1Аполос Корунтта жүргөн убакта Пабыл бөксө тоолордун үстүндө жайгашкан өлкөлөрдү аралап өтүп, Эфеске келди да, ал жерден бир нече шакиртке жолугуп:
2«Ыйсага ишенип калганыңарда Ыйык Рухту алдыңар беле?» – деп сурады. Алар болсо ага: «Ыйык Рухтун бар экенин да уккан эмеспиз», – деп жооп беришти.
3Ошондо Пабыл алардан: «Анда силер кайсы чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлдүңөр эле?» – деп сурады. Алар ага: «Жакандын чөмүлдүрүүсү менен», – деп жооп беришти.
4Пабыл аларга мындай деди: «Жакан адамдарды тобо кылуу чөмүлдүрүүсү менен сууга чөмүлдүрүп: “Менден кийин келе жаткан Кишиге, атап айтканда, Машайак Ыйсага ишенгиле”, – деген».
5Алар муну уккандан кийин, Теңир Ыйсанын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлүштү.
6Пабыл алардын үстүнө колдорун койгондо, аларга Ыйык Рух түштү. Ошондо алар ар кандай тилдерде сүйлөп, пайгамбарчылык кыла башташты.
7Алардын саны он экиге жакын эле.
8Пабыл синагогага кирип, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө ишенимдүү далилдерди келтирип, үч ай бою тайманбастык менен жар салып жүрдү.
9Бирок кээ бир адамдар өжөрлөнүп, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну эл алдында жамандап, ишенбей коюшту. Ошондо Пабыл аларды таштап, шакирттерди бөлүп кетти да, күн сайын Туран деген адамдын орто окуу жайында насаат айта баштады.
10Бул эки жылга созулду, ошондуктан Асиянын бүт тургундары, жүйүттөр да, эллиндер да Теңир Ыйса жөнүндө угушту.
11Кудай Пабыл аркылуу көптөгөн кереметтерди көрсөтүп жатты.
12Анын бет аарчылары менен алжапкычтарын оорулуулардын үстүнө коюшканда, алардын оорулары айыгып, ичтеринен жиндер чыгып жатты.
13Эл аралап сыйкырчылык кылган кээ бир жүйүттөр да жин оорулуу адамдарга: «Пабыл жарыялап жүргөн Ыйсанын атынан силерге буйрук кылабыз», – деп, Теңир Ыйсанын ысымын колдоно башташты.
14Ушундай кылгандардын арасында жүйүттөрдүн Скеба деген башкы ыйык кызмат кылуучусунун жети уулу бар эле.
15Бирок жин аларга: «Ыйсаны билем, Пабылды да тааныйм, а силер кимсиңер?» – деп жооп берди.
16Ошондо жин оорулуу адам атырылып келип, аларды басып жыгылып, сабап салды. Алар ал үйдөн жылаңачталып, жаракат алып качып чыгышты.
17Бул окуя Эфесте жашаган жүйүттөргө да, эллиндерге да маалым болду. Бардыгын коркунуч басып, Теңир Ыйсанын ысымы даңкталды.
18Теңирге ишенип калгандардын көптөрү келип, күнөөлөрүн моюндарына алып ачык айтышты.
19Ал эми сыйкырчылык кылып жүргөндөрдүн көптөрү өздөрүнүн китептерин чогултуп, бүт элдин алдында өрттөп жиберишти. Ал китептердин бааларын эсептешкенде, элүү миң драхма болду.
20Ошентип, Теңирдин сөзү кеңири тарап, өзүнүн күчүн көрсөтүп жатты.
21Ушул окуялардан кийин, Пабыл: «Македония менен Ахаяга, андан ары Иерусалимге барышым керек. Ал жерде болгондон кийин, Римге да барышым керек», – деп чечти.
22Анан ал өзүнүн жардамчылары – Тиметей менен Эрастты Македонияга жиберди. Өзү болсо бир аз убакытка Асияда калды.
23Ошол учурда Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууга каршы чоң козголоң чыкты.
24Анткени күмүштөн Артемиданын бутканасынын үлгүлөрүн жасап, сүрөтчүлөргө көп пайда келтирген Деметир деген бир зергер
25сүрөтчүлөрдү жана башка зергерлерди чогултуп, аларга мындай деди: «Достор! Биздин кирешебиз ушул ишке байланыштуу экенин өзүңөр билесиңер.
26Жанагы Пабыл деген неменин Эфесте гана эмес, бүткүл Асияда: “Колуңар менен жасаган нерселер кудайлар эмес”, – деп, көптөгөн адамдарды ынандырып, жолдон чыгарганын угуп-көрүп жатасыңар.
27Бул бизге коркунучтарды туудурат: биринчиден, ишибиз бааланбай калат; экинчиден, улуу аял кудай Артемиданын бутканасы барк алынбай, бүткүл Асия жана бүт жер жүзү урматтаган Артемида өзү да улуулугунан ажырайт».
28Алар муну укканда, жаалданышып: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» – деп, кыйкыра башташты.
29Ошентип, бүт шаар дүрбөлөңгө түштү. Пабылдын Гай жана Аристарх деген македониялык жолдошторун кармап алып, бардыгы театрды көздөй бет алышты.
30Пабыл топ элдин ичине кирмекчи болгондо, шакирттер ага жол бербей коюшту.
31Ошондой эле Асиядагы башкаруучулардын Пабылга ылым санагандары «Пабыл театрга барбасын» деген өтүнүч менен ага киши жиберишти.
32Ошол арада бирөө бирди айтып, экинчиси дагы бирди айтып кыйкырып, чогулган эл ызы-чуу салып жатты. Элдин көпчүлүгү өздөрүнүн эмне үчүн чогулганын билишкен жок.
33Ошондо жүйүттөрдүн сунушу боюнча элдин арасынан Искендерди алдыга чыгарышты. Искендер колу менен белги берип, элге сүйлөмөкчү болду.
34Бирок анын жүйүт экендигин билишкенде, бардыгы бир ооздон: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» – деп кыйкыра башташты. Алар эки саатка жакын ушинтип кыйкырышты.
35Шаар башчысы элди тынчтандырып, мындай деди: «Эфестиктер! Эфес шаары улуу аял кудай Артемиданын жана анын асмандан түшкөн айкелинин кызматчысы экендигин ким билбейт?
36Эгерде бул жөнүндө талаш жок болсо, анда силер тынчсызданбай эле коюшуңар керек, алаңгазарлык кылуунун кереги жок.
37Силер бул жерге бул кишилерди алып келдиңер, бирок булар Артемиданын бутканасын уурдашкан эмес, силердин аял кудайыңарга тил тийгизишкен да эмес.
38Эгерде Деметирдин жана анын жанындагы сүрөтчүлөрдүн кимдир бирөөгө нааразычылыгы бар болсо, анда бизде соттор бар, дубан башчылары бар. Бири-бирине болгон нааразычылыктары боюнча ошолорго кайрылышсын.
39Эгерде башка дагы сурооңор болсо, анда ал кезектеги чогулушта чечилет.
40Бүгүн болуп өткөн окуядан улам, козголоң чыгаруучулар катары айыпталуу коркунучу алдында турабыз. Анткени бизде ушунча эл чогулгандыгы үчүн актанууга эч кандай себеп жок». Ушул сөздөрдү айтып, ал чогулган элди таратып жиберди.