Эврейлерге 1:1-14 KYB2004 - Bible AI

1Буга чейин ата-бабаларыбызга пайгамбарлар аркылуу ар кандай жолдор менен сүйлөп келген Кудай

2акыркы күндөрдө бизге Уулу аркылуу сүйлөдү. Ал аркылуу Кудай ааламды жараткан жана Аны баарына мураскор кылып дайындаган.

3Уул Теңирдин даңкын чагылдырып турат, Ал – Анын табиятынын толук көчүрмөсү. Ал Өз Сөзүнүн күчү менен бардык нерсени кармап турат. Күнөөлөрдөн тазалоону ишке ашыргандан кийин, Ал асмандагы улуу Кудайдын оң жагына отурду.

4Периштелерден Ал канчалык жогору болсо, алардын алдында Анын мураска алган ысымы да ошончолук жогору.

5Кудай периштелердин кимисине: «Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум» же «Мен Ага Ата болом, Ал Менин Уулум болот», – деп айтты эле?

6Тун Уулун дүйнөгө кайра дагы алып киргенде, Ал мындай дейт: «Кудайдын бардык периштелери Ага табынышсын».

7Периштелер жөнүндө Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «Сен Өзүңдүн периштелериңди шамал, кызматчыларыңды жалындаган от кыласың».

8Ал эми Уул жөнүндө мындай деп айтылган: «Оо, Кудай, Сенин тактың түбөлүктүү, Сенин Падышачылыгыңдын таягы – адилеттик таягы.

9Сен чындыкты сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң. Мына ошон үчүн Кудай, Сенин Кудайың, жолдошторуңа караганда Сени кубаныч майы менен көбүрөөк майлаган.

10Сен, Теңир, адегенде жерди негиздегенсиң, асманды да Сенин колдоруң жараткан.

11Алар жок болушат, Сен болсо түбөлүк жашайсың. Алардын баары чапандай эскирет.

12Сен аларды жабуудай түрөсүң, кийимдей алмаштырасың, алар өзгөрөт. Бирок Сен ошол бойдонсуң, Сенин жылдарыңдын аягы жок».

13Кудай периштелердин кимисине: «Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенге чейин, Менин оң жагыма отур», – деп айтты эле?

14Периштелердин баары куткарылууну мураска алчуларга кызмат кылуу үчүн, Теңир тарабынан жиберилген кызмат кылуучу рухтар гана эмеспи?

e>