1«Мен Мени сурабагандарга ачылдым. Мени издебегендер Мени табышты. Менин ысымым менен аталбаган элге: “Мына Мен! Мына Мен!” – дедим.
2Мен баш ийбеген, жаман жол менен жүргөн, өз ойлору менен жүргөн элге,
3токойлордо курмандык чалып, кыш үстүндө жыпар жыттуу зат түтөтүп, Мени дайыма ачууланткан,
4мүрзөлөрдө отурган, үңкүрлөрдө түнөгөн, чочконун этин жеген, идиштерине жийиркеничтүү тамак бышырган элге бир күн бою колумду сунуп турдум.
5Ал эл: “Токто, мага жакындаба, анткени мен сенден ыйыкмын”, – дейт. Ал эл – Менин таноом үчүн түтүн, бир күн бою күйүп турган от.
6Менин алдымда мына мындай деп жазылган: Унчукпай калбайм, жазалайм, аларды мыйзамсыздыгына жараша жеткире жазалайм.
7Силерди мыйзамсыздыктарыңар үчүн, – дейт Теңир, – тоолордо жыпар жыттуу зат түтөтүп, адырларда Мени шылдыңдаган ата-бабаларыңардын мыйзамсыздыгы үчүн жазалайм. Аларды мурунку иштерине жараша жеткире жазалайм».
8Теңир мындай дейт: «Жүзүмдүн шиңгили ширелүү болуп турганда: “Ага зыян кылба, анткени ал бата алган”, – дешет. Ошол сыңары, бардыгын өлтүрбөш үчүн, Мен Өзүмдүн кулдарым үчүн ушундай кылам.
9Жакыптан тукум чыгарам, Жүйүттөн Менин тоолорума мурасчы чыгарам: Менин тандалган адамдарым ал жерди ээлеп алышат, Менин кулдарым ал жерде жашап калышат.
10Шарон койлор үчүн жайыт болот, Акор өрөөнү Мени издеген Өз элимдин өгүздөрүнө жата турган жай болот.
11Ал эми Теңирди таштаган, Менин ыйык тоомду унуткан, Гат үчүн дасторкон даярдаган, Мени үчүн чөйчөк толо шарап куйган силерди болсо
12Мен кылычка салып берем, баарыңар мууздалууга тизе бүгүп бересиңер, анткени Мен чакырганда, силер жооп берген жоксуңар, Мен сүйлөгөндө, силер укпай койдуңар, тескерисинче, Менин көз алдымда жамандык кылдыңар, Мага жакпаган нерсени тандап алдыңар».
13Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Менин кулдарым жешет, силер болсо ачка болосуңар. Менин кулдарым ичишет, силер болсо суусайсыңар.
14Менин кулдарым кубанышат, силер болсо уятка каласыңар. Менин кулдарым жүрөктөрүнүн кубанганынан ырдашат, силер болсо жүрөгүңөрдүн кайгысынан кыйкырасыңар, рухуңардын кыйналганынан боздоп ыйлайсыңар.
15Өзүңөрдүн ысымыңарды Менин тандап алган адамдарым үчүн каргышка калтырасыңар. Сени Кудай-Теңир өлтүрөт, Өзүнүн кулдарын болсо башка ысым менен атайт.
16Ал ысым менен ким өзүнө жер үстүндө бата берсе, ал чындыктын Кудайынан бата алат. Ким жер үстүндө ант берсе, ал чындыктын Кудайы менен ант берет, анткени мурунку кайгылар унутулат жана Менин көз алдымдан жок болуп кетет.
17Анткени мына, Мен жаңы асманды жана жаңы жерди жаратып жатам, мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт.
18Силер болсо Мен жаратканга кылымдар бою кубанып, шаттанасыңар: анткени мына, Мен Иерусалимди шаттык менен жаратып жатам, анын элин кубаныч менен жаратып жатам.
19Мен Иерусалимге кубанам, Өз элиме сүйүнөм. Эми анын ичинде ыйдын үнү, боздогон үн угулбайт.
20Ал жерде эми жетер жашына жетпеген ымыркай бала же кары адам болбойт, анткени жүз жаштагы адам жаш бойдон өлөт, бирок жүз жаштагы күнөөкөр каргышка калат.
21Жаңы үйлөрдү куруп, ошол үйлөрдө жашашат, жүзүмзарларды отургузуп, мөмөлөрүн жешет.
22Алар башка бирөө жашаш үчүн үй курушпайт, башка бирөө жеш үчүн жүзүмзар отургузушпайт, анткени Менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот. Мен тандап алган адамдар өз эмгегинин үзүрүн көпкө чейин көрүшөт.
23Алар текке эмгектенбейт, балдарын кайгы үчүн төрөбөйт, анткени алар Теңирдин батасын алган тукум болот, алардын укум-тукуму өздөрү менен бирге болот.
24Алар чакырардан мурун эле, Мен жооп берем. Алар сүйлөп жатканда эле, Мен угам.
25Карышкыр менен козу бирге жайылат, арстан өгүздөй болуп саман жейт, ал эми жыландын тамагы топурак болот. Алар Менин ыйык тоомдун эч бир жерине зыян келтирбейт, жамандык кылбайт», – дейт Теңир.