегиле, таштарды алып салгыла, элдер үчүн туу көтөргүлө!

11Теңир жер кыйырына чейин жар салып жатат: «Сиондун кызына: “Сенин Куткаруучуң келе жатат. Анын сыйлыгы Өзү менен, Анын жазасы Өзүнүн алдында”, – деп айткыла».

12Аларды ыйык эл, Теңирдин куткарылган эли деп аташат. Сени болсо табылган, ташталбаган шаар деп аташат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>