1Эдомдон келе жаткан бул ким? Ботсрадан кызыл чапанчан келе жаткан бул ким? Өзүнүн кийими менен ушунчалык улуу көрүнгөн, Өзүнүн толук күч-кубаты менен чыгып келе жаткан бул ким? «Ал Менмин. Мен чындыкты айтам, куткаруу үчүн күчтүүмүн».
2Анда эмне үчүн Сенин кийимиң кызыл? Эмне үчүн чапаның жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелеп жаткандын чапанындай?
3«Мен жүзүм сыгылуучу жайда жалгыз тебеледим, элдердин ичинен Мени менен эч ким болгон жок. Мен аларды ачууланып жатканымда тебеледим, каарданып жатканымда тепселедим. Алардын каны Менин чапаныма чачырады, ошондуктан Мен бүт кийимимди булгап алдым.
4Анткени өч алуу күнүм Менин жүрөгүмдө. Менин элимдин куткарылуу жылы келди.
5Мен карап турдум, бирок жардамчы болгон жок. Мени колдоого эч ким чыкпаганына таң калдым, бирок Мага Өзүмдүн каруу-булчуңум жардам берди, Мени Өзүмдүн каарым колдоду.
6Мен элдерди ачууланып жатканымда тебеледим, аларды каарданып жатканымда кыйраттым, алардын канын жерге төктүм».
7Мен Теңирдин ырайымын жана даңкын, Анын биз үчүн жасаган бардык ишин, Өзүнүн боорукердиги менен, өтө берешендиги менен Ысрайыл тукумуна көрсөткөн зор мээримин эсимден чыгарбайм.
8Ал: «Чындыгында эле, алар Менин элим, чындыгында эле, алар Менин калп айтпаган балдарым», – деди. Ошондуктан Теңир алардын Куткаруучусу болду.
9Алардын башына ар кандай кыйынчылык түшкөндө, Теңир аларды таштаган жок, аларды Анын жүзүнүн периштеси куткарып турду. Теңир аларды Өзүнүн сүйүүсү, ырайымдуулугу менен куткарып алды. Аларды байыркы күндөрдөн бери көтөрүп жүрдү.
10Бирок алар баш ийбей, Анын Ыйык Рухун капа кылышты. Ошондуктан Ал алардын душманына айланды, аларга каршы Өзү согушту.
11Ошондо Анын эли Мусанын учурундагы байыркы күндөрдү мындай деп эске түшүрдү: Аларды Өзүнүн койлорунун койчусу менен деңизден алып чыккан Теңир кана? Анын жүрөгүнө Өзүнүн Ыйык Рухун салган Теңир кана?
12Ал Өзүнүн улуу каруу-булчуңу менен Мусаны оң колунан кармап алып жүргөн, Ал Өзүнүн ысымын түбөлүктүү кылыш үчүн, алардын алдында сууларды экиге бөлгөн.
13Талаадан аттарды алып өткөнсүп, Теңир аларды түпкүр аркылуу алып өткөн, алар мүдүрүлүп жыгылышкан эмес.
14Мал өрөөнгө түшкөн сыяктуу, Теңирдин Руху аларды тынчтыкка алып келген. Өзүнүн ысымын даңктуу кылыш үчүн, Сен Өзүңдүн элиңди ушинтип алып жүрдүң.
15Асмандан көз сал, Өзүңдүн даңктуу жана ыйык жайыңдан кара: Сенин кызганчаактыгың кайда? Сенин зор кудуретиң кайда? Сенин мага болгон мээримиң жана ырайымың кармалып турат.
16Биздин атабыз бир гана Сенсиң, анткени Ыбрайым бизди билбейт, Ысрайыл бизди өзүмдүкү деп эсептебейт. Сен, Теңир, биздин Атабызсың, кылымдардан бери Сенин ысымың – «Биздин Куткаруучу».
17Теңир, эмне үчүн Сен бизге Өз жолдоруңдан адашып кетүүгө жол бердиң? Сенден коркпош үчүн, биздин жүрөгүбүздүн таш болуп катып калуусуна эмне үчүн жол бердиң? Өз кулдарың үчүн, Өз мурасыңдын уруулары үчүн, бизге кайрылып кел.
18Өзүңдүн ыйык элиң өзүнүн жерин аз эле убакыт ээлеп турду. Биздин душмандарыбыз Сенин ыйык жайыңды тебелеп-тепсешти.
19Биз Өзүң эч качан бийлик кылбаган, Сенин атың менен аталбаган элдей болуп калдык.