Эврейлерге 9:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Ошентип, биринчи келишимдин Кудайга кызмат кылуу боюнча көрсөтмөлөрү, жердеги ыйык жайы бар эле.

2Биринчи жыйын чатыры тигилген. Анын «ыйык» деп аталган биринчи бөлмөсүндө чырактан, дасторкон, нан курмандыктары бар.

3Экинчи көшөгөнүн артында «ыйыктын ыйыгы» деп аталган ички бөлмө бар.

4Анда жыпар жыттуу заттар түтөтүлүүчү алтын идиш жана ичи-тышы алтын менен жалатылган келишим сандыгы, сандыкта манна салынган алтын идиш, Арундун бүрдөгөн аса таягы жана келишим жазылган таш лооктор бар.

5Сандыктын үстүндө канаттарын жайып, сандыктын капкагын жаап турган даңктын керуптары турат. Азыр буга токтолуп отуруунун зарылчылыгы жок.

6Ушундай жабдылган чатырдын биринчи бөлмөсүнө ыйык кызмат кылуучулар Кудайга кызмат кылуу үчүн дайыма киришет.

7Ал эми экинчи бөлмөгө башкы ыйык кызмат кылуучу гана жылына бир жолу кире алат. Ал бөлмөгө ал өзү үчүн жана элдин билбей жасаган күнөөлөрү үчүн чалынган курмандыктын каны менен кирет.

8Бул аркылуу Ыйык Рух муну билдирет: биринчи бөлмө турганда экинчисине, ыйык жайга кирүүгө жол али ачыла элек.

9Бул азыркы учур үчүн үлгү: Кудайга алып келинген тартуулар менен курмандыктар аларды алып келген адамдын абийирин жеткилең кыла албайт.

10Денеге тиешелүү болгон жеп-ичүү, ар кандай жуунуу расмилери жана салттар жөнүндөгү көрсөтмөлөр жаңы тартип келген убакка чейин гана күчүндө болгон.

11Бирок Машайак келечектеги жакшылыктардын Башкы ыйык кызмат кылуучусу катары кол менен жасалбаган, башкача айтканда, бул дүйнөгө таандык болбогон, мурункудан чоң жана жакшы чатыр менен келди.

12Текелердин, торпоктордун каны менен эмес, Өз каны менен бир ирет ыйык жайга кирип, бизге түбөлүк куткарылуу алып берди.

13Эгерде денелери тазаланыш үчүн, үстүлөрүнө чачылган текелердин, торпоктордун каны жана кунажындын күлү булгангандарды ыйыктаган болсо,

14анда түбөлүктүү Рух аркылуу кемчиликсиз Өзүн Кудайга курмандыкка алып келген Машайактын каны тирүү Кудайга кызмат кылышыбыз үчүн, абийирибизди өлүк иштерден тазалары анык.

15Ошондуктан Машайак – жаңы келишимдин Арачысы. Ал адамдарды байыркы келишимдин убагында жасаган күнөөлөрүнөн арылтуу үчүн, Өз жанын өлүмгө кыйды. Ошентип, Кудай тарабынан чакырылып алынгандар Анын убада кылган түбөлүк мурасына ээ болот.

16Анткени мурас кагазы бар жерде мурас калтырган адамдын өлгөндүгү аныкталышы керек.

17Анткени мурас кагазы мурас калтырган адамдын көзү өткөндөн кийин гана күчүнө кирет, анын көзү тирүү турганда, мурас кагазынын күчү жок.

18Ошондуктан биринчи келишим да кансыз бекитилген эмес.

19Муса бүт Ысрайыл элине мыйзам китебиндеги бардык осуяттарды жарыялады. Андан кийин курмандыкка чалынган кочкорлор менен торпоктордун канына суудан кошуп, ага кызыл жүндү жана иссопту малып, китепке жана бүт элге чачып:

20«Бул кан – Теңирдин силер менен түзгөн келишимин беките турган кан», – деди.

21Ошондой эле жыйын чатырына, Кудайга кызмат кылууда колдонулуучу бардык буюмдарга чачты.

22Мыйзам боюнча дээрлик бардыгы кан менен тазартылат. Кан төгүлмөйүнчө, күнөө кечирилбейт.

23Ошентип, асмандагынын үлгүсү ушул курмандыктар менен, асмандагынын өзү болсо булардан жакшы курмандыктар менен тазаланышы керек болгон.

24Анткени Машайак чыныгы ыйык жайдын үлгүсү боюнча колго жасалган ыйык жайга эмес, азыр биз үчүн Кудай алдында туруу үчүн асмандын өзүнө кирди.

25Ыйык жайга жыл сайын өзүнүн эмес, курмандыктын каны менен кирген башкы ыйык кызмат кылуучуга окшоп, Ыйса Өзүн кайра-кайра курмандыкка алып келиш үчүн кирген эмес.

26Болбосо Ал дүйнө жаратылгандан бери бир нече ирет азап чегиши керек болор эле. Бирок Ал Өзүн курмандыкка берүү менен, күнөөнү жок кылуу үчүн, кылымдын акырында бир ирет келди.

27Адам баласы бир ирет өлүп, андан кийин сотко келиши керек.

28Ошол сыяктуу эле көптөрдүн күнөөлөрүн Өз мойнуна алыш үчүн, Машайак Өзүн бир ирет курмандыкка берди. Ал эми экинчи ирет күнөөдөн тазалоо үчүн эмес, Өзүн күтүп жаткандарды куткаруу үчүн келет.

e>