Элчилердин иштери 20:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Козголоң басылгандан кийин, Пабыл шакирттерди чакырып, аларга насаат айтты. Анан алар менен коштошуп, Македонияга жол тартты.

2Македонияны кыдырып, Ыйсага ишенгендерге көп насаат айткандан кийин, Грецияга келди.

3Пабыл ал жерде үч ай болгондон кийин, Сирияга Македония аркылуу кайтып келүүнү чечти. Анткени кеме менен Сирияга жол тартар алдында жүйүттөр ага каршы козголоң чыгарышты.

4Бероялык Пурдун уулу Сосипатыр, тесалоникалык Аристарх менен Секундос, дербелик Гай, Тиметей жана асиялык Тихик менен Трофим аны Асияга чейин узатып барышты.

5Алар бизден мурун жолго чыгып, бизди Троаста күтүп турушту.

6Биз болсо Ачыткысыз нан майрамынан кийин, Филипиден кеме менен чыгып, беш күндөн кийин аларга, Троаска келип, ал жерде жети күн болдук.

7Жуманын биринчи күнү Пабыл нан сындыруу үчүн чогулган шакирттер менен сүйлөштү. Ал эртеси күнү жолго чыга турган болгондуктан, алар менен түн ортосуна чейин сүйлөшүп отурду.

8Биз чогулган үйдүн жогорку бөлмөсүндө көп шам чырак күйүп турган.

9Терезеде Эйтих деген бир жаш улан отурган. Пабылдын сөзү узакка созулгандыктан, ал катуу уктап кетип, үчүнчү кабаттан жерге кулап түштү. Карашса, ал өлүп калыптыр.

10Пабыл төмөн түшүп, өлүктүн үстүнө жатты да, аны кучактап: «Коркпогула, анын жаны өзүндө», – деди.

11Анан ал кайра жогору чыгып, нан сындырып, андан жеди. Түнү бою аңгемелешип отуруп, таңга маал жолго чыкты.

12Бул арада жаш уланды үйгө тирүү алып келип, бардыгы кубанычка батышты.

13Биз Пабылдан мурун кемеге отуруп, Ас шаарын көздөй жол тарттык. Биз аны ошол жерден алып кетмекпиз. Ал өзү жөө баргысы келгендиктен, бизге ушундай кылууну буйруган.

14Аны менен биз Аста жолуктук да, Мителене шаарына чогуу келдик.

15Ал жерден кеме менен сүзүп чыгып, эртеси күнү Хиос аралынан алыс эмес жерге келип токтодук. Анын эртеси Самос аралынын жанындагы Трогилий шаарында болуп, бир күндөн кийин Милет шаарына келдик.

16Анткени Пабыл Асияда убакытты кетирбеш үчүн, Эфестин жанынан өтүп кетүүнү чечти. Анткени ал мүмкүн болсо, Элүүнчү күн майрамында Иерусалимде болуу үчүн шашып бара жаткан эле.

17Ал Милеттен Эфеске киши жиберип, Жыйын башчыларын чакыртты.

18Алар келишкенде, Пабыл аларга мындай деди: «Өзүңөр билесиңер, мен Асияга келген күндөн тартып, бардык убакта жаныңарда болдум.

19Жүйүттөрдүн кара ниеттигинин айынан башыма келген сыноолор учурунда, Теңирге момундук менен, көз жаш менен кызмат кылдым.

20Силерге пайдалуу боло турган нерселердин бардыгын айттым, силерди бүт эл алдында да, үймө-үй кыдырып да окуттум.

21Жүйүттөргө да, эллиндерге да тобо кылуу жөнүндө жана Теңирибиз Ыйса Машайакка ишенүү жөнүндө жарыяладым.

22Азыр болсо Рухтун жетеги менен Иерусалимге бара жатам, ал жерде мени эмне күтүп тургандыгын билбейм.

23Бирок мени кишендер жана азап-кайгылар күтүп тургандыгын Ыйык Рух мага ар бир шаарда эскертип жатат.

24Бирок мен эч нерсеге карабаймын жана өз өмүрүмдү эч аябаймын, алдымда турган жарышты жана Теңир Ыйса тапшырган кызматты – Кудайдын ырайымы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратуу ишин кубаныч менен аягына чыгарсам эле болду.

25Азыркы учурда мен муну билем: мен жарыялаган Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө уккандарыңардын ичинен эч бириңер мындан кийин мени көрбөйсүңөр.

26Ошондуктан бүгүн силерге айтып коёюн: мен эч кимиңердин каныңар үчүн жооп бербейм.

27Анткени мен силерге Кудайдын эркин толугу менен айткам.

28Ошондуктан өзүңөргө жана Ыйык Рух тарабынан тапшырылган бүтүндөй үйүргө сак болгула. Теңирдин жана Кудайдын Өз канын төгүп сатып алган Жыйынын кайтаргыла.

29Анткени мен кеткенден кийин, араңарга үйүрдү аябаган жырткыч карышкырлар кирерин билем.

30Шакирттерди ээрчитип кетүү үчүн, өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат.

31Ошондуктан сергек болгула, көз жашымды төгүп, ар бириңерди үч жыл бою күн-түн дебей, тынымсыз окутканымды эсиңерден чыгарбагыла.

32Эми силерди, бир туугандар, Кудайга жана Анын ырайымы жөнүндөгү сөзүнө тапшырамын. Ал сөз силерди калыптандырып, ыйыкталгандар менен бирге мураска ээ кыла алат.

33Эч кимден күмүш да, алтын да, кийим да алууну каалаган жокмун.

34Силер өзүңөр билесиңер, өзүмдүн да, жанымдагылардын да муктаждыгы үчүн өз колум менен эмгектендим.

35Ушинтип эмгектенип, алсыздарга жардам берүү керек экендигин, Ыйса Теңирдин “Алганга караганда берген жакшы” деген сөзүн унутпоо керек экендигин бардык жагынан көрсөттүм».

36Бул сөздөрдү айткандан кийин, ал тизе бүгүп, бардыгы менен чогуу сыйынды.

37Бардыгы аябай ыйлап, Пабылды мойнунан кучактап өпкүлөштү.

38Аларды Пабылдын «Мени мындан кийин көрбөйсүңөр» деген сөзү өзгөчө кайгыртты. Андан кийин алар аны кемеге чейин узатып барышты.