Ышайа 64:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Оо, эгерде Сен асманды жарып түшүп келсең, Сенин жүзүңдөн тоолор эрип кетмек.

2Сенин ысымыңды душмандарыңа белгилүү кылыш үчүн, алар эритүүчү оттон эригендей, сууну кайнаткан оттон эригендей эримек. Сенин жүзүңдөн бардык элдер титиреп кетмек.

3Сен биз күтпөгөн коркунучтуу иштерди кылганыңда жана асмандан түшүп келгениңде, Сенин жүзүңдөн тоолор эриди.

4Анткени Теңирден үмүт кылгандар үчүн ушунчалык көп иштерди жасаган Сенден башка Кудайды кылымдардын башталышынан бери эч бир кулак уккан эмес, эч бир көз көргөн эмес.

5Кубанган адамды, адилеттикти жараткан адамды, Сенин жолдоруңда Сени унутпаган адамды Сен мээримдүүлүк менен тосуп алып турдуң. Бирок мына, Сен каардандың, анткени биз эзелтеден бери күнөө кылып келе жатабыз. Анан биз кантип куткарылабыз?

6Биз баарыбыз таза эместей болуп калдык, биздин болгон адилеттигибиз булганган кийимдей. Баарыбыз жалбырактай болуп соолуп калдык, мыйзамсыздыктарыбыз бизди шамалдай учуруп жатат.

7Сенин ысымыңды чакырган, Сенден таптакыр кетпөөнү жүрөгүндө чечкен адам жок. Ошондуктан Сен бизден Өз жүзүңдү жашырдың, өз мыйзамсыздыктарыбыздын айынан жок болушубузга жол бердиң.

8Бирок азыр, Теңир, Сен биздин Атабызсың. Биз топуракпыз, Сен болсо биздин Жаратуучубузсуң, биз баарыбыз Сенин колуңдун ишибиз.

9Теңир, ченемсиз каарданба, мыйзамсыздыкты түбөлүккө эскере бербе. Бизге көз сал, биз баарыбыз Сенин элиңбиз.

10Сенин ыйык шаарларың чөлгө айланды. Сион чөл болуп калды. Иерусалим ээн калды.

11Ата-бабаларыбыз Сени даңазалаган, ыйык, даңкка толгон үйүбүз өрттөлдү, бардык асыл буюмдарыбыз таланып-тонолду.

12Теңир, Сен ушундан кийин да карманып тура бересиңби? Унчукпай, бизди ченемсиз жазалай бересиңби?

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>