Эврейлерге 3:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Ошондуктан, ыйык бир туугандар, асман чакырыгынын катышуучулары, биздин ишенимибиздин негизи болгон Элчи жана Башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйсаны карагыла.

2Кудай үйүндө бардык жагынан Кудайга ишенимдүү болгон Муса сыяктуу эле, Ыйса да Өзүн дайындаган Кудайга ишенимдүү.

3Үйдү курган адам үйгө караганда чоң урматка ээ болгондой эле, Мусага караганда Ыйса чоң урматка ээ.

4Ар бир үйдүн куруучусу бар, ал эми бардык нерсенин куруучусу – Кудай.

5Муса болсо жарыяланышы керек болгон сөздөрдү жарыялаш үчүн, Кудай үйүндө кызматчы катары бардык жагынан ишенимдүү болгон.

6Ал эми Машайак Анын үйүндө Уулу катары ишенимдүү. Анын үйү болсо бизбиз. Эгерде кайраттуулугубузду жана мактанган үмүтүбүздү аягына чейин бекем сактасак, Анын үйүбүз.

7Ошондуктан Ыйык Рух айткандай: «Бүгүн Анын үнүн укканыңарда,

8чөлдөгү сыноо күндөрүндөгү козголоң убагындагыдай, жүрөгүңөрдү катуулантпагыла.

9Ата-бабаларыңар ал жерде Мени сынашты, кырк жыл бою Менин иштеримди көрүштү.

10Ошондуктан Мен ал муунга каардана мындай дедим: “Жүрөктөрү кайра-кайра адашат, алар Менин жолдорумду таанып билишкен жок”.

11Ошондуктан Мен каарданып турганымда: “Алар Менин бейпил жайыма киришпейт”, – деп ант бергем».

12Бир туугандар, сак болгула, тирүү Кудайдан баш тартпашыңар үчүн, эч кимиңердин жүрөгүңөрдө амалкөйлүк, ишенбестик болбосун.

13Кимдир бирөөңөр күнөөгө азгырылып, жүрөгүңөрдү катуулантпашыңар үчүн, «бүгүн» деп айта турган күн келгенге чейин, ар күнү бири-бириңерге акыл-насаат айткыла.

14Баштапкы ишенимибизди акырына чейин бекем сактаганда гана Машайак менен катышыбыз болот.

15Жогоруда айтылгандай: «Бүгүн Анын үнүн укканыңарда, козголоң убагындагыдай, жүрөгүңөрдү катуулантпагыла».

16Анын үнүн уккандар, Ага каршы чыккандар кимдер эле? Мусанын жетеги менен Мисирден чыккандардын баары эмес беле?

17Кырк жыл бою Кудай кимге каарданды эле? Күнөө кылгандарга эмеспи? Алардын сөөгү чөлдө калган.

18«Алар Менин бейпил жайыма киришпейт», – деп, баш ийбегендерге каршы ант бербегенде, анан кимге каршы ант берди эле?

19Ошентип, биз алардын ишенбестиктен улам кире албагандыгын көрүп турабыз.

e>