Эврейлерге 6:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Ошондуктан Машайак жөнүндөгү окутуунун алгачкы негиздерине токтоло бербей, өлүк иштер үчүн тобо кылуу, Кудайга ишенүү, чөмүлдүрүүлөр, кол коюу, өлгөндөрдүн тирилиши жана түбөлүк сот жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөргө кайра-кайра кайрыла бербей, жеткилең болууга умтулалы.

3Кудай кааласа, муну да кылабыз.

4Бир кезде чындыкты билген, асман белегинен даам таткан, Ыйык Рухка үлүштөш болгон,

5Кудайдын жакшы Сөзүнүн жана келечектеги замандын кудуретинин даамын таткан адамдар

6ишенимден четтеп кетишсе, аларды кайрадан тобо кылдыруу аркылуу баштапкы абалына келтирүү мүмкүн эмес. Анткени алар ушинтүү менен Кудай Уулун кайрадан айкаш жыгачка керип, жаманатты кылышууда.

7Жамгыр менен көп жолу сугарылып, дыйкандарга өз түшүмүн берген жер Кудайдан бата алат.

8Ал эми төө тикен менен коко тикенди өстүргөн жер – жараксыз, каргышка кала турган, акыры өрттөлө турган жер.

9Сүйүктүүлөрүм, ушинтип айтканыбыз менен, силердин абалыңар мындан жакшыраак экенине жана куткарылууну бекем тутуп жүргөнүңөргө ишенебиз.

10Анткени Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүүңөрдү, аларга кылган жана кылып жаткан кызматыңарды унутпайт.

11Толук үмүткө ээ болуш үчүн, ар бириңердин аягына чейин ушундай аракет кылышыңарды каалайбыз.

12Жалкоолонбогула, убадаланганды ишеними жана чыдамдуулугу менен мурастагандардан үлгү алгыла.

13Кудай Ыбрайымга убада бергенде, Өзүнөн жогору эч ким жок болгондуктан, Өзү менен ант берип, мындай деген:

14«Сага батамды мол берем, сенин тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтөм».

15Ыбрайым чыдамдуулук менен күтүп, убадаланганга ээ болду.

16Адамдар жогорку нерсе менен ант беришет, ант айтылган сөздү бекемдеп, талаш-тартышты токтотот.

17Ошол сыяктуу эле Кудай да убадалангандын мураскорлоруна Өз эркинин өзгөрбөстүгүн ачыгыраак көрсөткүсү келгендиктен, убадасын ант менен бекемдеди.

18Баш паанек тапкан жана алдыбыздагы үмүттү карманган биз Кудайдын калп айтууга мүмкүн болбогон өзгөргүс эки нерсеси – убадасы жана анты менен сооронушубуз үчүн ошондой кылды.

19Биздин жаныбыз үчүн кеменин оор кайырмак темириндей бекем жана ишенимдүү болгон ал үмүт көшөгөнүн артына өтө алат.

20Ыйса түбөлүккө Малки-Седек даражасындагы Башкы ыйык кызмат кылуучу болуп, ошол жерге бизден мурун, биз үчүн кирди.

e>