1Элүүнчү күн майрамында алардын бардыгы бир жерге чогулушту.
2Бир маалда асмандан катуу шамалдын добушундай болгон добуш чыгып, алар отурган үйдүн ичин толтурду.
3Анан жалындай болгон тилдер бөлүнүп-бөлүнүп, алардын ар биринин үстүнө түштү.
4Ошондо бардыгы Ыйык Рухка толуп, Рух берген тилге жараша ар кандай тилдерде сүйлөй башташты.
5Ошол убакта Иерусалимде бүт дүйнө жүзүнөн келген динчил жүйүттөр бар эле.
6Бул добушту уккан адамдар чогулуп, дүрбөлөңгө түшүштү. Анткени шакирттер ошол адамдардын ар биринин тилинде сүйлөп жатышкан эле.
7Бардыгы айран-таң калып, өз ара мындай деп сүйлөшүп жатышты: «Сүйлөп жаткан бул адамдардын бардыгы галилеялыктар эмеспи?
8Булар кандайча ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат?
9Биз, парфтыктар, мадайлыктар, эйламдыктар жана Месопотамия, Жүйүт, Кападокия, Понт жана Асия тургундары,
10Фригия, Памфилия, Мисир жана Киренея тараптагы Ливия аймагынын тургундары, Римден келгендер, жүйүттөр жана прозелиттер,
11криттиктер жана аравиялыктар, өз тилибизде алардын Кудайдын улуу иштери жөнүндө айтып жаткандарын угуп жатабыз».
12Бардыгы аң-таң болуп, эмне дешерин билбей, бири-биринен: «Бул эмнеси?» – деп сурап жатышты.
13Ал эми кээ бирөөлөрү: «Алар таттуу шарап ичип, мас болуп алышса керек», – деп шылдыңдап жатышты.
14Ошондо он бир элчинин жанында турган Петир үнүн көтөрүңкү чыгарып, аларга мындай деди: «Жүйүт эркектери жана Иерусалим тургундары! Бул жөнүндө силерге айтып берейин, сөзүмө кулак салгыла.
15Алар, силер ойлоп турганыңардай, мас эмес, себеби азыр күндүзгү үчүнчү саат эле болду.
16Бул жөнүндө Жоел пайгамбар алдын ала мындай деп айткан:
17“Акыркы күндөрдө мындай болот, – дейт Кудай, – Мен ар бир адамдын үстүнө Өз Рухумду төгөм, ошондо уулдарыңар менен кыздарыңар пайгамбарчылык кылышат, жаш балдарыңар көрүнүш, карыяларыңар түш көрүшөт.
18Ошол күндөрдө Мен кулдарымдын үстүнө да, күңдөрүмдүн үстүнө да Өзүмдүн Рухумду төгөм, ошондо алар пайгамбарчылык кылышат.
19Асманда кереметтерди, жер үстүндө жышаандарды көрсөтөм, алар: кан, от жана түтүн.
20Теңирдин улуу жана коркунучтуу күнү келердин алдында күн караңгылайт, ай кандын өңүндөй болуп кызарат.
21Ошондо мындай болот: Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат”.
22Ысрайыл эркектери! Сөзүмө кулак салгыла: силер назареттик Ыйсаны мыйзамсыздардын колу менен айкаш жыгачка кадап өлтүрдүңөр. Бирок Ал силердин колуңарга Кудайдын чечими жана алдын ала көрө билүүсү боюнча салынып берилген.
23Өзүңөр билесиңер, Кудай Ошол Адам аркылуу силердин араңарда кудуреттүү иштерди, кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп, силерге Ал жөнүндө күбөлөндүргөн эле.
24Бирок Кудай Аны өлүм кишенинен бошотуп, тирилтти, анткени өлүм Аны кармап тура алган жок.
25Дөөт Ал жөнүндө мындай деп айткан: “Теңирди мен өзүмдүн алдымдан ар дайым көрүп турдум, анткени Ал менин оң жагымда, мен олку-солку болбойм.
26Ошондуктан жүрөгүм кубанычка толуп, шаттанып сүйлөйм, атүгүл, денем да үмүт менен тынчтанат,
27анткени Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайда калтырбайсың, Өзүңдүн ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң.
28Сен мага өмүр жолун таанытып билдирдиң. Сен мени Өзүңдүн алдыңда кубанычка бөлөйсүң”.
29Агайын-туугандар! Силерге түпкү атабыз Дөөт тууралуу тайманбастык менен айтууга уруксат бергиле. Ал өлдү, көргө коюлду, анын мүрзөсү азыр да бар.
30Ал пайгамбар болгондуктан жана Кудайдын “Сенин тукумуңдан Машайак чыгат, Аны сенин тагыңа отургузам” деген убадасын билгендиктен,
31Машайактын кайра тирилери жөнүндө: “Анын жаны өлгөндөр жаткан жайда калтырылган жок, Анын денеси чириген жок”, – деп, алдын ала айткан.
32Ошол Ыйсаны Кудай тирилтти, ага биз баарыбыз күбөбүз.
33Ал Кудайдын оң колу менен асманга көтөрүлүп, Атасы убада кылган Ыйык Рухту алды да, үстүбүзгө төктү. Азыр силер ошону угуп-көрүп турасыңар.
34Дөөт асманга көтөрүлгөн эмес, бирок ал мындай дейт: “Теңир менин Теңириме:
35"Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур", – деди”.
36Ошондуктан, бүт Ысрайыл эли, так билип алгын: силер айкаш жыгачка кадаган ошол Ыйсаны Кудай Өзү Теңир жана Машайак кылды».
37Муну угушканда, алардын жүрөгүнө канжар сайылгандай болду. Ошондо алар Петирден жана башка элчилерден: «Агайын-туугандар! Эми биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты.
38Петир аларга: «Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, ар бириңер Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгүлө, ошондо Кудай силерге Ыйык Рухту белек кылат.
39Анткени Кудайдын убадасы силерге, силердин балдарыңарга жана алыстагылардын бардыгына, Кудай-Теңирибиз чакырган ар бир адамга тиешелүү», – деп жооп берди.
40Ал мындан башка дагы көп сөздөр менен күбөлөндүрдү да: «Бул бузулган муундан сактангыла», – деп насаат айтты.
41Ошондо анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар сууга чөмүлдүрүлүштү. Ошол күнү аларга үч миңге жакын киши кошулду.
42Алар элчилердин насааттарын угушчу, бири-бири менен баарлашышчу, нан сындырышчу жана сыйынышчу.
43Ар бир адамда коркунуч бар эле, Иерусалимде элчилер көптөгөн кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп жатышты.
44Ыйсага ишенгендердин баары чогуу болушчу, бардык нерселерин ортого коюшчу.
45Бардык мүлктөрү менен жеке менчиктерин сатышып, (акчасын) бардыгына, ар биринин муктаждыгына жараша бөлүп беришчү.
46Күн сайын ийбадатканада чогуу болушчу, үйлөрдө нан сындырып, кубаныч менен, таза жүрөк менен тамактанышчу,
47Кудайды даңкташчу. Бүт эл аларга жакшы мамиле кылчу. Теңир болсо Жыйынга куткарылгандарды күн сайын кошуп жатты.