Эврейлерге 13:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Ортоңордо бир туугандык сүйүү дайыма болсун.

2Меймандос болууну унутпагыла. Анткени кээ бирөөлөр өздөрү билбестен, периштелерди коноктошкон.

3Өзүңөрдү туткунга алынгандар менен чогуу туткунга алынгандай эсептеп, туткунга алынгандарды эсиңерден чыгарбагыла. Өзүңөр азап чегип жаткандай болуп, азап чегип жаткандарды эсиңерден чыгарбагыла.

4Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын. Бузулгандар менен нике бузгандарды болсо Кудай соттойт.

5Дүнүйөкор болбогула, колуңарда болгонуна ыраазы болгула. Анткени Кудай Өзү: «Сени калтырбайм жана таштабайм», – деп айткан.

6Ошондуктан биз: «Теңир менин жардамчым, ошондуктан мен коркпойм, адам мага эмне кыла алат?» – деп, чечкиндүүлүк менен айта алабыз.

7Кудай Сөзүн айткан насаатчыларыңарды унутпагыла. Алардын өмүрүнүн акырын карап, алардын ишеним жолун жолдогула.

8Ыйса Машайак кечээ кандай болсо, бүгүн да ошондой жана түбөлүккө ошол бойдон.

9Ар кандай, жат окутууларга кызыкпагыла! Анткени жүрөгүңөрдүн тамак-ашка байланыштуу расмилер менен эмес, ырайым менен бекемделгени жакшы, ал расмилерди кармангандар пайда табышкан эмес.

10Биздин курмандык чалынуучу жайыбыз бар, жыйын чатырынын кызматчыларынын андагы курмандыктан жегенге укугу жок.

11Анткени башкы ыйык кызмат кылуучу курмандыкка чалынган малдын канын күнөөлөрдүн тазаланышы үчүн ыйык жайга алып кирет, малдын эти болсо кошуундун сыртында өрттөлөт.

12Ошол сыяктуу Ыйса да Өз каны менен адамдарды ыйыктоо үчүн, шаар дарбазасынын сыртында азап чекти.

13Ошондуктан кошуундун сыртына чыгып, Ага баралы. Ал көргөн кордукту биз да көрөлү.

14Анткени биздин бул жерде туруктуу шаарыбыз жок, келечектегини эңсеп жатабыз.

15Ошондуктан Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, Анын ысымын даңктаган ооз курмандыгын Ыйса аркылуу тынымсыз алып келели.

16Кайрымдуулук иштерин кылууну жана бири-бириңерге жардам берүүнү унутпагыла, анткени мындай курмандыктар Кудайга жагат.

17Жетекчилериңерге баш ийгиле, моюн сунгула. Себеби алар силер үчүн жооп бере турган адамдар катары силердин жаныңар үчүн күндүр-түндүр кам көрүшөт. Алар үшкүрүнө эмес, кубаныч менен кам көрүшү үчүн баш ийгиле. Алардын үшкүрүнө кам көргөнү силер үчүн пайдасыз.

18Биз үчүн сыйынгыла. Абийирибиздин таза экенине бекем ишенебиз, анткени өзүбүздү бардык нерседе туура алып жүрүүгө аракет кылабыз.

19Силерге тезирээк барышым үчүн сыйынып турушуңарды өзгөчө суранам.

20Койлордун улуу Кайтаруучусун – биздин Теңирибиз Ыйса Машайакты түбөлүк келишимди ырастаган кан менен тирилткен, тынчтыктын булагы болгон Кудай

21Өзүнүн эрки аткарылышы үчүн, Ыйса Машайак аркылуу силерде Өзүнө жага турганды жаратып, силерди ар кандай жакшы ишке жөндөмдүү кылсын. Ал кылымдан кылымга даңктала берсин! Оомийин.

22Бир туугандар, силерден суранарым, бул насаатты кабыл алгыла. Мен силерге көп деле жазган жокмун.

23Бир тууганыбыз Тиметейдин бошотулганы тууралуу кабардар болгула. Эгерде ал тез арада келсе, мен аны менен бирге силерди көргөнү барам.

24Жетекчилериңердин баарына жана бардык ыйыктарга салам айтып койгула. Италиялыктар силерге салам айтып жатышат.

25Кудай баарыңарга ырайымын төгө берсин!
Оомийин.

le>