1Ишеним – бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү.
2Ушундай ишеними үчүн байыркылар жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болушкан.
3Аалам Кудайдын сөзү менен жаратылганын ишеним аркылуу таанып билебиз. Демек, көрүнбөгөн нерседен көрүнгөн нерсе жаралган.
4Ишеним менен Абыл Кудайга Кабылдыкынан жакшы курмандык алып келген. Ишеними аркылуу анын адил деп табылгандыгы жөнүндө жана анын тартуулары жөнүндө Кудай күбөлөндүргөн. Ишеними менен ал азыркыга чейин сүйлөп жатат.
5Ишенгендиги үчүн Энох асманга алынды, ал өлгөн жок. Аны таппай калышты, анткени аны Кудай алып кетти. Алынып кетерден мурун ал Кудайга жаккандыгы жөнүндөгү күбөлөндүрүүгө ээ болгон эле.
6Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес: Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек.
7Ишеними аркылуу Нух пайгамбар али көрүнө элек нерсе жөнүндө аян алып, өз үй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн, Кудайдан коркуу менен кеме курган. Өз ишеними менен ал бүткүл дүйнөнү айыптады, ишенимдин негизинде адилеттиктин мурасчысы болду.
8Ишеними аркылуу Ыбрайым мураска ала турган өлкөгө кетүү жөнүндөгү чакырыкка баш ийип, кайда барарын билбесе да, жолго чыккан.
9Ишеними аркылуу ал убадаланган жерге келгин сыяктуу отурукташып, ошол эле убаданын мурасчылары болгон Ыскак жана Жакып менен чатырда жашаган.
10Анткени ал архитектору жана куруучусу Кудай болгон, пайдубалы бекем шаарды күтүп жүргөн эле.
11Саара төрөбөс болгонуна, жашы өтүп калганына карабай, ишеними аркылуу кош бойлуу болууга Кудайдан күч алган, анткени убада берген Кудайдын ишенимдүү экенин билген.
12Ошентип, бир адамдан, анан калса, карып калган адамдан асмандагы жылдыздардай сансыз, деңиз кумундай көп урпак тарады.
13Булардын баары ишенип жүрүп өлүшкөн, убадаланганды алышкан эмес, бирок аны алыстан гана көрүп кубанышкан, алар өздөрүн бул дүйнөдө келгинбиз жана жолоочубуз деп эсептешкен.
14Алардын бул айтканы чыныгы мекенин эңсеп жүргөндүктөрүн билдирет.
15Өздөрүнүн чыккан жерин өз мекенибиз деп эсептешсе, анда ал жерге кайтууга убакыт табышмак.
16Бирок алар андан жакшысына, башкача айтканда, асмандагыга умтулушкан. Ошондуктан Кудай алардын Кудайымын дегенден уялбайт. Кудай алар үчүн шаар даярдап койгон.
17Ыбрайым сыналганда, ишеними аркылуу Ыскакты Кудайга курмандык катары алып келди. Убада алганына карабастан, жалгыз уулун курмандыкка чалуу үчүн алып келди.
18Бирок ага уулу жөнүндө: «Сенин тукумуң Ыскактан тарайт», – деп айтылган эле.
19Анткени ал: «Өлгөндөрдү тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетет», – деп ойлоду, ошондуктан келечектеги тирилүүнүн белгиси катары уулун кайра алды.
20Келечекке болгон ишеним менен Ыскак Жакып менен Эйсапка батасын берген.
21Жакып өлөр алдында, ишеними аркылуу Жусуптун эки уулуна батасын берген, таягына сүйөнө туруп, Кудайга табынган.
22Жусуп өлөр алдында, Ысрайыл уулдарынын Мисирден чыгары жөнүндө ишеним менен айтып, өзүнүн сөөгүн алып кетүүнү осуят кылган.
23Муса төрөлгөндө, анын жакшынакай экенин көргөн ата-энеси аны ишеним менен үч ай бою жашырган. Алар падышанын буйругунан коркушкан эмес.
24Муса эр жеткенде, ишеними аркылуу фараондун кызынын баласы деп аталуудан баш тарткан.
25Ал күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгынан Кудайдын эли менен кошо азап чегүүнү артык көргөн.
26Машайак үчүн кордук көрүүнү ал Мисирдин байлыгынан артык байлык эсептеген, себеби келечектеги сыйлыкты караган.
27Ал падышанын каарынан коркпостон, ишеним менен Мисир жеринен кетип калган. Анткени ал көрүнбөгөн Кудайды көрүп тургансып, бекем эле.
28Тун уулдарды өлтүргөн периште ысрайылдыктарга тийбесин деп, Муса ишеним менен Пасах курмандыгын союп, кашектерге кан сүрткөн.
29Ишеним аркылуу ысрайылдыктар Кызыл деңизден кургак жерден өткөндөй өтүшкөн. Аларды туураган мисирликтер болсо чөгүп өлүшкөн.
30Ысрайылдыктар Жерихо шаарынын дубалдарын жети күн айланып чыгышканда, ишенимдери аркылуу Жерихо дубалдары кулаган.
31Чалгынчыларды тынчтык менен кабыл алган сойку аял Рахап ишенгендиги үчүн моюн сунбагандар менен бирге өлгөн эмес.
32Дагы эмнени айтайын? Гидон, Барак, Шимшон, Иптах, Дөөт, Шемуел жана башка пайгамбарлар жөнүндө айтууга убакыт да жетпейт.
33Алар ишенимдери менен падышачылыктарды жеңишкен, адилеттикти орнотушкан, убадаланганды алышкан, арстандардын азуусунан аман калышкан.
34Жалындаган өрттү өчүрүшкөн, жалаңдаган кылычтан аман калышкан, алсыраганда бекемделишкен, согушта тайманбас болушкан, бөтөн аскерлерди кууп чыгышкан.
35Аялдар өлгөн адамдарынын тирилгенин көрүшкөн. Кээ бирөөлөрдү кыйнашканда, эң жакшы тирилүүгө жетүү үчүн, эркиндикке чыгуудан баш тартышкан.
36Кээ бирөөлөр кордук көрүшкөн, таяк жешкен, кишенделишкен, түрмөгө камалышкан.
37Кээ бирөөлөрдү ишенгендиги үчүн таш бараңга алышкан, араалашкан, кыйнашкан, кылычтап өлтүрүшкөн; кээ бирөөлөр кой-эчкинин терисин жамынып, тентип күн өткөрүшкөн, жокчулуктун каарын тартышкан, кысымга алынышкан, азап тартышкан.
38Алар бул дүйнөнүн бүт адамдарынан жогору эле. Бирок алар чөлдөрдө, тоолордо, үңкүрлөрдө, капчыгайларда каңгып жүрүшкөн.
39Ишенимдери жөнүндө жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болгон алардын баары убадаланганды алышкан эмес.
40Алар асмандагы жеткилеңдикке биз менен бирге жетиши үчүн, Кудай бизге жакшы нерсени даярдап койгон.