Элчилердин иштери 15:1-41 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүт аймагынан келген кээ бир жүйүттөр бир туугандарды: «Эгерде Мусанын мыйзамы боюнча сүннөткө отургузулбасаңар, куткарылбайсыңар», – деп окутушту.

2Ушундан улам Пабыл, Барнаба менен алардын ортосунда келишпестик пайда болуп, талаш-тартыш чыкты. Ошондо Пабыл менен Барнабаны жана дагы бир нече адамды бул маселе боюнча Иерусалимдеги элчилерге жана Жыйын башчыларына жиберүүнү чечишти.

3Жыйын тарабынан жөнөтүлгөн алар Финикия менен Самарияны аралап бара жатып, ал жерлердеги бир туугандарга бутпарастардын Кудайга кайрылышкандыгы жөнүндө айтып, бардыгын кубандырышты.

4Иерусалимге келишкенде, аларды Жыйын, элчилер жана Жыйын башчылары кабыл алышты. Алар Кудайдын өздөрү аркылуу кылган иштеринин бардыгын, Анын бутпарастар үчүн ишеним эшигин кандай ачкандыгын айтып беришти.

5Ошондо фарисейлер тобунан Ыйсага ишенип калгандардын кээ бирөөлөрү чыгып: «Бутпарастар сүннөткө отургузулууга тийиш, алардан Мусанын мыйзамын аткарууну талап кылуу керек», – дешти.

6Ошондо элчилер менен Жыйын башчылары ушул маселени кароо үчүн чогулушту.

7Узакка созулган талкуудан кийин, Петир ордунан туруп, аларга мындай деди: «Бир туугандар! Бутпарастар мен аркылуу Жакшы Кабар угуп, Ыйсага ишенип калуусу үчүн, Кудай эң башында араңардан мени тандап алгандыгын билесиңер.

8Адамдын жүрөгүндөгүнү билген Кудай бизге Ыйык Рухту бергениндей эле, аларга да берди. Бул аркылуу Кудай аларды кабыл алгандыгын күбөлөндүрдү.

9Алардын жүрөктөрүн өздөрүнүн ишеними аркылуу тазалап, алар менен биздин ортобуздагы айырмачылыкты жок кылды.

10Эмне үчүн силер шакирттердин мойнуна ата-бабаларыбыз да, биз да көтөрө албаган түйшүктү жүктөп, Кудайды сынап жатасыңар?

11Бирок биз Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы менен алар сыяктуу эле куткарыларыбызга ишенебиз».

12Ошондо бүт эл тынчтанып, Барнаба менен Пабылдын сөзүнө кулак салышты. Алар Кудайдын бутпарастар арасында кандай ажайыптар менен кереметтерди жасагандыгын айтып беришти.

13Алар сүйлөп бүтүшкөндөн кийин, Жакып мындай деп сөз баштады: «Бир туугандар! Мага кулак салгылачы.

14Шымон бизге Кудайдын эң башында эле бутпарастарга назарын салып, алардан Өзүнүн ысымы үчүн эл жаратууну каалаганын айтып берди.

15Бул жөнүндө пайгамбарлар мындай деп айтышкан:

16“Андан кийин Мен кайрылып келип, Дөөттүн кулап калган чатырын кайрадан тургузам, анын ичиндеги бузулган жерлерин калыбына келтирем, аны оңдойм.

17Ошондо Менин ысымым кайсы элдердин арасында жарыя кылынса, ошол элдердин бардыгы Теңирди издешет, – дейт ушунун бардыгын жасап жаткан Теңир”.

18Байыртадан бери эле Кудайга Өзүнүн бардык иштери белгилүү.

19Ошондуктан мен бутпарастардын арасынан Кудайга кайрылгандарга ашыкча нерселерди жүктөбөө керек деп ойлойм.

20Тескерисинче, аларга мындай деп жазып жибериш керек: “Буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын, канаттуунун этин жебегиле, ойноштук кылбагыла, өзүңөргө каалабаган нерсени башкаларга да каалабагыла”.

21Анткени байыртадан бери эле Мусанын мыйзамы бардык шаарларда айтылып, ар бир ишемби күнү синагогаларда окулуп келе жатат».

22Ошондо элчилер менен Жыйын башчылары Жыйын менен чогуу ойлонуп, өздөрүнүн арасынан адамдарды, атап айтканда, бир туугандардын арасында башчылык кылган, Барзаба деген да ысымы бар Жүйүттү жана Сыласты тандашты да, аларды Пабыл жана Барнаба менен бирге Антийохеяга жиберүүнү чечишти.

23Төмөнкүдөй кат жазып, алар аркылуу берип жиберишти: «Элчилердин, Жыйын башчыларынын жана бир туугандардын атынан Антийохеядагы, Сириядагы жана Киликиядагы бутпарас бир туугандарыбызга салам айтабыз.

24Биздин арабыздан барган кээ бирөөлөр “Бутпарастар сүннөткө отургузулууга тийиш, алар мыйзамды аткаруулары керек” деген сөздөрү менен силерди тынчсыздандырып, олку-солку кылышканын уктук. Бирок биз аларга андай тапшырма берген эмеспиз.

25Ошондуктан биз чогулуп, кишилерди тандап, аларды Теңирибиз Ыйса Машайак үчүн жандарын арнап койгон сүйүктүү бир туугандарыбыз Барнаба жана Пабыл менен бирге силерге жиберүүгө бир добуштан чечим чыгардык.

27Ошентип, биз Жүйүт менен Сыласты жибердик, алар муну силерге оозеки да түшүндүрүп беришет.

28Анткени Ыйык Рух жана биз силердин мойнуңарга төмөнкү эң маанилүү нерселерден башка эч кандай түйшүк жүктөлбөсүн деп чечтик:

29буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын, канаттуунун этин жебегиле, ойноштук кылбагыла, өзүңөргө каалабаган нерсени башкаларга да каалабагыла. Ушулардан сактансаңар, жакшы кыласыңар. Саламатта болгула».

30Ошентип, жөнөтүлгөндөр Антийохеяга келишти да, Жыйынды чогултуп, катты тапшырышты.

31Алар болсо катты окуп чыгып, бул акыл-насаатка кубанышты.

32Жүйүт менен Сылас пайгамбар да болушкандыктан, бир туугандарга көптөгөн акыл-насааттарды айтып, алардын ишенимин бекемдешти.

33Ал экөө Антийохеяда дагы бир аз убакыт болушкандан кийин, бир туугандар аларды элчилерге тынчтык менен узатып жиберишти.

34Бирок Сылас Антийохеяда калууну чечти, Жүйүт болсо Иерусалимге кайтты.

35Пабыл менен Барнаба да Антийохеяда калып, башка көптөгөн адамдар менен бирдикте Теңирдин сөзүн үйрөтүп жана таратып жүрүштү.

36Бир аз убакыт өткөндөн кийин Пабыл Барнабага: «Теңирдин сөзүн кайсы шаарларда айтсак, ошол шаарлардагы бир туугандарга кайра барып, алардын кандай жашап жатышканын көрүп келели», – деди.

37Барнаба Марк деген да ысымы бар Жаканды ээрчитип алгысы келди.

38Бирок Пабыл өздөрүнө тапшырылган ишке чогуу барбай, Памфилияда калып калган Жаканды ээрчиткиси келген жок.

39Ушундан улам Пабыл менен Барнабанын ортосунда келишпестик пайда болуп, экөө бири-биринен бөлүнүп кетишти. Барнаба Маркты алып, Кипрге сүзүп кетти.

40Пабыл болсо Сыласты тандап алды да, бир туугандар тарабынан Кудайдын ырайымына тапшырылып, жолго чыкты.

41Ал Сирияны жана Киликияны кыдырып, ал жерлердеги Жыйындарды бекемдеп жүрдү.