Эзра 8:1-36 KYB2004 - Bible AI

1Падыша Артакшаштанын падышачылыгында, мени менен Бабылдан чыккан уруу башчылары булар. Алардын санжырасы:

2Пинехас уулдарынан Гейиршом; Итамар уулдарынан Даниел; Дөөт уулдарынан Хатуш;

3Шехания уулдарынан, Пароштун уулдарынан Захария жана анын санжырасына кирген жүз элүү эркек;

4Пахат-Маап уулдарынан Зерахиянын баласы Элийонай жана аны менен кошо эки жүз эркек;

5Шехания уулдарынан Жахазиелдин баласы, аны менен кошо үч жүз эркек;

6Адын уулдарынан Эбед, Жонатандын баласы, аны менен кошо элүү эркек;

7Эйлам уулдарынан Жешая, Аталеянын баласы, аны менен кошо жетимиш эркек;

8Шепатия уулдарынан Зебадия, Михаелдин баласы, аны менен кошо сексен эркек;

9Жойап уулдарынан Обадия, Жехиелдин баласы, аны менен кошо эки жүз он сегиз эркек;

10Шеломит уулдарынан Жосипиянын баласы, аны менен кошо жүз алтымыш эркек;

11Бейбай уулдарынан Захария, Бейбайдын баласы, аны менен кошо жыйырма сегиз эркек;

12Азгат уулдарынан Жоханан, Акатандын баласы, аны менен кошо жүз он эркек;

13Адонукамдын акыркы уулдарынан: Элипелет, Жейел, Шемая, алар менен кошо алтымыш эркек;

14Бикбайдын уулдарынан Утай менен Закур, алар менен кошо жетимиш эркек;

15Мен аларды Агапка келип куйган дарыянын жээгине чогулттум. Ал жерде үч күн турдук. Мен элди жана ыйык кызмат кылуучуларды карап чыкканда, Леби уулдарынан эч кимди таппадым.

16Ошондо мен алардын башчылары: Элиезерди, Ариелди, Шемаяны, Элнатанды, Жарипти, Элнатанды, Натанды, Захарияны, Мешуламды, ошондой эле окутуучулар: Жойарип менен Элнатанды чакыртууга киши жөнөттүм.

17Аларды Касипия жеринин башчысы Идого тапшырма менен жибердим, биздин Кудайыбыздын үйүнө кызматчыларды алып келиш үчүн, Идого жана анын бир туугандарына, Касипия жериндеги нетиндерге эмне айтууну айтып бердим.

18Кудайыбыздын жакшылык кылуучу колу биздин үстүбүздө тургандыктан, алар бизге Ысрайыл уулу Лебинин, Леби уулу Махлинин уулдарынан чыккан бир акылдуу адамды, атап айтканда, Шейребияны жана анын уулдары менен бир туугандарынан он сегиз кишини,

19Мераринин уулдарынан Хашабияны, аны менен бирге Жешаяны жана анын бир туугандары менен уулдарынан жыйырма кишини,

20Дөөт менен анын төрөлөрү лебилерге кызмат кылууга беришкен нетиндерден эки жүз жыйырма нетинди алып келишти; алардын бардыгынын аттары аталды.

21Анан Кудайыбыздын алдында моюн сунуп, өзүбүз үчүн да, балдарыбыз үчүн да, мал-мүлкүбүз үчүн да Андан ак жол суроо үчүн, Агап дарыясынын боюнда орозо жарыяладым.

22Анткени бизди жолдо душмандардан сакташ үчүн, мен падышадан аскерлерди жана атчан аскерлерди сурагандан уялдым. Биз падыша менен сүйлөшкөндө: «Кудайдын жакшылык кылуучу колу Өзүнө жардам сурап кайрылгандардын үстүндө, ал эми кудурети менен каары андан четтеп кеткендердин үстүндө!» – деген элек.

23Ошентип, биз орозо кармап, Кудайдан ушуну жалынып сурадык, Ал биздин үнүбүздү укту.

24Анан мен башкы ыйык кызмат кылуучулардын ичинен он эки кишини: Шейребия менен Хашабияны, алар менен кошо алардын бир туугандарынан он кишини бөлүп койдум.

25Анан падыша менен анын кеңешчилеринин, төрөлөрүнүн жана ал жерде болгон бардык Ысрайыл элинин Кудайыбыздын үйүнө тартуулаган алтын-күмүштөрүн, идиштерин таразага тартып туруп, алардын колуна бердим.

26Таразага тартып туруп, алардын колуна алты жүз элүү талант күмүш, жүз талант күмүш идиш, жүз талант алтын бердим.

27Миң драхма турган жыйырма алтын чөйчөктү, алтынга тете бааланган, жаркырак жезден жасалган эки идишти тапшырдым.

28Анан аларга мындай дедим: «Силер Теңирдин ыйык адамдарысыңар, ата-бабаларыбыздын Кудай-Теңирине чын жүрөктөн тартуулаган алтын-күмүштөр да, идиштер да ыйык.

29Аларды Иерусалимдеги Ысрайыл уруу башчыларынын, ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин башында тургандардын колуна өткөрүп бермейинче, Кудай үйүнүн сактоочу жайларына тапшырмайынча абайлагыла, өтө сак болгула».

30Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер Иерусалимдеги Кудайыбыздын үйүнө жеткириш үчүн, таразага тартылган алтын-күмүштөрдү, идиштерди кабыл алышты.

31Ошентип, биз Иерусалимге Агап дарыясынан биринчи айдын он экинчи күнү чыктык. Кудайыбыздын колу биздин үстүбүздө болду, Ал бизди душмандардын, жолубузду торогондордун колунан коргоп жүрдү.

32Анан биз Иерусалимге келип, ал жерде үч күн болдук.

33Төртүнчү күнү Кудайыбыздын үйүнө арналган алтын-күмүштөрдү, идиштерди таразага тартып, Урийдин уулу, ыйык кызмат кылуучу Меремоттун, лебилер Пинехастын уулу Элазардын, Жешуянын уулу Жозабаттын жана Бинуйдун уулу Ноядиянын колдоруна өткөрүп бердик.

34Бардыгын таразага тартып, эсептеп тапшырдык. Ошол эле учурда таразага тартылгандардын баары жазылып жатты.

35Туткундан кайткандар Ысрайыл Кудайына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалыш үчүн, бүт Ысрайылдын күнөөсү үчүн он эки букачар, токсон алты кочкор, жетимиш жети козу, он эки теке алып келишти. Мунун баары Теңирдин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгына арналды.

36Анан алар падышанын буйруктарын дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчыларга, падышанын төрөлөрүнө беришти. Ошондо алар Кудайдын элине жана үйүнө урмат көрсөтүштү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>