Элчилердин иштери 11:1-30 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүт аймагындагы элчилер менен бир туугандар Кудайдын сөзүн бутпарастар да кабыл алгандыгын угушту.

2Петир Иерусалимге келгенде, сүннөткө отургузулгандар аны:

3«Эмнеге сен сүннөткө отургузулбагандарга барып, алар менен бирге тамак ичтиң?» – деп жемелешти.

4Ошондо Петир аларга ирети менен айтып бере баштады:

5«Жапа шаарында сыйынып отурганымда, мен бир көрүнүш көрдүм: асмандан мага төрт бурчунан кармалган чоң дасторконго окшогон бир идиш түштү.

6Мен анын ичин көз жүгүртүп карап чыгып, жер үстүндөгү төрт аяктуу жаныбарларды, сойлоп жүрүүчүлөрдү жана канаттуу куштарды көрдүм.

7Анан мен “Петир, тур, буларды союп же” деген үндү уктум.

8Бирок мен: “Жок, Теңир! Мен эч качан арам, таза эмес нерсени жеген эмесмин”, – дедим.

9Ошондо мага асмандан экинчи жолу үн угулду: “Кудай тазалаган нерсени сен таза эмес деп эсептебе”.

10Бул үч жолу болду. Андан кийин бардыгы кайрадан асманга көтөрүлүп кетти.

11Так ошол учурда Кейсареядан мага жиберилген үч киши мен конок болуп турган үйдүн алдына келди.

12Ошондо Рух мага: “Эч шектенбестен, алар менен жөнө”, – деди. Бул алты бир тууган да мени менен бирге жөнөштү. Ошентип, биз ал адамдын үйүнө бардык.

13Ал бизге өзүнүн үйүнөн периштени кандайча көргөндүгүн, ошол периште ага: “Жапага кишилерди жиберип, Петир деген да ысым коюлган Шымонду чакырт.

14Ал сага өзүңдү да, үйүңдөгүлөрдү да куткара турган сөздөрдү айтып берет”, – деп айтканын айтып берди.

15Мен сүйлөй баштаганда, мурун биздин үстүбүзгө түшкөндөй болуп, алардын үстүнө да Ыйык Рух түштү.

16Ошондо мен Теңирдин “Жакан сууга чөмүлдүргөн, ал эми силер Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр” деген сөзүн эстедим.

17Демек, эгерде Кудай бизге бергенин Теңир Ыйса Машайакка ишенген аларга да берсе, анда Кудайга каршы чыккыдай, мен киммин?»

18Алар муну укканда, тынчтанып: «Кудай бутпарастарды да тобо кылдырып, түбөлүк өмүргө ээ кылып жаткан турбайбы», – деп, Кудайды даңкташты.

19Степан өлтүрүлгөндөн кийин башталган куугунтуктан улам туш-тушка чачырап кеткендер жүйүттөргө гана Жакшы Кабар таратып, Финикияга, Кипрге жана Антийохеяга барышты.

20Бирок алардын арасындагы кипрликтер менен киренеялыктар Антийохеяга келип, эллиндерге да Теңир Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратышты.

21Аларды Теңир Өзү колдоду. Өтө көп сандагы адамдар ишенип, Теңирге кайрылышты.

22Бул кабар Иерусалимдеги Жыйынга да жетти. Ошондо алар Барнабаны Антийохеяга жиберишти.

23Ал келип, Кудайдын ырайымын көрүп кубанып, бардыгын Теңирге чын жүрөктөн ишенимдүү болууга насааттай баштады.

24Анткени ал Ыйык Рухка толгон, ишеними бекем жакшы киши болчу. Ошондо көп эл Теңирге кайрылды.

25Андан кийин Барнаба Шабылды издеп, Тарска кетти. Аны таап, Антийохеяга алып келди.

26Бир жыл бою алар Жыйын менен чогуу болуп, көптөрдү окутушту. Ошентип, биринчи жолу Антийохеядагы шакирттер машайакчылар деп аталып калышты.

27Ошол күндөрдө Иерусалимден Антийохеяга пайгамбарлар келишти.

28Алардын арасынан Агап деген адам ордунан туруп, бүт дүйнөдө катуу ачарчылык болорун Рух аркылуу алдын ала кабарлады. Ал ачарчылык Клавдий падышанын убагында болду.

29Ошондо шакирттердин ар бири өз мүмкүнчүлүгүнө жараша Жүйүт аймагында жашаган бир туугандарга жардам жиберүүнү чечишти.

30Ошентип, алар ошол чечим боюнча чогулткандарын Барнаба менен Шабыл аркылуу Жыйын башчыларына берип жиберишти.