Эврейлерге 4:1-16 KYB2004 - Bible AI

1Анын бейпил жайына кирүү жөнүндөгү убада күчүндө турганда, арабыздан эч ким кечигип калбашы үчүн сак бололу.

2Аларга жарыяланган сыяктуу эле, Жакшы Кабар бизге да жарыяланды. Ишеним менен кабыл алышпагандыктан, аларга өздөрү уккан сөз пайда алып келген жок.

3Ал эми биз, ишенгендер, бейпил жайга киребиз. Анткени Кудай мындай деген: «Каарданып турганымда, мындай деп ант бердим: “Алар эч качан Менин бейпил жайыма киришпейт”». Өзүнүн иштери дүйнө жаратылып бүткөн кезде эле аягына чыккан болсо да, Ал ушинтип айткан.

4Ыйык Жазууда жетинчи күн жөнүндө мындай деп айтылган: «... Өзүнүн бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алды».

5Ошондой эле: «Алар Менин бейпил жайыма киришпейт», – деп да айтылган.

6Ошентип, кээ бирөөлөрдүн бейпил жайга кирери шексиз. Ал эми мурун уккандар өздөрүнүн тил албастыгынан улам киришкен жок.

7Ушунча көп убакыт өткөндөн кийин, жогоруда айтылгандай, Дөөт аркылуу: «Бүгүн Анын үнүн укканыңарда, жүрөгүңөрдү катуулантпагыла», – деп айтуу менен, дагы бир күндү – «бүгүндү» белгиледи.

8Эгерде Нундун уулу Жашыя аларды бейпил жайга киргизген болсо, анда Кудай ошондон кийин башка бир күн жөнүндө сөз кылбас эле.

9Демек, Кудайдын эли үчүн ишемби күн али алдыда.

10Кудай Өз иштерин бүтүргөндөн кийин эс алгандай эле, Анын бейпил жайына кирген адам да өз иштерин бүтүргөндөн кийин эс алат.

11Ошондуктан ошол бейпил жайга кирүүгө аракеттенели. Эч ким аларга окшоп тил албастык кылып жыгылбасын.

12Себеби Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч: ал жандан рухту ажыратып, муунга чейин, сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт.

13Андан жашыруун эч бир жан жок. Анын көз алдында баары ачык-айкын. Анын алдында жооп беребиз.

14Асмандан да жогору көтөрүлүп кеткен улуу Башкы ыйык кызмат кылуучубуз Кудай Уулу Ыйса бар болгондуктан, ачык тааныган ишенимибизди бекем туталы.

15Ал биздин алсыздыгыбызга боору оорубаган Башкы ыйык кызмат кылуучу эмес. Ал биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнөө кылган эмес. Биздин ушундай Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар.

16Ошол себептен жардам керек болгон убакта Анын мээримин көрүп, Андан ырайым табыш үчүн, ырайым тактысына кайраттуулук менен жакындайлы.

e>