1Ушундай көп күбөлөрдүн курчоосундагы биз ар кандай түйшүктөн жана оңой эле чырмап алчу ар кандай күнөөдөн арылып, алдыбыздагы жарыштын аягына чыдамдуулук менен чыгалы.
2Ишенимибиздин баштоочусу жана бүтүрүүчүсү болгон Ыйсаны карайлы. Ал алдыда күтүп турган кубанычтын ордуна, шылдың болгонуна карабай, айкаш жыгачка керилип, азапка чыдады, андан кийин Кудайдын тактысынын оң жагына отурду.
3Алдан тайып, кайратыңардан жазбашыңар үчүн, күнөөкөрлөрдөн ушундай кордук көргөн Ыйса жөнүндө ойлогула.
4Күнөөгө каршы силер кан төгүлгүчө күрөшө элексиңер.
5Силерге уулдары катары «Уулум, Теңирдин жазасын четке какпа, Ал сенин айыбыңды ашкерелегенде, көңүлүңдү чөгөрбө.
6Анткени Теңир кимди сүйсө, ошону жазалайт. Кабыл алган ар бир уулун уруп-сабайт» деп айтылган насаатты да унутуп койдуңар.
7Тарбияланышыңар үчүн чыдагыла, анткени Кудай силерге уулдарындай мамиле кылып жатат. Атасы жазалабаган уул барбы?
8Уулдарынын баарын жазалайт, эгерде жазаланбасаңар, анда силер өз эмес, никесиз төрөлгөн балдарсыңар.
9Бизди жазалаган ата-энебизди коркунуч менен урматтасак, анда жашашыбыз үчүн, рухий Атабызга андан бетер баш ийишибиз керек эмеспи?
10Алар бизди кыска гана убакыт үчүн, өздөрү туура көргөндөй жазалашкан. Кудай болсо бизге пайдалуу болушу үчүн, Өзү ыйык болгонундай, бизди да ыйык кылыш үчүн жазалайт.
11Убагында ар бир жаза кубанычтай эмес, кайгыдай туюлат. Бирок ал аркылуу тарбиялангандан кийин, ал адилеттиктин тынчтык берүүчү жемишин берет.
12Ошондуктан чарчаган колуңарды, алсыраган тизеңерди чыңдагыла.
13Аксагандар жолдон чыкпай, оңолушу үчүн, түз жол менен жүргүлө.
14Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга жана ыйык болууга умтулгула, ыйык болмоюнча, эч ким Теңирди көрбөйт.
15Эч ким Кудайдын ырайымынан ажырап калбашы үчүн, кандайдыр бир ачуу тамыр өсүп чыгып, зыян келтирбеши үчүн жана ал аркылуу көптөр булганбашы үчүн сак болгула.
16Араңарда тамак үчүн өзүнүн тунгучтугун сатып жиберген Эйсапка окшогон бузулган, кудайсыз адам болбошу үчүн сак болгула.
17Өзүңөр билесиңер, кийин Эйсап батаны мурастагысы келсе да, четке кагылган. Көз жашын төгүп жалбарса да, атасынын чечимин өзгөртө алган эмес.
18Силер көзгө көрүнгөн, жалындап күйгөн тоого, караңгылыкка, коюу караңгылыкка, бороон-чапкынга,
19сурнай үнүнө, угулган үнгө жакындап келген жоксуңар. Ал үндү уккандар: «Мындан ары бизге сүйлөбөсүн», – деп жалбарышкан.
20Анткени алар «Эгерде тоого жырткыч жакындаса да, ал таш бараңга алынат (же жаа менен атып өлтүрүлөт)» деген буйрукка чыдай алышкан эмес.
21Көрүнүш ушунчалык коркунучтуу болгондуктан, Муса да: «Коркуп, титиреп турам», – деген.
22Силер болсо Сион тоосуна, тирүү Кудайдын асмандагы Иерусалим шаарына, түмөндөгөн периштелерге,
23салтанаттуу чогулушка, ысымдары асмандагы китепке жазылган тунгучтардын Жыйынына, баарынын соттоочусу болгон Кудайга, жеткилеңдикке жеткен адилеттүүлөрдүн рухтарына,
24жаңы келишимдин арачысы Ыйсага, Абылдын канынан да жакшы сүйлөгөн чачыратылуучу канга жакындап келдиңер.
25Силерге сүйлөгөн Кудайдан баш тартуудан сак болгула. Эгерде тигилер жер үстүндө сүйлөгөн Мусага кулак салбай жазаланышкан болсо, андан бетер биз, эгерде асмандан сүйлөгөн Кудайга кулак салбасак, жазадан качып кутула албайбыз.
26Ошол убакта Анын үнү жерди солкулдаткан. Азыр болсо Ал: «Жерди гана эмес, асманды да дагы бир жолу солкулдатам», – деп убада берди.
27Солкулдабаган нерселер калышы үчүн, «дагы бир жолу» деген сөз солкулдаган, башкача айтканда, жаратылган нерселер өзгөрөрүн билдирет.
28Ошондуктан солкулдабаган Падышачылыкты кабыл алган биз Кудайга ыраазычылык билдирели, коркуу жана урмат көрсөтүү менен, Ага жаккандай кызмат кылалы.
29Анткени биздин Кудайыбыз – жалмап салуучу от.