Эзра 10:1-44 KYB2004 - Bible AI

1Эзра Кудай үйүнүн алдында жыгылып, күнөөлөрүн мойнуна алып ыйлап, ушинтип сыйынып жатканда, жанына Ысрайыл элинен эң көп эл – эркектер, аялдар, балдар чогулуп калды, анткени эл да катуу ыйлап турган эле.

2Ошондо Эйлам уулдарынан Жехиелдин баласы Шехания Эзрага мындай деп айтты: «Биз башка элдердин кыздарынан аял алып, Кудайыбыздын алдында күнөө кылганбыз, бирок Ысрайылдын бул ишти оңдойбуз деген үмүтү бар.

3Эми Кудайыбыз менен келишим түзөлү, мырзамдын жана Кудайыбыздын осуяттарынан корккондордун кеңеши боюнча аялдарыбызды алардан туулган балдарыбыз менен кошо коё берели, бул мыйзам боюнча болсун!

4Тур, анткени бул сенин ишиң, биз сени мененбиз, кайраттан, ишке кириш!»

5Ошондо Эзра турду да, бардык ыйык кызмат кылуучуларды, лебилерди жана бүткүл Ысрайыл элин башкаргандарды ошондой кылабыз деп ант берүүгө чакырды. Алар ант беришти.

6Анан Эзра туруп, Кудай үйүнөн кетти да, Элийашип уулу Жоханандын үйүнө келди. Нан жебей, суу ичпей койду, анткени туткундан кайткандардын кылмышы үчүн кайгырып турду.

7Анан мурдагы туткундардын бардыгын Иерусалимге чогултуш үчүн, Жүйүт аймагы менен Иерусалимге жарлык жарыялашты.

8Yч күндүн ичинде ким келбей турган болсо, ал башкаруучулардын жана уруу аксакалдарынын чечими менен турак жайынан ажырайт, өзү болсо туткундан келгендердин жамаатынан четтетилет.

9Ошондо Жүйүт менен Бенжемин жеринде жашаган бардык эл үч күн ичинде Иерусалимге чогулду. Бул тогузунчу айдын жыйырманчы күнү болду. Бардык эл Кудай үйүнүн алдындагы аянтта ушул иштен улам жана жамгырдан титиреп отурду.

10Анан ыйык кызмат кылуучу Эзра ордунан туруп, аларга мындай деди: «Силер бөтөн элдерден аял алып, кылмыш кылдыңар, ошону менен Ысрайылдын күнөөсүн көбөйтүп жибердиңер.

11Ошондуктан ата-бабаларыңардын Кудай-Теңиринин алдында ушул үчүн өкүнүп, кечирим сурагыла да, Анын эркин аткаргыла. Бөтөн элдерден, башка уруулардан алган аялдарыңардан бөлүнгүлө».

12Ошондо бүт эл катуу үн менен мындай деп жооп берди: «Сен кандай десең, биз ошондой кылабыз.

13Бирок эл көп, жамгыр да жаап турат, сыртта турганга мүмкүн эмес. Анын үстүнө, бул иш бир же эки күндүк иш эмес, анткени биз бул иште өтө көп күнөөгө баттык.

14Биздин башчылар бүт жамаат үчүн чечим чыгарышсын, биздин шаарлардагы бөтөн элдерден аял алгандардын баары өз шаарларынын башкаруучулары, аксакалдары менен бул жерге белгиленген убакта келип турсун, ошондо Кудай бул иш үчүн каарданганын токтотот».

15Ошондо Асаел уулу Жонатан, Тикпа уулу Жахзея бул иштин башында турду, аларга Мешулам менен леби Шаптай жардамчы болду.

16Туткундан кайткандар так ошондой кылышты. Буга ыйык кызмат кылуучу Эзра, ар бир уруунун уруу башчылары бөлүнүп, аттары аталды. Бул ишти иликтеп-изилдеш үчүн, алар онунчу айдын биринчи күнү кеңешме курушту.

17Бөтөн элдерден аял алгандарды изилдөө иши биринчи айдын биринчи күнү бүттү.

18Ошондо бөтөн элдерден аял алган ыйык кызмат кылуучулардын уулдары булар деп табылды: Жотсадак уулу Жешуянын балдары менен бир туугандарынан: Маасея, Элиезер, Жарип жана Гедалия.

19Алар аялдарын коё берүүгө, күнөөлөрү үчүн, айыптары үчүн курмандыкка кочкор чалууга кол берип убада кылышты.

20Имердин уулдарынан: Ханани менен Зебадия;

21Харимдин уулдарынан: Маасея, Эйлия, Шемая, Жехиел жана Узия;

22Пашкурдун уулдарынан: Элийойнай, Маасея, Ысмайыл, Натанаел, Жозабат, Эласа;

23Лебилерден: Жозабат, Шимей, Кейлая (Келита), Петахия, Жүйүт, Элиезер;

24Ырчылардан: Элийашип; дарбазачылардан: Шалум, Телем, Ури;

25Ысрайылдыктардан: Пароштун уулдарынан: Рамия, Жизия, Малкия, Миямин, Элазар, Малкия, Беная;

26Эйламдын уулдарынан: Матания, Захария, Жехиел, Абды, Жереймот, Эйлия;

27Затунун уулдарынан: Элийойнай, Элийашип, Матания, Жереймот, Забат, Азиза;

28Бейбайдын уулдарынан: Жоханан, Ханания, Забай, Аплай;

29Банинин уулдарынан: Мешулам, Малух, Адая, Жашуп, Шейал, Жереймот;

30Пахат-Мааптын уулдарынан: Адна, Келал, Беная, Маасея, Матания, Бетселел, Бинуй, Менаше;

31Харимдин уулдарынан: Элиезер, Жишия, Малкия, Шемая, Шымон;

32Бенжемин, Малух, Шемария;

33Хашумдун уулдарынан: Матнай, Матата, Забат, Элипелет, Жеремай, Менаше, Шимей.

34Банинин уулдарынан: Маадай, Амрам, Уел,

35Беная, Бейдей, Келуу,

36Беная, Меремот, Элийашип,

37Матания, Матнай, Жишия,

38Бани, Бинуй, Шимей,

39Шелемия, Натан, Адая,

40Махнадбай, Шашай, Шарай,

41Азарел, Шелемия, Шемария,

42Шалум, Амария, Жусуп;

43Небонун уулдарынан: Жейел, Матития, Забат, Зебина, Жадай, Жоел, Беная.

44Мына ушулардын баары – бөтөн элдерден аял алгандар. Булардын айрымдарынын аялдары бала төрөп беришкен.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>