Элчилердин иштери 13:1-52 KYB2004 - Bible AI

1Антийохеядагы Жыйында пайгамбарлар жана окутуучулар бар эле. Алар: Барнаба, Нигер деген да ысымы бар Шымыйон, киренеялык Лукий, дубан башчы Ирод менен бирге тарбияланган Манаен жана Шабыл.

2Алар Теңирге кызмат кылып, орозо кармап жатышканда, Ыйык Рух мындай деди: «Араңардан Мага Барнаба менен Шабылды бөлүп бергиле, алар Мен белгилеген ишти аткаруулары керек».

3Ошондо алар орозо кармап сыйынып, алардын үстүнө колдорун коюшту да, аларды жөнөтүп жиберишти.

4Ыйык Рух тарабынан жиберилген эки элчи Селекияга барып, ал жерден Кипрге сүзүп кетишти.

5Анан алар Саламиге барып, жүйүттөрдүн синагогаларында Кудайдын сөзүн айта башташты. Алардын жанында Жакан да жардам берип жүрдү.

6Алар аралды кыдырып чыгып, Паф шаарына келишкенде, жүйүттүк бир сыйкырчыга – Барыйса деген жалган пайгамбарга жолугушту.

7Ал Кипр аралынын башчысы Сергий Пабыл деген акылдуу киши менен жүргөн эле. Ошол арал башчы Кудайдын сөзүн угууну каалап, Барнаба менен Шабылды чакыртты.

8Бирок Элима («сыйкырчы» деп которулат) арал башчысынын Ыйсага ишенип калуусуна жол бербөөгө аракеттенип, эки элчиге каршы чыкты.

9Бирок Ыйык Рухка толгон Шабыл (Пабыл) аны тике карап, мындай деди:

10«Ар кандай арам ойлорго толгон алдамчы, шайтандын уулу, адилеттиктин душманы! Теңирдин түз жолдорун бурмалаганды качан коёсуң?

11Азыр Теңир сени Өз колу менен жазалайт: белгилүү бир убакытка чейин сокур болуп, күндү көрбөйсүң». Күтүлбөгөн жерден анын көзү тунарып, сокур болуп калды. Ал ары-бери тегеренип, колунан жетелер адам издей баштады.

12Бул окуяны көргөн арал башчысы Теңир жөнүндөгү окутууга таң калып, ишенип калды.

13Пабыл жана анын жанындагылар Паф шаарынан кеме менен чыгып, Памфилия дубанынын Перге шаарына келишти. Жакан болсо алардан бөлүнүп, Иерусалимге кайтты.

14Анан алар Пергени аралап өтүп, Писидия дубанынын Антийохея шаарына келишти. Ишемби күнү синагогага кирип отурушту.

15«Тоорат» жана «Пайгамбарлар» китептеринен окулгандан кийин, синагога башчылары аларга киши жиберип: «Агайын-туугандар! Эгерде элге айта турган насаат сөзүңөр болсо, айткыла», – деп айттырышты.

16Ошондо Пабыл ордунан туруп, колу менен белги берип, мындай деди: «Ысрайыл эркектери жана Кудайдан корккондор! Сөзүмө кулак салгыла.

17Ысрайыл элибиздин Кудайы ата-бабаларыбызды тандап алып, элибизди Мисирде жашап турганында улуу эл кылып, Өзүнүн күчтүү колу менен ал жерден алып чыкты.

18Чөлдө аларды кырк жылга жакын убакыт бакты.

19Анан Канаан жериндеги жети элди кырып жок кылып, алардын жерин биздин элибизге мурас кылып бөлүп берди.

20Андан кийин төрт жүз элүү жылга жакын убакыт алардын үстүнөн башкаруучуларды коюп турду. Шемуел пайгамбардын убагына чейин ушундай болду.

21Андан кийин алар падыша сурашты. Ошондо Кудай аларга Бенжемин уруусундагы Киштин уулу Шабылды падыша койду. Ал кырк жыл падышачылык кылды.

22Кудай аны четке кагып, аларга Дөөттү падыша кылып койду. Ал жөнүндө Кудай Өзү мындай деп айткан: “Мен Өзүмдүн жүрөгүмө жаккан адамды таптым, ал – Жышай уулу Дөөт. Ал Менин бүт каалоомду аткарат”.

23Мына ошол адамдын тукумунан Кудай Өзүнүн убадасы боюнча Ысрайыл элине Куткаруучу Ыйсаны жиберди.

24Анын келерине жакын чөмүлдүрүүчү Жакан бүт Ысрайыл элине тобо кылуу чөмүлдүрүүсү жөнүндө жар салды.

25Жакан өмүрүнүн акырында мындай деди: “Мени ким деп эсептейсиңер? Мен Ал эмесмин. Ал менин артымдан келе жатат. Мен Анын бут кийимин чечүүгө да татыксызмын”.

26Агайын-туугандар, Ыбрайымдын урпактары жана Кудайдан корккондор! Ошол куткарылуу жөнүндөгү Жакшы Кабар силерге жиберилген.

27Анткени Иерусалим тургундары жана алардын башчылары Аны тааныбай, айыпташты. Ошентип, алар ар бир ишемби күнү окулган пайгамбарчылыктарды ишке ашырышты.

28Андан өлүм жазасына тарткыдай айып таба алышпаса да, Пилаттан Аны өлтүрүүнү өтүнүштү.

29Ал жөнүндө жазылган сөздөрдүн бардыгын иш жүзүнө ашырышкандан кийин, Анын сөөгүн жыгачтан түшүрүп, көргө коюшту.

30Бирок Кудай Аны тирилтти.

31Ал Өзү менен бирге Галилеядан Иерусалимге келгендерге бир нече күн көрүнүп жүрдү. Алар – азыр да эл алдында Анын күбөлөрү.

32Кудай ата-бабаларыбызга берген Өзүнүн убадасын алардын балдары – биз үчүн аткарганын, аны Ыйсаны тирилтүү менен аткарганын силерге жарыялап жатабыз.

33Бул жөнүндө экинчи Забурда мындай деп жазылган: “Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум”.

34Сөөгү чирибеши үчүн, Ыйсаны тирилткени жөнүндө болсо мындай деген: “Мен Дөөткө убада кылган ырайымымды силерге чыны менен көрсөтөмүн”.

35Ошон үчүн Дөөт Ыйык Жазуунун дагы бир жеринде мындай дейт: “Өзүңдүн Ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң”.

36Бирок Дөөт өз учурунда Кудайдын каалоосу боюнча өз элине кызмат кылып бүткөндөн кийин, көз жумуп, ата-бабаларынын жанына коюлду, анын сөөгү чириди.

37Ал эми Кудай тирилткен Ыйсанын сөөгү чириген жок.

38Ошондуктан, бир туугандар, билип алгыла: силерге Ал аркылуу күнөөлөрүңөрдүн кечириле тургандыгы жарыяланып жатат.

39Мусанын мыйзамы аркылуу актала албаган иштериңердин бардыгынан Ал аркылуу акталасыңар. Ага ишенген ар бир адам Ал аркылуу акталат.

40Ошондуктан сак болгула, пайгамбарлар айткан мына бул сөздөр башыңарга түшпөсүн:

41“Жек көрүүчүлөр, карагыла да, таң калып, жок болуп кеткиле. Анткени Мен силердин күндөрүңөрдө бир иш жасайм. Ал иш жөнүндө силерге ким айтып берсе да, ишенбейсиңер”».

42Барнаба менен Пабыл жүйүттөрдүн синагогасынан чыгып бара жатышканда, бутпарастар алардан ушул сөздөрдү кийинки ишембиде да айтып берүүлөрүн өтүнүштү.

43Эл тарагандан кийин, көптөгөн жүйүттөр жана бутпарастардын арасынан Кудайга кайрылган, Кудайды ыйык туткан прозелиттер Пабыл менен Барнабаны ээрчип алышты. Бул экөө алар менен сүйлөшүп, аларга Кудайдын ырайымы астында болуу жөнүндө насаат айтышты.

44Кийинки ишемби күнү дээрлик бүт шаар Кудайдын сөзүн угуу үчүн чогулду.

45Бирок жүйүттөр элди көргөндө, көрө албастык кылып, Пабылдын сүйлөгөн сөздөрүнө каршы жаман сөздөрдү айтышты.

46Ошондо Пабыл менен Барнаба кайраттуулук менен мындай дешти: «Кудайдын сөзү баарынан мурда силерге айтылышы керек эле. Бирок силер аны четке кагып, өзүңөрдү өзүңөр түбөлүк өмүргө татыксыз кылып жатканыңардан улам, биз бутпарастарга кайрылып жатабыз.

47Анткени Теңир бизге мындай деген: “Сен бүт жер жүзүндөгү адамдарды куткарышың үчүн, Мен Сени бутпарастарга жарык кылып койдум”».

48Бутпарастар муну укканда, кубанып, Теңирди ушул сөзү үчүн даңкташты. Түбөлүк өмүргө ээ болууга тандалгандардын бардыгы Ыйсага ишенип калышты.

49Теңирдин сөзү бүт өлкөгө тарап жатты.

50Жүйүттөр болсо динчил жана кадыр-барктуу аялдарды, шаардын атактуу адамдарын тукуруп, Пабыл менен Барнабаны куугунтукка алышты да, аларды өздөрүнүн жеринен кууп чыгышты.

51Эки элчи болсо аларга буттарындагы чаңды күүп, Икония шаарына жөнөп кетишти.

52Ал эми шакирттер кубанычка батып, Ыйык Рухка толуп жатышты.