Элчилердин иштери 17:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Алар Амфипол жана Аполония шаарларын аралап өтүп, Тесалоника шаарына келишти. Ал жерде жүйүттөрдүн синагогасы бар эле.

2Пабыл адаттагысындай эле алардын синагогасына кирип, үч ишемби катары менен аларды Ыйык Жазуунун негизинде окутту.

3Машайактын азап чегип өлүп, кайра тирилүүсү керек болгондугун аларга түшүндүрүп, далилдеди да: «Мен силерге жарыялап жаткан Ыйса – Ошол Машайактын Өзү», – деди.

4Ошондо алардын ичинен кээ бирлери Ыйсага ишенип, Пабыл менен Сыласка кошулушту. Алардын арасында Кудайга табынган көптөгөн эллиндер, атактуу аялдар бар эле.

5Бирок Ыйсага ишенбеген жүйүттөр көрө албастык кылып, аянттан бузуку кишилерди чогулта калышты да, шаарга дүрбөлөң түшүрө башташты. Анан алар Жасондун үйүнө келишти да, элдин алдына чыгаруу үчүн, Пабыл менен Сыласты издешти.

6Аларды таппай коюшкандан кийин, Жасонду жана кээ бир бир туугандарды шаар башчыларынын алдына сүйрөп барып: «Бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн адамдар бул жакка да келишти.

7Жасон аларды үйүнө кабыл алды. Булардын бардыгы Ыйса деген адамды падыша деп эсептеп, римдик падышанын буйруктарына каршы чыгып жатышат», – деп кыйкырышты.

8Муну уккан элдин да, шаар башчыларынын да тынчы кетти.

9Бирок булар Жасондон жана башка бир туугандардан кепилдик кат алышкандан кийин, аларды бошотуп жиберишти.

10Бир туугандар болсо Пабыл менен Сыласты түн ичинде Бероя шаарына шашылыш түрдө жөнөтүп жиберишти. Экөө ал жерге келишкенде, жүйүттөрдүн синагогасына барышты.

11Бероялык жүйүттөр тесалоникалык жүйүттөргө караганда акылдуу эле. Алар Кудайдын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алышты жана: «Чын эле ушундайбы?» – дешип, күн сайын Ыйык Жазууну изилдешти.

12Ошентип, бероялык жүйүттөрдүн көпчүлүгү Ыйсага ишенип калышты. Алардын арасында эллиндердин көптөгөн атактуу аялдары менен эркектери да бар эле.

13Тесалоникалык жүйүттөр Пабылдын Бероя шаарында да Кудай сөзүн жарыялаганын билишкенде, ал жакка да барып, элдин тынчын кетирип, дүрбөлөң түшүрүштү.

14Ошондо бир туугандар Пабылды шашылыш түрдө деңиз тарапка жөнөтүштү. Сылас менен Тиметей болсо ошол жерде калышты.

15Пабылды узатып чыккандар аны Афин шаарына чейин узатып барышты. Алар Пабылдын «Сылас менен Тиметей мага мүмкүн болушунча тезирээк келишсин!» деген тапшырмасын алып, кайра артка кайтышты.

16Пабыл Афинде Сылас менен Тиметейди күтүп жатканда, бул шаардын буркандарга толгондугун көрүп, абдан кайгырды.

17Ошондуктан ал синагогада жүйүттөр менен, Кудайга табынган гректер менен, ар күнү базар аянтында кимге жолукса, ошолор менен сүйлөшүп жүрдү.

18Ошондо ага Эпикур деген философтун окутуусун жактагандар жана Стоа деген философиялык агымдын өкүлдөрү да жолукту. Алардын бирөөлөрү: «Бул келжирек эмнени айтмакчы болуп жатат?» – дешсе, дагы бирөөлөрү: «Ал чет элдик кудайлар жөнүндө үгүт таратып жүрөт окшойт», – дешти. Анткени Пабыл Ыйса жөнүндө жана тирилүү жөнүндө жарыялап жүргөн эле.

19Анан алар Пабылды ареопагга алып келишти да: «Сен үгүттөп жүргөн бул жаңы окутуу эмне деген окутуу экендигин билсек болобу?

20Анткени сен бизге таң каларлык нерсени угузуп жатасың. Ошондуктан биз мунун эмне экендигин билгибиз келет», – дешти.

21Анткени афиндиктер жана ал шаарда жашаган чет өлкөлүктөр өздөрүнүн убактыларын кандайдыр бир жаңы нерсе жөнүндө сүйлөө менен же угуу менен гана өткөрүшчү.

22Пабыл ареопагдын ортосуна туруп алып, мындай деп сүйлөдү: «Афиндиктер! Бардык нерседен мен силердин өзгөчө динчил экениңерди көрүп жатам.

23Анткени мен силердин ыйык жайларыңарды кыдырып карап жүрүп, “Белгисиз кудайга” деген жазуусу бар курмандык чалынуучу жайыңарды көрдүм. Мен силерге өзүңөр билбесеңер да урматтап жүргөн Ошол Кудай жөнүндө айтып берейин.

24Ал – дүйнөнү жана анын ичинде эмне болсо, ошонун бардыгын жараткан Кудай, асман менен жердин Теңири, ошондуктан Ал адамдын колу менен курулган ийбадатканаларда жашабайт.

25Ал бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт, анткени бардыгына өмүр, дем жана керектүү нерсенин бардыгын берген – Ал Өзү.

26Бүт жер жүзүндө жашасын деп, Ал бир адамдан бүткүл адамзатты жаратты, адамдар үчүн мезгилдерди жана жашай турган жерлерди белгиледи.

27Адамдар Кудайды издешсин деп, Аны сезишер бекен, табышар бекен деп, Ал ушундай кылды. Бирок Ал ар бирибизге жакын.

28Анткени биз Ал аркылуу жашап жатабыз, Ал аркылуу кыймылдап жүрөбүз, Ал аркылуу бар болуп турабыз. Бул жөнүндө силердин кээ бир акындарыңар: “Биз Анын тукумубуз”, – дешкен.

29Эгерде биз Кудайдын тукуму болсок, анда Кудайды адамдын чыгармачылыгы же тапкычтыгы менен алтындан, же күмүштөн, же таштан жасалган кандайдыр бир буркан деп ойлобошубуз керек.

30Ошондуктан Кудай биздин билбестик кылып жүргөн убакыттарыбызды эсине албастан, азыр бардык жерде бардык адамдарга тобо кылууну буйруп жатат.

31Анткени Ал бир күндү белгилеп койду. Ошол күнү ааламды Өзү алдын ала белгилеп койгон Адам аркылуу адилеттик менен соттойт. Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү менен, Ал муну бардык адамдарга далил катары көрсөттү».

32Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө угушканда, кээ бирөөлөр шылдың кылышты, кээ бирөөлөр болсо: «Биз бул тууралуу сенден башка жолу угабыз», – дешти.

33Ошондо Пабыл алардын арасынан чыгып кетип калды.

34Бирок кээ бир эркектер аны ээрчип жүрүп, Ыйсага ишенип калышты. Алардын арасында ареопаг кеңешинин мүчөсү Дийонисий, Дамар деген аял жана башкалар бар эле.