Эврейлерге 8:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Биз айтып жаткандардын эң башкысы бул: Улуулуктун тактысынын оң жагында отурган Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар.

2Ал – чыныгы жыйын чатырынын жана адам эмес, Теңир тургузган ыйык жайдын Ыйык кызмат кылуучусу.

3Ар бир башкы ыйык кызмат кылуучу тартууларды жана курмандыктарды Кудайга алып келүү үчүн дайындалат. Ошол себептүү биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуздун да Кудайга алып келгенге бир нерсеси болушу керек.

4Эгерде Ал жерде калса, анда Ыйык кызмат кылуучу болмок эмес. Анткени мыйзам боюнча Кудайга курмандык алып келе турган ыйык кызмат кылуучулар бар.

5Алар асмандагынын бейнеси менен көлөкөсүнө кызмат кылышат. Муса жыйын чатырын курууга киришкенде, ага Кудай тарабынан мындай деп айтылган: «Байкагын, аларды Мен сага тоодо көрсөткөн үлгү боюнча жаса».

6Бул Башкы ыйык кызмат кылуучу мурункудан жогору кызматты алды, Ал – мурункудан жакшы келишимдин арачысы, ал келишим мурункудан жакшы убадаларга негизделген.

7Эгерде биринчи келишим кынтыксыз болсо, экинчисинин кереги жок болмок.

8Ал аларды мындай деп жемелейт: «Ысрайыл жана Жүйүт менен Мен жаңы келишим түзө турган күндөр келе жатат.

9Бирок бул келишим Менин алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес. Мен ал келишимди алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыгыш үчүн, аларды колунан алган күнү түзгөм. Бирок алар келишимди сакташкан жок, ошондуктан Мен алардан жүзүмдү бурдум, – дейт Теңир.

10Бирок ошол күндөрдөн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим түзөм, – дейт Теңир, – Мен Өзүмдүн мыйзамдарымды алардын акылына салам, алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат.

11Ошондон кийин эч ким өз жакынын, эч ким өз бир тууганын: “Теңирди таанып билгиле”, – деп үйрөтпөй калат, анткени алардын бардыгы, кичинесинен чоңуна чейин, Мени таанып билишет.

12Анткени Мен аларга ырайым кылып, адилетсиздиктерин кечирем, мындан ары алардын күнөөлөрү менен мыйзамсыздыктарын эстебейм».

13«Жаңы» деп айтуу менен мурункунун эскиргендигин көрсөттү. Ал эми көөнөргөн, эскирип бара жаткан нерсе жок болуунун алдында турат.

e>