1Ошондуктан ишенимден тайбаш үчүн, уккан сөзүбүзгө өзгөчө маани беришибиз керек.
2Эгерде периштелер аркылуу жарыяланган сөз милдеттендирүүчү сөз болгон болсо, ар бир күнөө, тил албастык тиешелүү жазасын алган болсо,
3ушундай улуу куткарылууну барк албай койсок, анда биз жазадан кантип качып кутулабыз? Башында Теңир тарабынан жар салынган бул куткарылууну бизге Андан уккандар ырастап беришти.
4Кудай да аны Өзүнүн керемет-жышаандары, ажайыптары, ар түрдүү күчтөрү жана Өз каалоосуна жараша Ыйык Рухту бөлүштүрүп берүүсү менен күбөлөндүргөн.
5Анткени Кудай биз айтып жаткан келечектеги ааламды периштелерге багындырып берген эмес.
6Бирөө бир жерде мындай деп күбөлөндүргөн экен: «Сен унутпагыдай, адам ким? Өзүң келип тургудай, адам баласы ким?
7Сен аны периштелердин алдында бир аз убакытка эле басынттың. Ага урмат менен атак-даңкты таажы кылып кийгиздиң. Аны Өз колуң менен жасагандарыңдын үстүнө башчы кылып койдуң.
8Бардыгын бут алдына жыгып, багындырып бердиң». Бардыгын Ага багындырып бердиң, Ага багындырылбаган нерсе калган жок, бирок баары Ага багындырылганын азырынча көрө элекпиз.
9Бирок биз периштелердин алдында бир аз эле убакытка басынтылган Ыйсанын өлүмдү баштан кечиргендиги үчүн даңк менен урматты таажы катары кийгендигин көрдүк. Ал Кудайдын ырайымы боюнча бардыгы үчүн өлүмдү башынан кечирди.
10Баары Ал үчүн жана Ал аркылуу жаратылган. Көптөгөн балдарын даңкка жетелеген Ал алардын куткарылуусунун Башчысын азап чегүүлөр аркылуу жеткилең кылышы керек эле.
11Анткени ыйыктаган да, ыйыкталгандар да – баары бир Атадан. Ошондуктан Ыйса аларды бир туугандарым дегенден уялбайт:
12«Сенин ысымыңды бир туугандарыма жарыялайм, Сени жыйында даңктап ырдайм», – дейт.
13Ошондой эле: «...Мен Андан үмүттөнөм», дагы: «Мына, Мен жана Кудайдын Мага берген балдары», – дейт.
14Балдарынын денеси эттен жана кандан тургандыктан, Ыйса да эт менен кандан турган денеге ээ болду. Ал Өз өлүмү менен өлүм бийлигине ээ шайтанды күчүнөн ажыратыш үчүн,
15өлүмдөн коркуп, өмүр бою кул болуп жүргөндөрдү эркиндикке чыгарыш үчүн, денеге ээ болду.
16Себеби Ал периштелер үчүн эмес, Ыбрайымдын тукуму үчүн кам көрөт.
17Ошондуктан Ал Кудай алдында ырайымдуу, ишенимдүү Башкы ыйык кызмат кылуучу болуш үчүн, адамдардын күнөөлөрү үчүн чалына турган ырайым курмандыгы болуш үчүн, бардык жагынан бир туугандарына окшош болууга тийиш эле.
18Өзү сыналып азап чеккендиктен, сыналып жаткандарга да жардам бере алат.