1Ошол убакта падыша Ирод Ыйсага ишенгендерди куугунтуктай баштады. Алардын кээ бирөөлөрүн карматып,
2Жакандын бир тууганы Жакыпты кылыч менен өлтүрттү.
3Бул жүйүттөргө жагарын көрүп, Петирди да карматты. Бул Ачыткысыз нан майрамы күндөрү болду.
4Ал Петирди карматып, түрмөгө каматты да, төрт аскерден турган төрт топко аны кайтарууну буйруду. Анткени аны Пасах майрамынан кийин элдин алдына чыгармакчы болду.
5Ошентип, Петир камакта жатты. Ал эми Жыйын бул учурда Кудайга үзгүлтүксүз сыйынып турду.
6Ирод аны элдин алдына чыгармакчы болгон күндүн мурунку түнүндө Петир эки чынжыр менен кишенделип, эки аскердин ортосунда уктап жатты. Эшиктин алдында болсо күзөтчүлөр кайтарып турушту.
7Бир маалда Теңирдин периштеси пайда болуп, түрмөнүн ичи жаркырап кетти. Периште Петирди капталга түртүп ойготуп: «Тезирээк тургун», – деди. Ошондо анын колдорунан чынжырлар түшүп калды.
8Периште ага: «Куруңду курчанып, бут кийимиңди кийгин», – деди. Ал анын айтканын кылды. Андан кийин периште ага: «Кийимиңди кийип, мени ээрчигин», – деди.
9Петир аны ээрчип, сыртка чыкты. Бирок ал периште кылып жаткан иштин чыны менен эле болуп жатканын түшүнгөн жок. Анткени ал көрүнүш көрүп жатам деп ойлоду.
10Биринчи, экинчи күзөттөрдөн өтүп, экөө шаарга чыгуучу темир дарбазага келди. Дарбаза аларга өзүнөн өзү ачылды. Алар сыртка чыгып, бир көчөдөн өтүштү. Күтүлбөгөн жерден периште жок болуп кетти.
11Ошондо Петир өзүнө келип: «Теңир Өз периштесин жиберип, мени Ироддун колунан жана жүйүт эли күтүп жаткан нерсенин бардыгынан куткарганын мен эми чындап түшүндүм», – деди.
12Болуп өткөн окуяны түшүнгөндөн кийин, ал Марк деген да ысымы бар Жакандын энеси Мариямдын үйүнө келди. Ал жерде бир топ киши чогулуп, сыйынып жатышкан эле.
13Петир дарбазаны тыкылдата баштаганда, ким экенин билиш үчүн, Рода деген кызматчы кыз эшиктин алдына келди.
14Ал Петирдин үнүн таанып, эшикти ачпастан эле, сүйүнгөн бойдон үйгө чуркап кирип: «Эшиктин алдында Петир турат!» – деп кабарлады.
15Үйдөгүлөр болсо ага: «Сен акылыңдан адашып жаткан жоксуңбу?» – дешти. Бирок кыз өзүнүн айтканын ырастай берди. Ошондо алар: «Бул – анын периштеси», – дешти.
16Петир болсо эшикти тыкылдата берди. Алар эшикти ачып, аны көрүшкөндө, абдан таң калышты.
17Ал болсо аларга колу менен «унчукпагыла» деген белги берип, Теңирдин түрмөдөн кантип чыгаргандыгын айтып берди. Анан аларга: «Бул жөнүндө Жакыпка жана башка бир туугандарга билдиргиле», – деди да, үйдөн чыгып, башка жакка жөнөдү.
18Таң атканда: «Петир эмне болду?» – деп, аскерлер чоң дүрбөлөңгө түшүштү.
19Ирод болсо аны издетип, таптыра албай койгондон кийин, күзөтчүлөрдү суракка алып, аларды өлүм жазасына тартууга буйрук берди. Андан кийин ал Жүйүт аймагынан чыгып, Кейсареяга барып, ошол жерде калып калды.
20Ал тирликтер менен сидондуктарга кыжырданып калган эле. Алар болсо өз ара макулдашып алып, ага келишти да, анын сарай кызматчысы Биластты ортого салып, тынчтык сурашты, анткени алардын дубаны падышанын дубанынан азык-түлүк алып турчу.
21Белгиленген күнү Ирод өзүнүн падыша кийимин кийип, тактыга отурду да, элге кайрылып сөз сүйлөдү.
22Эл болсо: «Адам эмес, Кудай сүйлөп жатат!» – деп кыйкырып жатты.
23Кудайга тиешелүү даңкты өзүнө ыйгарып алгандыгы үчүн, күтүлбөгөн жерден Теңирдин периштеси аны жазалады: ал куртка жем болуп өлдү.
24Кудайдын сөзү элге кеңири тарап жатты.
25Барнаба менен Шабыл тапшырылган ишти аткарышкандан кийин, Марк деген да ысымы бар Жаканды ээрчитип, Иерусалимден Антийохеяга кайтып келишти.