Элчилердин иштери 10:1-48 KYB2004 - Bible AI

1Кейсареяда «Италиялык аскер тобу» деп аталган аскер тобунун Корнелий деген жүз башысы бар эле.

2Ал бүт үй-бүлөсү менен Кудайдан коркуп жашаган, элге көп жакшылык кылган, дайыма Кудайга сыйынган такыбаа адам эле.

3Бир күнү күндүзгү тогузунчу саат чамасында ал көрүнүш көрдү. Көрүнүштө ага Кудайдын бир периштеси ачык көрүндү. Ал периште анын үйүнө кирип, ага мындай деди: «Корнелий!»

4Ал болсо аны көргөндө, коркуп кетип: «Эмне дейсиң, Теңирим?» – деди. Периште ага: «Кудай сенин сыйынууларыңды жана жакырларга кылган жакшылыктарыңды эсине алды.

5Жапага кишилерди жиберип, Петир деген да ысым коюлган Шымонду чакырт.

6Ал деңиздин жээгинде жашаган Шымон деген булгаарычыныкында конокто. Ал сага өзүңдү жана бүт үй-бүлөңдү куткара турган сөздөрдү айтып берет», – деди.

7Периште алыстап кеткенден кийин, Корнелий өзүнүн кызматчыларынын арасынан эки кызматчыны жана өзүнүн жанында жүргөн бир такыбаа аскерди чакырып,

8аларга баарын айтып берди да, аларды Жапага жиберди.

9Эртеси күнү алар жол жүрүп отуруп, шаарга жакындап калышканда, алтынчы саат чамасында Петир сыйыныш үчүн, үйдүн үстүнө чыкты.

10Ошондо ал ачка болуп, тамак жегиси келди. Тамак даярдалып жаткан убакта ал көрүнүш көрдү.

11Ошол учурда ал ачылган асманды жана өзүн көздөй түшүп келе жаткан бир идишти көрдү. Ал төрт бурчу байланган дасторкон сыяктуу эле.

12Анын ичинде жер үстүндөгү төрт аяктуу ар түрлүү жаныбарлар, сойлоп жүрүүчүлөр, канаттуу куштар бар эле.

13Ошол жерден ага мындай сөз айтылды: «Петир, ордуңан туруп, буларды союп же».

14Бирок Петир мындай деди: «Жок, Теңир! Мен эч качан арам же таза эмес нерсе жеген эмесмин».

15Ошондо ага экинчи жолу мындай үн угулду: «Кудай тазалаган нерсени сен таза эмес деп эсептебе».

16Бул үч жолу болду, ошондон кийин идиш кайрадан асманга көтөрүлүп кетти.

17Петир көргөн көрүнүшүнүн эмнени билдирерин түшүнө албай турганда, Корнелий жиберген адамдар Шымондун үйүн сурап, дарбаза алдына токтошту.

18Алар: «Петир деген да ысым коюлган Шымон ушул жерде коноктобу?» – деп, кыйкырып сурашты.

19Ошол убакта, Петир көрүнүш жөнүндө ойлонуп жатканда, Рух ага мындай деди: «Сени үч киши издеп жүрөт.

20Тур, төмөн түшүп, эч шектенбестен, алар менен жөнө, анткени аларды Мен жибердим».

21Ошондо Петир үйдүн үстүнөн түшүп, Корнелий жиберген адамдардын жанына келип: «Силер издеген адам менмин. Кандай иш менен келдиңер?» – деп сурады.

22Алар болсо мындай деп жооп беришти: «Бүт жүйүт эли тарабынан жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болгон, жакшылыкты көп кылган жана Кудайдан корккон жүз башы Корнелий бир ыйык периштеден “Петирди үйүңө чакырып, анын сөздөрүн ук” деген буйрук алды».

23Ошондо Петир аларды үйгө киргизип коноктоду. Эртеси эртең менен туруп, алар менен жолго чыкты. Жападагы бир туугандардын кээ бирөөлөрү да алар менен бирге жөнөштү.

24Бир күндөн кийин алар Кейсареяга келишти. Корнелий болсо өзүнүн туугандарын, жакын досторун чакыртып алып, аларды күтүп жаткан эле.

25Петир үйгө киргенде, Корнелий аны кабыл алды да, анын бутуна жыгылып, ага таазим кылды.

26Петир болсо: «Тур, мен сага окшогон эле адаммын», – деп, аны тургузду.

27Анан аны менен сүйлөшүп, бөлмөгө кирди. Бөлмөдө көп адам чогулганын көрүп, аларга мындай деди:

28«Башка улуттун адамы менен мамилелешүү же аныкына баруу жүйүттөргө тыюу салынганын билесиңер. Бирок Кудай мага эч бир адамды арам же таза эмес деп эсептебөөм керектигин ачып берди.

29Ошондуктан мен силердин чакырыгыңарга каршы болбостон келдим. Эми силерден сурайын, мени эмне себептен чакырттыңар эле?»

30Ошондо Корнелий мындай деп жооп берди: «Мындан төрт күн мурун, ушул убакытта орозо кармап, тогузунчу саатта өзүмдүн үйүмдө сыйынып отургам. Ошол маалда жаркыраган кийим кийген бир адам бет алдыма келип турду да:

31“Корнелий! Кудай сенин сыйынууңду укту, жакырларга кылган жакшылыктарыңды эсине алды.

32Жапага киши жиберип, Петир деген да ысым коюлган Шымонду чакырт. Ал деңиз жээгинде жашаган булгаарычы Шымондун үйүндө конокто”, – деди.

33Ошол эле замат мен сага кишилерди жибердим, сенин келгениң жакшы болду. Азыр биз, бардыгыбыз, Кудай сага эмнени буйруса, ошонун бардыгын угуу үчүн, Кудайдын алдында турабыз».

34Ошондо Петир сөзүн мындай деп баштады: «Кудайда бет карамалык жок экенине,

35ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагарына чыны менен ынанып турам.

36Ал Ысрайыл элине Ыйса Машайак аркылуу тынчтык жөнүндө жар салып, Жакшы Кабар жиберди. Ал – бардык элдердин Теңири.

37Жакан жар салган чөмүлдүрүүдөн кийин, Галилеядан баштап, бүт Жүйүт аймагында эмнелер болгондугун, башкача айтканда,

38Кудай назареттик Ыйсаны Ыйык Рухка жана күчкө кандайча толтурганын, Ошол Ыйса эл аралап, жакшы иштерди жасап, шайтандын бийлиги астында кыйналып жүргөндөрдүн бардыгын айыктырганын билесиңер. Анткени Кудай Аны менен болчу.

39Анын Жүйүт жеринде жана Иерусалимде кылган бардык иштерине, Аны акырында айкаш жыгачка кадап өлтүрүшкөнүнө биз күбөбүз.

40Аны Кудай үчүнчү күнү тирилтип,

41элдин баарына эмес, Кудай тарабынан алдын ала тандалган күбөлөргө – Ал өлүп, кайра тирилгенден кийин, Аны менен бирге тамак ичкен бизге көрсөттү.

42Тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттой турган, Өзү тарабынан дайындалган Сот Ошол экенин жарыялоону жана күбөлөндүрүүнү Кудай бизге буйруду.

43“Ага ишенген ар бир адамдын күнөөлөрү Ал аркылуу кечирилет”, – деп, бардык пайгамбарлар Ал жөнүндө күбөлөндүрүп келишкен».

44Петир ушул сөздөрдү айтып жатканда, сөздү угуп отургандардын бардыгынын үстүнө Ыйык Рух түштү.

45Ошондо Петир менен келген, Ыйсага ишенген жүйүттөр Ыйык Рухтун бутпарастардын үстүнө да төгүлгөнүнө абдан таң калышты.

46Анткени алардын ар кандай тилдерде сүйлөп, Кудайды даңктап жатышканын угушту. Ошондо Петир мындай деди:

47«Биз сыяктуу эле, бул адамдар да Ыйык Рухту алышты. Демек, алардын сууга чөмүлдүрүлүүсүнө ким тыюу сала алат?»

48Анан Петир аларга Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлүүгө буйрук берди. Ошондон кийин алар Петирден дагы бир нече күн калуусун өтүнүштү.