Ышайа 66:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Теңир мындай дейт: «Асман Менин тагым, жер болсо – буттарымды коё турган жер. Анан силер Мага кайсы жерге үй курасыңар? Менин эс ала турган жайым кайсы жерде болот?

2Анткени мунун баарын Менин колум жасады, мунун баары болду, – дейт Теңир. Бирок мен мындай адамга: моюн сунган, руху менен кайгырган, Менин сөзүмдүн алдында титиреп турган адамга көз кырымды салам.

3Өгүздү сойгон адам киши өлтүргөн адамга барабар. Козуну курмандыкка чалган адам итти муунткан адамга барабар. Нан курмандыгын алып келген адам чочконун канын алып келген адамга барабар. Жыпар жыттуу зат түтөткөн адам бурканга сыйынган адамга барабар. Алар өз жолдорун тандап алышты, алардын жаны өздөрүнүн жийиркеничтүү нерселеринен ыракат алат.

4Ошондуктан Мен алардын азгыруучу нерселерин пайдаланам, аларга коркунучтуу нерсени каптатам, анткени Мен чакырганда, эч ким жооп берген жок, Мен сүйлөгөндө, алар укпай коюшкан. Тескерисинче, алар Менин көз алдымда жамандык кылышты, Мага жакпаган нерсени тандап алышты».

5Теңирдин сөзүнүн алдында титиреп тургандар, Анын сөзүнө кулак салгыла: «Менин ысымым үчүн силерди жек көргөн, силерди куугунтукка алган силердин бир туугандарыңар: “Теңир Өз даңкы менен Өзүн көрсөтсүн, ошондо биз силердин кубанганыңарды көрөбүз”, – дешет. Бирок алар уятка калышат».

6Мына, шаардан ызы-чуу чыгып жатат, ийбадатканадан бир үн чыгып жатат. Ал үн – Өз душмандарынын жазасын берип жаткан Теңирдин үнү.

7Толгоо тартпай туруп эле төрөп койду, толгоосу келе электе эле уул төрөдү.

8Мындайды ким укту эле? Мындайды ким көрдү эле? Бир күндө пайда болгон өлкө барбы? Бир заматта жаралган эл барбы? Сион сыяктуу толгоосу тартып-тартпай эле уул төрөгөн барбы?

9«Ай-күнүнө жеткирип, төрөтпөй коймок белем? – дейт Теңир. Же болбосо төрөгөнгө күч берип туруп, курсакты бекитип коймок белем?» – дейт сенин Кудайың.

10Иерусалим менен кошо кубангыла, аны сүйгөндөрдүн баары, ага сүйүнгүлө! Ал жөнүндө кайгыргандардын баары, аны менен кошо кубангыла!

11Ошондо анын сооротуучу төшүнөн тамактанып тоёсуңар, анын ашып-ташыган даңкынан тоё ичип ыракаттанасыңар.

12Анткени Теңир мындай дейт: «Мына, Мен ага тынчтыкты дарыядай агызып жатам, силердин жыргалчылыгыңар үчүн элдердин байлыгын ташкындаган суудай агызып жатам. Силерди колдоруна көтөрүп жүрүшөт, тизелерине алып эркелетишет.

13Мен силерди энеси баласын соороткондой сооротом. Силер Иерусалимде соороносуңар.

14Ошондо муну көрүп, жүрөгүңөр кубанат, сөөгүңөр жаш өсүмдүктөй гүлдөйт». Теңирдин колу Өзүнүн кулдарына ачылат, Өз душмандарына болсо каарданат.

15Анткени Теңир Өзүнүн ачуусун каары менен, Өзүнүн каарын жалындаган от менен төгүш үчүн, от ичинде келет, Анын арабалары куюндай болуп келет.

16Анткени Теңир ар бир адамды Өзүнүн кылычы жана оту менен жазалайт, Теңир өлтүргөндөр көп болот.

17«Ал эми токойчолорго барып табыныш үчүн өздөрүн тазалап, ыйыктагандар, биринин артынан бири чочконун этин, жийиркеничтүү нерселерди жана чычкандарды жегендердин баары кырылат, – дейт Теңир.

18Анткени Мен алардын иштерин жана ойлорун билем. Мен бардык элдерди, ар кандай тилде сүйлөгөн элдерди чогултуш үчүн келем. Алар келип, Менин даңкымды көрүшөт.

19Ошондо алардын үстүнө белги коём, алардын ичинен куткарылгандарды элдерге жиберем: Таршышка, Пулга, Лутка, жаа тарткандарга, Тубалга, Жабанга, Мен тууралуу укпаган жана Менин даңкымды көрбөгөн алыскы аралдагыларга жиберем. Алар Менин даңкымды бардык элдерге жарыя кылышат.

20Ысрайыл уулдары Теңирдин үйүнө таза идишке салып тартуу алып келген сыяктуу, бардык элдердин арасынан бүт бир туугандарыңарды алып, аттарга мингизип, арабаларга түшүрүп, замбилдерге салып, качырларга жана күлүк төөлөргө мингизип, Теңирге тартуу катарында Иерусалимдеги Менин ыйык тоомо алып келишет, – дейт Теңир.

21Ошондой эле алардын арасынан ыйык кызмат кылуучу жана леби кылып алам, – дейт Теңир.

22Анткени Мен жарата турган жаңы асман жана жаңы жер дайыма Менин алдымда тургандай эле, – дейт Теңир, – силердин тукумуңар да, ысымыңар да дайыма Менин алдымда турат.

23Ошондо ай сайын, ишемби сайын ар бир адам Менин алдыма таазим кылууга келип турат, – дейт Теңир.

24Сыртка чыгып, Менден баш тарткан адамдардын өлүктөрүн көрүшөт, анткени алардын курту өлбөйт, алардын оту өчпөйт. Алар ар бир адам үчүн жийиркеничтүү болот».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>