1Теопил, Ыйса Өзү тандаган элчилерге Ыйык Рух аркылуу буйрук бергенден кийин,
2асманга алынып кеткен күнүнө чейин, башынан баштап эмнени жасаса, эмнени үйрөтсө, ошонун баарын мен сага биринчи китепте жазгам.
3Азап тартып өлгөндөн кийин, кырк күн ичинде Ыйса аларга көрүнүп, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө айтып, Өзүнүн тирүү экендигин көптөгөн далилдер аркылуу көрсөттү.
4Анан Ыйса аларды чогултуп, мындай буйрук берди:
5
6Ошондуктан алар бир жерге чогулушканда, Ыйсадан: «Теңир, Сен Ысрайыл элинин падышачылыгын ушул убакытта калыбына келтиресиңби?» – деп сурашты.
7Ыйса болсо аларга мындай деп жооп берди:
8
9Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, алардын көз алдында асманга көтөрүлүп кетти, булут Аны алардын көз алдынан алып кетти.
10Алар асманга көтөрүлүп бара жаткан Ыйсаны карап турушканда, күтүлбөгөн жерден алардын алдына ак кийим кийген эки адам пайда болуп, мындай дешти:
11«Галилеялык эркектер! Асманды эмне карап турасыңар? Силердин жаныңардан асманга көтөрүлүп кеткен бул Ыйса, өзүңөр көргөндөй, асманга кандай көтөрүлүп кетсе, ошондой эле кайра келет».
12Ошондон кийин алар Зайтун тоосунан Иерусалимге кайтып келишти. Ал тоо менен Иерусалимдин ортосундагы аралык бир ишемби күндүк жол эле.
13Шаарга келишкенден кийин, Петир, Жакып, Жакан, Андрей, Филип, Томас, Барталамей, Матай, Алпейдин уулу Жакып, Зилот Шымон жана Жакыптын уулу Жүйүт өздөрү чогулуп жүргөн үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чыгышты.
14Булар бир топ аялдар менен, Ыйсанын энеси Мариям менен жана Анын бир туугандары менен чогуу, бир тилек менен сыйынып жүрүштү.
15Ошол күндөрдүн биринде, жүз жыйырмага жакын киши чогулган жыйналышта Петир шакирттердин ортосуна чыгып, мындай деди:
16«Бир туугандар! Ыйсаны кармап кеткени келгендерге жол көрсөткөн Жүйүт туурасында Ыйык Рухтун Дөөт аркылуу Ыйык Жазууда алдын ала айткан сөзү орундалууга тийиш болчу.
17Жүйүт да биз сыяктуу эле элчилик кызматка тандалып алынган эле.
18Бирок ал адилетсиздик менен тапкан акчасына жер сатып алды. Ал башы менен жерге кулап түшкөндө, курсагы жарылып, бүт ичеги-карыны чубалып түшүп калды.
19Бул окуя Иерусалим тургундарынын бардыгына маалым болду, ошондуктан ал жер алардын эне тилинде “Акелдама” деп аталып калды. Эврей тилиндеги бул сөз “кандуу жер” деп которулат.
20Анткени Забурда: “Анын үй-жайы ээн калсын, анда эч ким жашабасын” жана “Анын кызматын башка бирөө алсын”, – деп жазылган.
21Ошондуктан бизге бир адам кошулуп, Ыйсанын өлүп, кайра тирилгенин биз менен бирге күбөлөндүрүүсү керек. Ал адам Теңир Ыйса биздин арабызда жүргөн убакта, башкача айтканда, Жакан сууга чөмүлдүрө баштаган күндөн тартып, Ыйса биздин арабыздан асманга көтөрүлүп кеткен күнгө чейин биз менен чогуу жүргөндөрдүн бири болуусу керек».
23Ошондо алар эки кишини: Жуст деген да, Барзаба деген да ысымы бар Жусупту жана Матийди алдыга чыгарып,
24мындай деп сыйынышты: «Теңир, Сен ар бир адамдын жүрөгүндөгүсүн билесиң.
25Бул эки адамдын кимисин тандаганыңды, бул элчилик кызматка экөөнүн кимиси дайындалуусу керектигин көрсөтүп бер. Анткени Жүйүт бул кызматты таштап, өзүнө тиешелүү жерге кетти».
26Андан кийин алар өкчөмө таш ыргытышты. Өкчөмө таш Матийге түштү. Ошентип, ал он бир элчинин катарына кошулду.