1Бирок Акай пайгамбар менен Ыданын уулу Захария пайгамбар Жүйүт аймагында жана Иерусалимде жашаган жүйүттөргө Ысрайылдын Кудайынын ысымынан пайгамбарчылык сөздөрүн айтышты.
2Ошондо Шалтиел уулу Зоробабыл, Жотсадак уулу Жешуя Иерусалимдеги Кудай үйүн кура башташты, аларды Кудайдын пайгамбарлары колдоп турушту.
3Ошол учурда аларга дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай менен Шетар-Бознай жана алардын жолдоштору келип: «Бул үйдү курууга жана дубалдарын тургузууга силерге ким уруксат берди?» – дешти.
4Ошондо биз аларга бул имаратты куруп жаткан адамдардын аттарын айттык.
5Бирок Кудай жүйүт аксакалдарына көз салып турду. Тигилер бул ишти Дарийге жөнөткөнчө, андан бул иш боюнча чечим келгенче, жүйүттөргө тыюу салбай турушту.
6Дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай менен Шетар-Бознай жана алардын дарыянын наркы өйүзүндөгү жолдошторунун – апарсаткалыктардын Дарий падышага жөнөткөн катынын мазмуну мындай:
7Алар жөнөткөн билдирүүдө мындай деп жазылган: «Дарий падышага бардык жактан тынчтык болсун!
8Биздин Жүйүт аймагындагы улуу Кудайдын үйүнө барганыбыз падышага маалым болсун. Ал үй чоң-чоң таштардан курулуп жатат, дубалдарына устундар коюлуп жатат, бул жумуш тез жүрүп, алардын колдору менен ийгиликтүү бүтүп бара жатат.
9Ошондо биз алардын аксакалдарынан: “Бул үйдү курууга жана дубалдарын тургузууга силерге ким уруксат берди?” – деп сурадык.
10Мындан тышкары, алардын аттарын сурадык, биз алардын башчыларынын аттары сага белгилүү болушу үчүн жазып алдык.
11Алар мындай деп жооп беришти: “Биз асман менен жердин Кудайынын кулдарыбыз, биз мындан көп жыл мурда курулган үйдү кайра куруп жатабыз, аны Ысрайылдын улуу падышасы курган.
12Биздин ата-бабаларыбыз асмандагы Кудайдын каарына калганда, Ал Бабыл падышасы, каздимдик Небухаданасардын колуна аларды салып берген. Ал бул үйдү талкалап, элин Бабылга туткундап кеткен.
13Бирок Бабыл падышасы Корештин падышачылыгынын биринчи жылында Кудайдын бул үйүн кайра курууга Кореш падыша уруксат берген.
14Небухаданасар Иерусалимдеги ийбадатканадан алып чыгып, Бабыл ийбадатканасына койгон Кудай үйүндөгү алтын-күмүш идиштерди да Кореш падыша кайрадан Бабыл ийбадатканасынан алып, өзү дубан башчы кылып дайындаган Шешпатсар дегендин колуна тапшырып,
15ага: "Бул идиштерди Иерусалимдеги ийбадатканага алып бар. Кудайдын үйү өзүнүн мурунку турган жеринде курула берсин", – деген.
16Ошондо ошол Шешпатсар келип, Иерусалимге Кудай үйүнүн пайдубалын курган. Ошондон бери ал курулуп жатат, бирок бүтө элек”.
17Ошондуктан падыша туура тапса, Иерусалимдеги Кудайдын бул үйүн курууга Кореш падышанын уруксат бергени чын бекен падышанын Бабылдагы казына үйүнөн карап көрүшсүн. Ал тууралуу бизге падыша өз буйругун жөнөтсүн».