Эврейлерге 7:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Малки-Седек – Шалем падышасы жана баарынан жогору турган Кудайдын ыйык кызмат кылуучусу. Ал падышаларды жеңип кайтып келе жаткан Ыбрайымды тосуп чыгып, ага батасын берген.

2Ошондо Ыбрайым ага колунда болгон бардык нерсесинин ондон бир бөлүгүн берген. Малки-Седек ысымынын мааниси «Адилдик падышасы» болсо, Шалем падышасы «Тынчтык падышасы» дегенди билдирет.

3Малки-Седектин ата-энеси, ата-теги, өмүр таржымалы жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Кудайдын Уулуна окшогон ал түбөлүккө ыйык кызмат кылуучу болуп кала берет.

4Көрдүңөрбү, ал кандай улуу адам болгон! Түпкү атабыз Ыбрайым ага олжосунун ондон бир бөлүгүн берген.

5Лебинин тукумунан чыккан ыйык кызмат кылуучулар Кудайдын осуяты боюнча элден, башкача айтканда, өз бир туугандарынан, алар да Ыбрайымдан тараганына карабастан, ондук алышкан.

6Ал эми Малки-Седек Леби уруусунан чыкпаса да, Ыбрайымдан ондук алган жана Кудайдын убадасына ээ болгон ага батасын берген.

7Бата берген адам бата алган адамдан жогору болору талашсыз.

8Бул жерде көзү өтүп кетчү адамдар ондук алып жатат, ал жерде болсо тирүү экендиги тууралуу күбөлөндүрүлгөн адам алып жатат.

9Ондук алып жаткан Леби өзү да Малки-Седекке Ыбрайым аркылуу ондук берген десек болот.

10Анткени Малки-Седек Ыбрайым менен жолукканда, Леби атасы Ыбрайымдын денесинде эле.

11Эгерде лебилердин кызматы аркылуу жеткилеңдикке жетүүгө мүмкүн болсо (Тоорат мыйзамы Ысрайыл элине лебилердин кызматынын негизинде берилген), Арундун даражасындагы эмес, Малки-Седектин даражасындагы башка бир Ыйык кызмат кылуучунун келишинин кандай зарылчылыгы бар эле?

12Анткени ыйык кызмат кылуучулардын кызматы өзгөрүлгөндө, мыйзам да өзгөрүлүшү керек болуп калат.

13Анткени бул жерде сөз болуп жаткан Адам башка уруудан. Анын уруусунан эч ким курмандык чалынуучу жайда кызмат кылган эмес.

14Теңирибиздин Жүйүт уруусунан чыккандыгы белгилүү. Бул уруунун ыйык кызматка катышуусу тууралуу Муса эч нерсе айткан эмес.

15Малки-Седекке окшогон башка бир Ыйык кызмат кылуучунун чыгышы муну ого бетер ачык көрсөтүп турат.

16Ал адамдык мыйзам боюнча эмес, тескерисинче, соолубас өмүрдүн күчү боюнча Ыйык кызмат кылуучу болгон.

17Анткени: «Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү Ыйык кызмат кылуучусуң», – деп күбөлөндүрүлгөн.

18Мурунку мыйзам күчсүз, пайдасыз болгондуктан, жокко чыгарылат.

19Себеби мыйзам эч нерсени жеткилеңдикке жеткирген жок. Бирок мурункудан жакшы үмүт берилүүдө, ал аркылуу биз Кудайга жакындайбыз.

20Ал антсыз Ыйык кызмат кылуучу болгон эмес. Тигилер антсыз ыйык кызмат кылуучулар болушкан.

21Ал Теңирдин «Теңир ант берген, аны өзгөртпөйт: Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү Ыйык кызмат кылуучусуң» деген анты боюнча Ыйык кызмат кылуучу болгон.

22Ошентип, Ыйса мурункудан жакшы келишимдин кепили болуп калды.

23Ыйык кызмат кылуучунун кызматын көптөр алып барышкан, анткени бир гана адамдын ыйык кызмат кылуучу болушуна өлүм жол берген эмес.

24Ал эми Ыйса түбөлүк жашагандыктан, туруктуу Ыйык кызмат кылуучу.

25Ошондуктан Ал Өзү аркылуу Кудайга келгендердин баарын толук куткара алат. Ал түбөлүк тирүү болгондуктан, алар үчүн арачылык кылат.

26Башкы ыйык кызмат кылуучубуз ыйык, жамандыктан алыс, кемчиликсиз, күнөөкөрлөрдөн бөлүнгөн, асмандан да жогору көтөрүлгөн Башкы ыйык кызмат кылуучу болушу керек.

27Ал мурунку башкы ыйык кызмат кылуучуларга окшоп, адегенде Өзүнүн, андан кийин элдин күнөөлөрү үчүн Кудайга күн сайын курмандык алып келүүгө муктаж эмес. Анткени Ал муну Өзүн Өзү курмандыкка алып келүү менен бир жолу жана биротоло кылды.

28Мыйзам адамдык алсыздыгы бар адамдарды башкы ыйык кызмат кылуучу кылып дайындаган. Бирок мыйзамдан кийин келген, ант менен бекемделген сөз түбөлүктүү жеткилең Уулду Башкы ыйык кызмат кылуучу кылып дайындады.

e>