1Персия падышасы Корештин падышачылыгынын биринчи жылында, Теңирдин Жеремия аркылуу айткан сөзү ордунан чыгыш үчүн, Теңир Персия падышасы Корештин рухун ойготту. Ошондуктан ал өзү башкарган бүт падышачылыкка оозеки жана кат жүзүндө мындай деп жарыялоону буйрук кылды:
2«Персия падышасы Кореш мындай дейт: “Жер жүзүнүн бардык падышачылыктарын асмандагы Кудай, Теңир, мага берди. Ал мага Жүйүт аймагындагы Иерусалимде Ага арнап үй курууну буйрук кылды.
3Силердин араңарда ким Анын элинен болсо, Кудай Өзү аны менен болсун, ал Жүйүт аймагындагы Иерусалимге барсын. Ал Иерусалимдеги Ысрайылдын Кудай-Теңиринин үйүн курсун.
4Ал эми кетпей калган ысрайылдыктарга, алар кайсы жерде жашаганына карабастан, ошол жердин тургундары Иерусалимдеги Кудайдын үйү үчүн чын жүрөгү менен күмүш, алтын, ар кандай буюм, мал берип, жардам кылышсын”».
5Ошондо Иерусалимдеги Теңир үйүн курууга барыш үчүн, Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусунун башчылары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жана Кудай кимге каалоо берсе, ошолордун баары турду.
6Кошуна жашаган элдин баары чын жүрөгү менен бергендеринен тышкары, алтын-күмүш идиштерин, ар кандай буюмдарын, малын, ар кандай кымбат баалуу буюмдарын алып келип көмөк көрсөттү.
7Падыша Кореш Небухаданасардын Иерусалимден алып кетип, өз кудайынын үйүнө коюп алган Теңир үйүнүн идиштерин алып чыкты.
8Персия падышасы Кореш казына кармаган Митредатка аларды алып чыгууну буйруду. Митредат болсо аларды санап туруп, Жүйүт төрөсү Шешпатсарга тапшырды.
9Алардын эсеби мынча болду: алтын идиштен отуз, күмүш идиштен миң, бычактан жыйырма тогуз,
10алтын чөйчөктөн отуз, кош кабат күмүш чөйчөктөн төрт жүз он, башка ар кандай идиштен миң.
11Алтын-күмүш идиштердин бардыгы беш миң төрт жүз болду. Шешпатсар туткундарды Бабылдан Иерусалимге жөнөтүп жатканда мунун баарын ала кетти.