1Адамдардын арасынан тандалып алынган ар бир башкы ыйык кызмат кылуучу адамдар үчүн Кудайга кызмат кылууга, алардын күнөөлөрү үчүн алып келген тартуулары менен курмандыктарын Кудайга алып келүүгө дайындалат.
2Өзү да алсыз болгондуктан, түркөй жана адашкан адамдарга ырайымдуу мамиле кыла алат.
3Ошондуктан ал Кудайга өз күнөөсү үчүн да, элдин күнөөсү үчүн да курмандык алып келиши керек.
4Адам башкы ыйык кызмат кылуучу болуу урматына өзү ээ боло албайт. Ал бул урматка Арун сыяктуу Теңир тарабынан чакырылганда гана ээ болот.
5Ошол сыяктуу эле Машайак да Башкы ыйык кызмат кылуучу болуу даңкына Өзү ээ болгон жок. «Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум» деген Кудай Аны даңкка ээ кылды.
6Башка бир жерде Ал мындай дейт: «Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү Ыйык кызмат кылуучусуң».
7Ал адам болуп жашап жүргөн күндөрүндө өлүмдөн алып кала алчу Кудайга катуу үн менен сыйынды, көз жаш менен жалбарды. Кудайды урматтагандыгы үчүн, Анын сыйынуусу угулду.
8Ал Кудайдын Уулу болгонуна карабастан, азап чегүү аркылуу моюн сунууга үйрөндү.
9Жеткилеңдикке жеткен Ал Өзүнө моюн сунган адамдардын баары үчүн түбөлүктүү куткарылуунун булагы болуп калды.
10Кудай тарабынан Ага Малки-Седек даражасындагы Башкы ыйык кызмат кылуучунун наамы берилди.
11Бул тууралуу көп эле нерсени айтышыбыз керек эле, бирок силердин түшүнүшүңөр кыйын, анткени силер угууга жөндөмсүз болуп калдыңар.
12Убакыт боюнча алып караганда, силер окутуучу болуп калышыңар керек эле, бирок силерге кайрадан Кудай Сөзүндөгү окутуунун алгачкы негиздерин үйрөтүш керек болуп калды. Силерге күчтүү тамак эмес, сүт керек.
13Ким сүт менен азыктанса, ал чындык сөзү боюнча тажрыйбасыз, анткени ал али наристе.
14Күчтүү тамак болсо акыл-сезими жаман-жакшыны айырмалай билүүгө көнүккөн жеткилең адамдар үчүн.