1Пабыл менен Барнаба Иконияга келгенде, жүйүттөрдүн синагогасына кирип, сөз сүйлөштү. Ошондо көптөгөн жүйүттөр менен эллиндер Ыйсага ишенип калышты.
2Ал эми ишенбеген жүйүттөр бутпарастарды бир туугандарга каршы тукуруп, кыжырдантышты.
3Ошондой болсо да ал экөө ал жерде бир топ убакыт болуп, Теңир жөнүндө кайраттуулук менен айтып жүрүштү. Теңир болсо Өзүнүн ырайымы жөнүндөгү сөзүн күбөлөндүрүү үчүн, алардын колдору аркылуу ажайыптар менен кереметтерди көрсөтүп жатты.
4Бирок шаардын эли экиге бөлүндү: элдин бир бөлүгү жүйүттөр тарапта, экинчи бөлүгү элчилер тарапта болду.
5Эки элчини шылдыңдап, таш бараңга алыш үчүн, бутпарастар менен жүйүттөр өздөрүнүн башчылары менен бирдикте аларды көздөй бет алышты,
6Алар бул жөнүндө билип калып, Лукония дубанынын Листра жана Дербе шаарларына, алардын чет жакаларына кетип калышты да,
7ошол жерлерде Жакшы Кабар таратып жүрүштү.
8Листрада буттары кыймылдабаган бир адам отурчу. Ал тубаса майып болчу, өмүрүндө эч качан баскан эмес.
9Ал Пабылдын сөзүн угуп отурган. Пабыл аны карап, айыгарына ишенерин көрдү да,
10үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Теңир Ыйса Машайактын атынан сага айтамын, ордуңдан тур». Ал ошол замат ордунан ыргып туруп, баса баштады.
11Пабылдын эмне кылганын көргөн адамдар лукониялыктардын тилинде: «Кудайлар бизге асмандан адам бейнесинде түшүп келишти», – деп кыйкырып жатышты.
12Анан Барнабаны Зевс деп, ал эми Пабылды Эрмес деп аташты, анткени, негизинен, Пабыл сөз сүйлөп жаткан эле.
13Алардын шаарынын алдында турган Зевс бурканынын кызматчысы дарбазанын алдына өгүздөрдү жана гүлчамбарларды алып келди да, эл менен бирдикте курмандык чалмакчы болду.
14Бирок элчилер Барнаба менен Пабыл муну укканда, өз кийимдерин айрып, элдин ортосуна жулунуп кирип, катуу үн менен мындай дешти:
15«Эркектер! Эмне кылып жатасыңар? Биз силерге окшогон эле адамдарбыз. Ушул жасалма кудайлардан бурулуп, асман менен жерди, деңизди жана алардын ичиндеги бардык нерселерди жараткан тирүү Кудайга кайрылышыңар үчүн, биз силерге Жакшы Кабар айтып жатабыз.
16Ал өткөн кылымдарда бардык элдердин өз жолдору менен жүрүүсүнө жол берген.
17Ошого карабастан, Ал жакшы иштери аркылуу Өзү жөнүндө күбөлөндүргөнүн токтоткон эмес: Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, түшүм берип, тамак-аш менен камсыз кылып, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген».
18Алар ушул сөздөрдү айтып, элди курмандык чалдырбай, үйлөрүнө тарап кетүүгө араң көндүрүштү. Өздөрү ошол жерде калып, элди окутуп жатышканда,
19Антийохея менен Икониядан жүйүттөр келишти. Элчилер кайраттуулук менен Жакшы Кабар айтып жатышканда, алар: «Булардын эч бир сөзү чындык эмес, булар жалган айтып жатышат», – деп, элди алардын жанынан кетүүгө көндүрүштү. Анан алар элди тукуруп, Пабылды таш бараңга алышты да, өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты.
20Шакирттер Пабылдын тегерегине чогулуп калышканда, ал ордунан туруп, шаарга кирди. Эртеси күнү Барнаба менен бирге Дербеге жөнөп кетти.
21Алар бул шаарда Жакшы Кабар таратып, бир нече адамды Ыйсанын шакирти кылышкандан кийин, кайрадан Листраны, Иконияны жана Антийохеяны аралап,
22шакирттерди бекемдеп, ишенимден баш тартпоону насааттап: «Кудайдын Падышачылыгына көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек», – деп окутуп жүрүштү.
23Анан алар ар бир Жыйынга башчыларды дайындашты да, орозо кармап сыйынып, аларды өздөрү ишенген Теңирге тапшырышты.
24Андан кийин Писидияны аралап өтүп, Памфилияга келишти.
25Пергеде Теңирдин сөзүн жарыя кылышкандан кийин, Аталея шаарына келишти.
26Ал жерден Антийохеяга сүзүп кетишти. Антийохеяда алар өздөрүнө берилген тапшырма боюнча Кудайдын ырайымына тапшырылышкан эле. Ошол тапшырманы аткарышкандан кийин,
27алар Антийохеяга келишти да, Жыйынды чогултуп, Кудайдын өздөрү аркылуу кылган иштеринин бардыгын, Анын бутпарастар үчүн ишеним эшигин ачкандыгын айтып беришти.
28Алар Антийохеяда шакирттер менен бир топ убакыт бирге болушту.