Ышайа 9:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Мурунку мезгилде Забулун жери менен Напталы жери басынтылган. Бирок кийинки мезгилде деңиз жээктеп кеткен жол, Иордандын аркы өйүзүндөгү өлкө, бутпарас эл жашаган Галилея көтөрүлөт.

2Караңгыда жүргөн эл улуу жарыкты көрөт. Өлүм көлөкөсү өкүм сүргөн өлкөдө жашагандардын үстүнө жарык жаркырайт.

3Сен элди көбөйтөсүң, кубанычын арттырасың, ал эл оруу-жыюу учурунда кубангандай, олжо бөлүшкөндө сүйүнгөндөй, Сенин алдыңда кубанат.

4Анткени Сен аны эзген моюнтурукту, аны урган таякты, анын эзүүчүсүнүн камчысын Мидианды талкалагандай талкалайсың.

5Анткени жоокердин согуш учурунда кийген бут кийими менен үстүндөгү канга чыланган кийими отко ыргытылып өрттөлөт.

6Анткени бизге наристе төрөлдү, бизге Уул берилди. Бийлик кылуу Анын ийнинде, Ага: Кереметтүү, Кеңешчи, Күчтүү Кудай, Түбөлүктүн Атасы, Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат.

7Ал Өзүнүн падышачылыгын адилеттик менен, чындык менен бүгүнкү күндөн тартып түбөлүккө бекитиши жана бекемдеши үчүн, Дөөттүн тагында жана анын падышачылыгында Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат.

8Теңир Жакыпка каршы сөз жиберди, ал сөз Ысрайылга түшөт.

9Бул жөнүндө бүт эл, Эпрайым жана Самариянын тургундары билип калышат, алар текебердүүлүк менен, менменсинген жүрөк менен минтип айтып жатышат:

10«Кыштар кулап калды, бирок биз жылмаланган таштардан тургузабыз. Тыт дарактары кыйылып калды, бирок биз аларды кедр дарактарына алмаштырабыз».

11Бирок Теңир ага каршы Ретсиндин душмандарын көтөрөт, анын жоолорун куралдандырат:

12чыгыштан сириялыктарды, батыштан пелиштиликтерди көтөрөт, алар Ысрайылды ач көздүк менен жешет. Ошондо да Теңирдин каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

13Бирок эл өзүн Уруп Жатканга кайрылбай жатат, Теңир Себайотту издебей жатат.

14Ошон үчүн Теңир Ысрайылдын башы менен куйругун, пальма менен камышты бир күндө кесет:

15аксакал менен атактуу адам – башы, ал эми жалган пайгамбар – куйругу.

16Бул элдин жол башчылары аны тескери жолго салышат, алардын жетегинде жүргөндөр кыйрашат.

17Ошондуктан анын жаш уландарына Теңир кубанбайт, алардын жетимдерине да, жесирлерине да ырайым кылбайт, анткени алардын баары – эки жүздүү жана кылмышкер, бардыгы жийиркеничтүү сөздөрдү сүйлөшөт. Ошондо да Анын каары басылбайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

18Анткени мыйзамсыздык оттой жалындап күйүп, коко тикенди да, тикенектүү бадалды да жалмап жатат, чытырман токойдо от алоолонуп, уюлгуган түтүн асманга көтөрүлүп жатат.

19Себайот Теңирдин каары жерди куйкалайт, эл отко жем болот. Адам өз бир тууганын аябайт.

20Алар оң тарабындагысын да жутушат, бирок ачка бойдон калышат, сол тарабындагысын да жешет, бирок тоюшпайт. Ар кимиси өз булчуң этин жейт.

21Менаше Эпрайымды жейт, Эпрайым Менашени жейт, экөө биригип Жүйүттү жейт. Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>