1Пабыл Дербеге да, Листрага да барды. Листрада Тиметей деген шакирт бар эле. Анын энеси Ыйсага ишенип калган жүйүт, ал эми атасы эллин болчу.
2Листрада жана Иконияда жашаган бир туугандар ал жөнүндө жакшы күбөлөндүрүшчү.
3Пабыл аны өзү менен ала кетүүнү каалады. Ошондуктан аны ал жактагы жүйүттөр үчүн сүннөткө отургузду. Анткени анын атасы эллин экендигин бардыгы билишчү.
4Алар шаарларды кыдырып, Ыйсага ишенгендерге Иерусалимдеги элчилер жана Жыйын башчылары тарабынан берилген көрсөтмөлөрдү аткаруу керектигин айтып жүрүштү.
5Жыйындагылардын ишеними бекемделип, сан жагынан күндөн-күнгө көбөйүп жатты.
6Ыйык Рух тарабынан Асияда Жакшы Кабар таратууга жол берилбегендиктен, алар Фригияны жана Галатия өлкөсүн аралап өтүп,
7Мусия дубанына жакын келишти да, ал жерден Битиния дубанына кетүүгө аракет кылышты. Бирок Рух буга жол берген жок.
8Ошондуктан Мусиянын жанынан өтүп, алар Троас шаарына келишти.
9Түн ичинде Пабыл бир көрүнүш көрдү: көрүнүштө македониялык бир киши андан: «Македонияга келип, бизге жардам бер», – деп өтүндү.
10Пабыл ушул көрүнүштү көргөндөн кийин, Теңир бизди Македонияда Жакшы Кабар айтууга чакырып жатат деген тыянак чыгардык да, дароо эле ошол жакка барууга аракет кыла баштадык.
11Ошентип, биз Троастан кемеге түшүп, түз эле Самофрак аралына, эртеси күнү Неапол шаарына келдик.
12Неаполдон Филипиге келдик. Бул Македониянын биринчи бөлүгү болуп эсептелген, римдиктер жашаган шаар эле. Бул шаарда биз бир нече күн болдук.
13Ишемби күнү шаардын сыртына чыгып, дарыянын боюна бардык. Адатта, ал жерде жүйүттөр Кудайга сыйынышчу. Ал жерден орун алып отурдук да, чогулган аялдар менен сүйлөшө баштадык.
14Алардын арасында Тиатира шаарынан келген, кочкул кызыл кездеме менен соода кылган Лидия деген аял айтылып жаткан сөздөрдү угуп отурган. Ал Кудайды урматтаган аял эле. Пабылдын айткан сөздөрүн түшүнүшү үчүн, Теңир анын жүрөгүн ачты.
15Ал өзүнүн үй-бүлөсү менен бирге сууга чөмүлдүрүлгөндөн кийин: «Эгерде силер мени Теңирге чыны менен ишенди деп эсептесеңер, анда менин үйүмө келип, меникинде жашап тургула», – деп өтүндү. Биз анын өтүнүчүнө макул болдук.
16Бир жолу биз сыйынуу жайына бара жатып, көзү ачыктык кылдыруучу жини бар бир күң кызга жолуктук. Ал кыз көзү ачыктык кылуу менен өзүнүн кожоюндарына көп киреше түшүрчү экен.
17Ал Пабылдын жана биздин артыбыздан калбай, мындай деп кыйкырып жүрдү: «Бул адамдар – бардыгынан жогору турган Кудайдын кулдары, булар бизге куткарылуу жолун жарыялап жүрүшөт».
18Кыз көп күн ушинтип жүрдү. Пабылдын ачуусу келип, артына бурулду да, кыздын ичиндеги жинге: «Ыйса Машайактын атынан буйрук кыламын: кыздын ичинен чык», – деди. Жин ошол замат чыгып кетти.
19Кыздын кожоюндары өздөрүнө киреше түшпөй каларын билишкенде, Пабыл менен Сыласты кармап алып, аянтка, башкаруучуларга сүйрөп барышты.
20Аларды аскер башчыларга алып келишип: «Мына бул жүйүттөр шаарыбызды дүрбөлөңгө түшүрүп,
21бизге, римдиктерге, кабыл алууга да, аткарууга да болбогон каада-салттарды үгүттөп жүрүшөт», – дешти.
22Эл да аларга каршы чыкты. Аскер башчылар болсо кийимдерин сыйрып алып, аларды таяк менен сабоого буйрук беришти.
23Аларды катуу сабашкандан кийин, түрмөгө түртүп киргизишти да, түрмө сакчысына өтө сактык менен кайтарууну буйрук кылышты.
24Ушундай буйрук алган түрмө сакчысы аларды ички түрмөгө түртүп киргизип, буттарына жыгач кишен кийгизип койду.
25Түн ортосу болуп калган убакта Пабыл менен Сылас сыйынып, Кудайды даңктап ырдашты. Туткундар болсо аларга кулак төшөштү.
26Бир маалда катуу жер титирөө болуп, түрмөнүн пайдубалы солкулдап кетти. Ошол замат бардык эшиктер ачылып, бардыгынын кишендери бошоп калды.
27Түрмө сакчысы ойгонуп кетип, түрмөнүн эшиктеринин ачылып калганын көргөндө, туткундарды качып кетти деп ойлоп, кылычын сууруп чыгып, өзүн өзү өлтүрмөкчү болду.
28Бирок Пабыл мындай деп кыйкырып жиберди: «Өзүңө эч кандай жамандык кылба, анткени бардыгыбыз бул жердебиз».
29Түрмө сакчысы шам сурап алып, түрмөнүн ичине чуркап кирди да, коркконунан титиреп, Пабыл менен Сыластын алдына келип жыгылды.
30Анан аларды сыртка чыгарып: «Мырзаларым! Куткарылыш үчүн эмне кылуум керек?» – деп сурады.
31Алар болсо ага: «Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөр да куткарылат», – дешти.
32Ошентип, алар ага жана анын үйүндөгүлөрүнүн бардыгына Теңирдин сөзүн айтып беришти.
33Ошол эле түнү түрмө сакчысы аларды үйүнө алып барып, алардын жараларын жууду. Андан кийин ал дароо эле үйүндөгүлөрүнүн бардыгы менен бирге сууга чөмүлдүрүлдү.
34Аларды үйүнө киргизип, алдыларына дасторкон жайды. Ыйсага ишенип калышканы үчүн, ал үйүндөгүлөрү менен бирге аябай кубанды.
35Таң атканда аскер башчылары шаар кызматчылары аркылуу: «Кечээки адамдарды бошоткула», – деп айттырып жиберишти.
36Түрмө сакчысы бул кабарды Пабылга билдирип: «Аскер башчылары силерди бошотуш үчүн, кишилерди жиберишиптир. Ошондуктан чыккыла да, тынчтык менен кеткиле», – деди.
37Бирок Пабыл аларга: «Бизди, римдик атуулдарды, сураксыз эле бүт элдин алдында сабап, түрмөгө камашты. Эми бизди жашыруун бошотушмакчыбы? Мындай болбойт, бизди өздөрү келип чыгарышсын», – деди.
38Шаар кызматчылары бул сөздөрдү аскер башчыларына айтып барышты. Аскер башчылары эки элчинин римдик атуулдар экендигин угуп коркуп кетишкендиктен,
39келип, алардан кечирим сурашты да, аларды түрмөдөн чыгарып, шаардан кетүүлөрүн өтүнүштү.
40Алар болсо түрмөдөн чыккандан кийин, Лидиянын үйүнө келишти. Ал жерден бир туугандарга жолугуп, акыл-насаат айтышты, анан жолго чыгышты.