1Бабыл падышасы Небухаданасар Бабылга туткундап кеткен туткундардын ичинен Иерусалимге жана Жүйүт аймагына, өз жерине кайтып келген бул өлкөнүн уулдары булар:
2Зоробабыл менен, Жешуя менен, Некемия менен, Серая менен, Рейлай менен, Мордохай менен, Билшан менен, Миспар менен, Бикбай менен, Рехум менен, Баан менен келген Ысрайыл элинин саны:
3Парош уулдары эки миң бир жүз жетимиш эки;
4Шепатия уулдары үч жүз жетимиш эки;
5Арах уулдары жети жүз жетимиш беш;
6Жашыя менен Жойап уулдарынан Пахат-Мааптын уулдары эки миң сегиз жүз он эки;
7Эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт;
8Затунун уулдары тогуз жүз кырк беш;
9Закайдын уулдары жети жүз алтымыш;
10Банинин уулдары алты жүз кырк эки;
11Бейбайдын уулдары алты жүз жыйырма үч;
12Азгаттын уулдары бир миң эки жүз жыйырма эки;
13Адонукамдын уулдары алты жүз алтымыш алты;
14Бикбайдын уулдары эки миң элүү алты;
15Адындын уулдары төрт жүз элүү төрт;
16Жехискиянын үй-бүлөсүнөн Атейирдин уулдары токсон сегиз;
17Бейтсайдын уулдары үч жүз жыйырма үч;
18Жоранын уулдары бир жүз он эки;
19Хашумдун уулдары эки жүз жыйырма үч;
20Гибардын уулдары токсон беш;
21Бейт-Лехемде туулгандар бир жүз жыйырма үч;
22Нетопада жашагандар элүү алты;
23Анатотто жашагандар бир жүз жыйырма сегиз;
24Азмабетте туулгандар кырк эки;
25Кирийат-Жейаримде, Кепирада жана Бейротто туулгандар жети жүз кырк үч;
26Рамада жана Гебада туулгандар алты жүз жыйырма бир;
27Мукмаста жашагандар бир жүз жыйырма эки;
28Бейтелде жана Айда жашагандар эки жүз жыйырма үч;
29Небодо туулгандар элүү эки;
30Магбиште туулгандар бир жүз элүү алты;
31Башка Эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт;
32Харимдин уулдары үч жүз жыйырма;
33Лоддо, Хадитте жана Онодо туулгандар жети жүз жыйырма беш;
34Жериходо туулгандар үч жүз кырк беш;
35Сенаада туулгандар үч миң алты жүз отуз.
36Ыйык кызмат кылуучулар: Жешуянын үй-бүлөсүнөн Жедая уулдары тогуз жүз жетимиш үч;
37Имердин уулдары бир миң элүү эки;
38Пашкурдун уулдары бир миң эки жүз кырк жети;
39Харимдин уулдары бир миң он жети.
40Лебилер: Одабия уулдарынан Жешуя менен Кадмиелдин уулдары жетимиш төрт;
41Ырчылар: Асаптын уулдары бир жүз жыйырма сегиз;
42Дарбазачылардын уулдары: Шалумдун уулдары, Атейирдин уулдары, Талмондун уулдары, Акуптун уулдары, Хатитанын уулдары, Шобайдын уулдары, бардыгы болуп бир жүз отуз тогуз.
43Нетиндер: Зиханын уулдары, Хасупанын уулдары, Табаотанын уулдары.
44Кейростун уулдары, Сиянын уулдары, Падондун уулдары,
45Лебандын уулдары, Хагаптын уулдары, Акуптун уулдары,
46Хагаптын уулдары, Самлайдын уулдары, Ханандын уулдары,
47Гиделдин уулдары, Гахардын уулдары, Рейайдын уулдары,
48Ретсиндин уулдары, Некоданын уулдары, Газамдын уулдары,
49Узанын уулдары, Пасейахтын уулдары, Бейсайдын уулдары,
50Аснанын уулдары, Мейунимдин уулдары, Непусимдин уулдары,
51Бакбуктун уулдары, Хакупанын уулдары, Хархурдун уулдары,
52Батсулуттун уулдары, Мехиданын уулдары, Харшанын уулдары,
53Баркостун уулдары, Сисранын уулдары, Тамахтын уулдары,
54Нетсиахтын уулдары, Хатипанын уулдары.
55Сулаймандын кулдарынын уулдары: Сотайдын уулдары, Сопереттин уулдары, Перуданын уулдары,
56Жааланын уулдары, Даркондун уулдары, Гиделдин уулдары,
57Шепатиянын уулдары, Хатилдин уулдары, Похерет-Себайымдын уулдары, Аминин уулдары,
58бардыгы болуп нетиндер менен Сулаймандын кулдары үч жүз токсон эки.
59Ысрайылданбы, кайсы уруудан экенин көрсөтө албаган Тейил-Мелахтан, Тейил-Харшадан, Керуп, Адан, Имейерден чыккандар мына булар:
60Делаянын уулдары, Тобиянын уулдары, Некоданын уулдары алты жүз элүү эки адам.
61Ыйык кызмат кылуучулардын уулдарынан: Хабаянын уулдары, Акостун уулдары жана гилаттык Барзелайдын кызына үйлөнүп, ошолордун аты менен аталып калган Барзелайдын уулдары.
62Алар өздөрүнүн санжырасын издешкен, бирок ал табылган жок. Ошондуктан алар ыйык кызматтан чыгарылган.
63Тиршапа аларга урим менен тумим аркылуу Кудайдын эркин сураган ыйык кызмат кылуучу чыкмайынча, ыйык тамактан жебеш керектигин айтты.
64Бардык жамаат биригип кырк эки миң үч жүз алтымыш адам болду.
65Алардын жети миң үч жүз отуз жети кулу менен күңүнөн тышкары, дагы эки жүз ырчы кыз-жигити болгон.
66Алардын жети жүз отуз алты аты, эки жүз кырк беш качыры,
67төрт жүз отуз беш төөсү, алты миң жети жүз жыйырма эшеги болгон.
68Иерусалимдеги Теңирдин үйүнө келген уруу башчылардын кээ бирөөлөрү Теңир үйүн өзүнүн мурунку турган жерине кайра тургузуш үчүн, өз каалоосу менен курмандык кылышты.
69Байлыктарына жараша, алар курулуш иштери үчүн, анын казынасына алтымыш бир миң драхма алтын, беш миң мина күмүш жана ыйык кызмат кылуучулар кие турган жүз кийим беришти.
70Ошентип, ыйык кызмат кылуучулар да, лебилер да, эл да, ырчылар да, дарбазачылар да, нетиндер да өз шаарларында жашап калышты, ошондой эле бүт ысрайылдыктар да өз шаарларында жашап калышты.