Элчилердин иштери 18:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Ошондон кийин Пабыл Афинден чыгып, Корунт шаарына келди.

2Ал жерден ал Акила деген понттук бир жүйүткө жолукту. Клавдий бүт жүйүттөргө Римден чыгып кетүүнү буйругандыктан, ал аялы Прискила менен жакында эле Италиядан келген эле. Пабыл алардын үйүнө барды.

3Ал Акила менен кесиптеш болгондуктан, алар менен жашап, чогуу иштей баштады. Алар чатыр жасашчу.

4Пабыл ишемби сайын синагогада сүйлөп, жүйүттөр менен эллиндерди Ыйсага ишендирүүгө аракет кылып жатты.

5Сылас менен Тиметей Македониядан келишкенден кийин, Пабыл өзүн Жакшы Кабар таратууга толугу менен арнап, жүйүттөргө Ыйсанын Машайак экендигин күбөлөндүрө баштады.

6Бирок алар каршы чыгып, жаман сөздөрдү айтышкандыктан, ал өзүнүн кийимдерин силкип, аларга мындай деди: «Өз каныңар өз мойнуңарда. Мен тазамын. Мындан ары бутпарастарга барам».

7Ошентип, Пабыл синагогадан чыгып, Кудайды урматтаган Жуст деген бир кишинин үйүнө келди. Анын үйү синагоганын жанында эле.

8Синагоганын башчысы Криспос бүт үй-бүлөсү менен Теңирге ишенип калды. Пабылдын сөзүн уккан көптөгөн корунттуктар да Ыйсага ишенип, сууга чөмүлдүрүлүштү.

9Бир түнү Теңир Пабылга көрүнүш аркылуу мындай деди: «Коркпо, айта бер, унчукпай калба,

10анткени Мен сени мененмин, сага эч ким жамандык кылбайт. Анткени бул шаарда Менин көп адамдарым бар».

11Ошондо Пабыл ал жерде бир жыл алты ай калып, аларга Кудайдын сөзүн үйрөттү.

12Бирок ошол учурда, Ахаяда Галион башчы болуп турган убакта, жүйүттөр биригип алып, Пабылга каршы чыгышты. Алар аны сотко алып барышты да:

13«Бул киши адамдарды мыйзамга каршы жол менен Кудайга табынууга үйрөтүп жатат», – дешти.

14Пабыл сүйлөмөкчү болгондо, Галион аларга: «Жүйүттөр! Эгерде кандайдыр бир кылмыш же кандайдыр бир жаман иш жасалган болсо, анда мен силердин нааразылыгыңарды укмакмын.

15Бирок окутуу жөнүндө, ысымдар жөнүндө, өзүңөрдүн мыйзамыңар жөнүндө сөз болуп жаткандыктан, өзүңөр териштиргиле: мен бул иште сот болууну каалабаймын», – деди.

16Ошентип, Галион аларды сот болуучу жайдан кууп чыкты.

17Алар чогулуп, синагоганын башчысы Состенди кармап алып, соттун алдында сабап салышты. Бирок Галион буга көңүл бөлгөн жок.

18Пабыл Корунтта дагы бир нече күн болгондон кийин, бир туугандар менен коштошуп, Прискила жана Акила менен бирге Сирияга сүзүп кетти. Сүзүп кеткенге чейин ал Кенхирея шаарында чачын кырктырды, анткени анын назир болууга берген убадасынын мөөнөтү бүтүп калган эле.

19Эфес шаарына келишкенде, Пабыл аларды ошол жерге калтырды. Өзү болсо синагогага кирип, жүйүттөр менен сүйлөштү.

20Алар андан көбүрөөк убакытка калуусун өтүнүштү. Бирок ал макул болбой,

21алар менен коштошту да: «Жакындап келе жаткан майрамды сөзсүз Иерусалимде өткөрүшүм керек. Эгерде Кудайдын каалоосу болсо, силерге кайрылып келем», – деп, Эфестен кемеге отуруп, жөнөп кетти. Акила менен Прискила болсо Эфесте калышты.

22Кемеден Кейсареяга түшүп калып, Иерусалимге келди. Ал жердеги Жыйын менен көрүшкөндөн кийин, Антийохеяга жөнөп кетти.

23Антийохеяда бир нече убакыт болгондон кийин, жолун улантты. Галатия жана Фригия өлкөлөрүн аралап, бардык шакирттердин ишенимин бекемдеп жүрдү.

24Ошол учурда Эфеске Аполос деген александриялык бир жүйүт келди. Ал сөзгө чечен, Ыйык Жазууну жакшы билген, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну билген адам эле.

25Ал Жакандын чөмүлдүрүүсүн гана билсе да, жалындап, Ыйса жөнүндө туура сүйлөп, туура үйрөтүп жүрдү.

26Ал синагогада тартынбай сүйлөй баштады. Анын сүйлөгөн сөздөрүн уккан Акила менен Прискила аны өздөрүнүн үйүнө чакырып, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну толугу менен түшүндүрүп беришти.

27Ал Ахаяга бармакчы болгондо, бир туугандар ага дем берүү максатында ошол жактагы шакирттерге аны кабыл алуу жөнүндө кат жазып беришти. Аполос Ахаяга келгенде, Кудайдын ырайымы менен Ыйсага ишенип калгандарга көп жардам берди.

28Анткени ал Ыйсанын Машайак экендигин Ыйык Жазуу менен далилдеп, жүйүттөрдү бүт эл алдында тайманбастык менен ашкерелеп жатты.