1Жүйүт менен Бенжеминдин душмандары туткундан кайткан кишилердин Ысрайылдын Кудай-Теңирине арнап ийбадаткана куруп жатканын угушту.
2Ошондо алар Зоробабылга жана уруу башчыларга келип, мындай дешти: «Биз да силер менен курушабыз, анткени Сирия падышасы Эйсар-Хадон бизди бул жакка алып келгенден бери биз да силердей эле силердин Кудайыңарга кайрылып, силердин Кудайыңарга курмандык чалып жүрөбүз».
3Зоробабыл, Жешуя жана Ысрайылдын башка уруу башчылары аларга мындай деп айтышты: «Биздин Кудайыбыздын үйүн силер биз менен бирге курбайсыңар. Персия падышасы Кореш буйрук кылгандай, Ысрайылдын Кудай-Теңиринин үйүн биз өзүбүз эле курабыз».
4Ошондо ал жердин адамдары жүйүт элин алсыратып, курулушка тоскоол кыла башташты.
5Алар жүйүт элинин иштерин бузуш үчүн, Персия падышасы Корештин падышачылыгынан Персия падышасы Дарийдин падышачылыгына чейин, аларга каршы кеңешчилерди пара берип сатып алып турушту.
6Акашбейроштун падышачылыгынын башында, Жүйүт аймагы менен Иерусалимде жашагандарды айыптап кат жазышты.
7Артакшаштанын тушунда Бишлам, Митредат, Табел жана алардын башка жолдоштору Персия падышасы Артакшаштага кат жазышты. Кат сирия тамгасы менен сирия тилинде жазылды.
8Кеңешчи Рехум менен катчы Шимшай Иерусалимге каршы Артакшашта падышага мындай деп жазышты:
9«Биз, Рехум кеңешчи менен Шимшай катчы жана алардын башка жолдоштору: динайлыктар, апарсаткалыктар, тарпелдиктер, апарастыктар, аркеликтер, бабылдыктар, шушандыктар, дайлыктар, эйламдыктар,
10даңазалуу, улуу падыша Аснапар самариялык шаарларга жана дарыянын наркы өйүзүндөгү башка шаарларга көчүргөн жана башка элдер».
11Ага жиберилген каттын мазмуну мындай: «Падыша Артакшаштага дарыянын наркы өйүзүндө жашаган кулдарыңдан жана башка элдерден.
12Падышага белгилүү болсун, өзүңдөн чыккан жүйүттөр бизге, Иерусалимге келип, бул козголоңдуу жаман шаарды кайрадан куруп, дубалдарын тургузуп жатышат, пайдубалдарын болсо куруп коюшту.
13Падышага белгилүү болсун, эгерде бул шаар кайрадан курулуп, дубалдары калыбына келе турган болсо, анда булар салык да, бажы акысын да, алым да төлөбөй калышат, ошондо падышанын казынасына зыян келет.
14Биз падыша сарайынын тузун жеп жаткандыктан, падышанын уят болгонун көргүбүз келбейт, ошондуктан падышага ушул маалыматты жиберип жатабыз.
15Сенин ата-бабаларыңдын тарых китебин таап беришсин, ошол тарых китебин карасаң, бул шаар падышалар үчүн, дубандар үчүн козголоңдуу, зыяндуу шаар болгонун, ал шаарда эзелтеден эле козголоңдор болуп турганын, ошон үчүн ал талкаланганын билесиң.
16Ошондуктан биз падышага маалымдап жатабыз, эгерде бул шаар курулуп, калыбына келип, дубалдары тургузулуп калса, дарыянын наркы өйүзүнөн алган жерден айрыласың».
17Ошондо падыша кеңешчи Рехумга, катчы Шимшайга, алардын Самарияда жана дарыянын наркы өйүзүндөгү шаарларда жашаган жолдошторуна мындай жооп жөнөттү: «Салам! ... жана башка.
18Силердин бизге жөнөткөн катыңар менин алдымда ачык окулду.
19Мен буйрук бердим, изилдеп, бул шаардын эзелтен бери падышаларга каршы чыгып турганын, бул шаарда козголоңдор, көтөрүлүштөр болуп турганын,
20Иерусалимде дарыянын наркы өйүзүндөгү жерлердин баарын ээлеген күч-кубаттуу падышалар болгонун, алар алым, салык, бажы акысын алып турушканын билдик.
21Ошондуктан буйрук бергиле, бул адамдар жумушту токтотушсун, менден буйрук болмоюнча, бул шаар курулбасын.
22Бул ишти көзөмөлдөгүлө. Зыяндуу иштерди көбөйтүп, падышаларга зыян келтирүүнүн эмне кереги бар?»
23Артакшашта падышанын бул каты кеңешчи Рехум менен катчы Шимшайдын жана алардын жолдошторунун алдында окулары менен, алар токтоосуз Иерусалимге, жүйүт элине келишти да, куралдуу күч менен жумушту токтотушту.
24Ошондо Иерусалимдеги Кудайдын үйүндөгү жумуш токтоду. Бул жумуш Персия падышасы Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылына чейин токтоп турду.