1Мыйзам – келечектеги жакшылыктардын бейнеси эмес, көлөкөсү гана. Ошондуктан ал жыл сайын Кудайга ошол эле курмандыктарды алып келгендерди эч качан жеткилең кыла албайт.
2Эгерде ошондой болсо адамдар Кудайга курмандык алып келүүнү токтотуп коюшмак, анткени бир жолу курмандык алып келүү менен биротоло тазаланып калышса, анда алар өздөрүнүн күнөөлөрүн сезишмек эмес.
3Бирок жыл сайын алып келинген курмандыктар күнөөнү эске салып турат.
4Анткени торпоктордун жана кочкорлордун каны күнөөлөрдү жок кыла албайт.
5Ошондуктан Машайак бул дүйнөгө келгенде, мындай деген эле: «Сен курмандыктарды, тартууларды каалаган жоксуң, бирок Сен Мага дене даярдап койдуң.
6Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен күнөө үчүн чалынуучу курмандыктар Сага жакпайт.
7Ошондо Мен мындай дедим: “Мына, түрмөк китепте Мен жөнүндө жазылгандай, Мен Сенин эркиңди аткаруу үчүн бара жатам, Кудайым”».
8Машайак адегенде: «Курмандыктарды, тартууларды, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана күнөө үчүн чалынуучу курмандыктарды Сен каалаган жоксуң, аларга ыраазы болгон жоксуң», – деди. Булар болсо мыйзам боюнча алынып келинүүчү курмандыктар эле.
9Андан кийин мындай деп кошумчалады: «Мына, Мен Сенин эркиңди аткаруу үчүн бара жатам, Кудайым». Экинчисин күчүнө киргизүү үчүн, биринчисин алып таштайт.
10Биз Кудайдын ушул эрки боюнча Ыйса Машайактын бир ирет курмандыкка алып келген денеси аркылуу ыйыкталдык.
11Ар бир ыйык кызмат кылуучу ошол эле курмандыктарды кайра-кайра алып келип, күн сайын кызматта турат. Бирок ал курмандыктар күнөөлөрдү жок кыла албайт.
12Ал эми Машайак күнөөлөр үчүн бир гана курмандык алып келип, түбөлүккө Кудайдын оң жагына отурду.
13Ал бардык душмандарынын Өзүнүн бут алдына жыгылышын күтүп жатат.
14Анткени Ал ыйыкталып жаткандарды бир ирет курмандык алып келүү аркылуу түбөлүккө жеткилең кылды.
15Ыйык Рух да бизге бул жөнүндө күбөлөндүрөт. Анткени Ыйык Жазууда мындай деп айтылган:
16«Ошол күндөрдөн кийин алар менен түзө турган келишимим бул, – дейт Теңир, – мыйзамдарымды алардын жүрөктөрүнө салам, акылдарына жазам.
17Ошондон кийин алардын күнөөлөрү менен мыйзамсыздыктарын эстебейм».
18Ал эми күнөөлөр кечирилгенден кийин, күнөө үчүн курмандык алып келүүнүн кереги жок.
19Ошентип, бир туугандар, ыйык жайга Ыйса Машайактын каны аркылуу, жаңы жана тирүү жол менен кирүүгө укугубуз бар,
20бул жолду Ал бизге көшөгө аркылуу, башкача айтканда, Өзүнүн денеси аркылуу ачты.
21Кудай үйүн башкарган улуу Ыйык кызмат кылуучубуз бар,
22ошондуктан жүрөгүбүздү булганган абийирден кан чачуу менен тазалап, денебизди таза сууга жууп, Кудайга таза жүрөк жана бекем ишеним менен жакындайлы.
23Өзүбүз жарыялаган үмүттү бекем сактайлы, анткени убада берген Кудай ишенимдүү.
24Бири-бирибизге көңүл бөлүп, бири-бирибизди сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөйлү.
25Чогулушка барбоону адатка айландырып алган кээ бирөөлөргө окшоп, чогулуштарыбызды калтырбайлы. Ал Күндүн жакындап калганын билгендиктен, бири-бирибизди сергек болууга чакыралы.
26Эгерде биз чындыкты билип туруп, атайлап күнөө кылсак, анда күнөөлөр үчүн чалына турган башка курмандык жок.
27Тескерисинче, сотту жана каршы чыккандарды жеп жутууга даяр турган жалындаган отту коркунуч менен күтүү гана калат.
28Мусанын мыйзамын бузган адам эки же үч күбөнүн көзүнчө ырайымсыздык менен өлүм жазасына тартылган болсо,
29Кудайдын Уулун жана өзүн ыйыктаган, келишимди бекиткен Канды тебелеп-тепсеп, аны ыйык нерсе катары тутпаган, ырайым Рухун кордогон адам канчалык оор жазага тартылат деп ойлойсуңар?
30Анткени: «Өчтү Мен алам, тиешесин Мен берем» жана дагы «Теңир Өзүнүн элин соттойт», – деп айткан Аны билебиз.
31Тирүү Кудайдын колуна түшүү өтө коркунучтуу!
32Силер өзүңөрдүн мурунку күндөрүңөрдү эстегилечи: чындыкты билгенден кийин, азаптуу күрөшкө чыдадыңар.
33Бирде көпчүлүктүн алдында кордолуп азап тарттыңар, бирде ушундай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткандардын кайгысына ортоктош болдуңар.
34Туткунга алынгандардын да кайгысына ортоктош болдуңар, мал-мүлкүңөрдү талап-тоноп кетишкенде, кайгырган жоксуңар. Анткени асманда андан жакшы, түбөлүктүү байлыгыңар бар экенин билчүсүңөр.
35Ошондуктан кайратыңардан жазбагыла, анткени ал үчүн чоң сыйлык бар.
36Кудайдын каалоосун аткарып, Анын убадалаганын алуу үчүн, силерге чыдамкайлык керек.
37Анткени аз калды, абдан аз калды. Келе турган келет, кечикпестен келет.
38«Адил адам ишеними менен тирүү болот, ал эми олку-солку болгон адамга Менин жаным ыраазы болбойт».
39Биз болсо жок болуу үчүн артка кетенчиктегендерден эмеспиз, тескерисинче, жаныбыздын куткарылышы үчүн ишенгендерденбиз.