Элчилердин иштери 21:1-40 KYB2004 - Bible AI

1Алар менен коштошкондон кийин, кеме менен түз эле Кос кичи аралына бардык. Эртеси күнү Родос аралына келип, ал жерден Патара шаарына бардык да,

2Финикияга кете турган кемени таап, ага отуруп, жолго чыктык.

3Кипр аралынын түштүк тарабынан өтүп, Сирияны көздөй багыт алдык да, Тир шаарына келип токтодук. Анткени бул жерден кемедеги жүктү түшүрүшмөк.

4Ал жерден шакирттерди издеп таап, алар менен жети күн болдук. Алар Рухтун ачып берүүсү боюнча Пабылга: «Иерусалимге барбагын», – деп айтып жатышты.

5Бирок бул күндөр өткөндөн кийин, биз жолго чыктык. Алардын бардыгы, аялдары, балдары менен бирге бизди шаардын сыртына чейин узатып барышты. Деңиз жээгинде тизе бүгүп сыйындык.

6Коштошкондон кийин, биз кемеге отурдук, алар болсо үйлөрүнө кайтышты.

7Тирден Птоломай шаарына келдик. Ошентип, биз кеме менен жол жүрүүнү токтоттук. Ал жерде бир туугандарга барып, алар менен бир күн болдук.

8Эртеси жолго чыгып, Кейсареяга келдик да, ал жерден Жакшы Кабар таратуучу Филиптин үйүнө барып, аныкында калдык. Ал жети диакондун бири эле.

9Анын пайгамбарчылык кылган, турмушка чыкпаган төрт кызы бар эле.

10Биз алардыкында бир нече күн болдук. Ошол күндөрдүн биринде Жүйүт аймагынан Агап деген бир пайгамбар келип,

11биз отурган бөлмөгө кирди да, Пабылдын курун алып, өзүнүн колу-бутун байлап, мындай деди: «Ыйык Рух мындай дейт: Иерусалимдеги жүйүттөр бул курдун ээсин ушинтип байлап, бутпарастардын колуна салып беришет».

12Муну укканда, биз да, ал жердегилер да Пабылдан Иерусалимге барбоосун өтүндүк.

13Бирок ал мындай деди: «Бул эмне кылганыңар? Эмнеге ыйлап, мени кайгыга салып жатасыңар? Мен Иерусалимде Теңир Ыйса үчүн туткундалууга гана эмес, өлүүгө да даярмын».

14Биз аны көндүрө албай койгондон кийин, «Теңирдин эрки болсун!» деп, унчукпай калдык.

15Ошол күндөрдөн кийин, биз жолго камынып, Иерусалимге жол тарттык.

16Биз менен бирге кейсареялык бир нече шакирт да жолго чыкты. Алар бизди кипрлик Мнасондун үйүнө ээрчитип барышты. Мнасон биринчи шакирттерден эле.

17Иерусалимдеги бир туугандар бизди кубаныч менен кабыл алышты.

18Эртеси күнү биз Пабыл менен бирге Жакыпка бардык. Жыйын башчылары да келишти.

19Алар менен учурашкандан кийин, Пабыл аларга өзүнүн кызматы аркылуу Кудай бутпарастар арасында эмнелерди кылганы жөнүндө толугу менен айтып берди.

20Алар анын сөзүн угуп, Кудайды даңкташты. Анан ага мындай дешти: «Бир тууган, өзүң көрүп тургандай, миңдеген жүйүттөр Ыйсага ишенип калышты, алардын баары Мусанын мыйзамын кызганчаактык менен коргошот.

21Алар сен тууралуу: “Ал бутпарастар арасында жашаган бүт жүйүттөрдү: "Балдарыңарды сүннөткө отургузбагыла, салтты кармабагыла", – деп, Мусанын мыйзамынан четтөөгө үйрөтүп жатат”, – деп угушкан.

22Эми эмне болот? Эл сенин бул жерге келгениңди угуп, сөзсүз чогулат.

23Ошондуктан биздин айтканыбызды кыл: биздин арабызда назир болууга убада берген төрт адам бар.

24Аларды ийбадатканага ээрчитип барып, алар менен кошо тазалануу расмисинен өт. Алардын чач алдырыш үчүн чалган курмандыктарына кеткен чыгымын сен төлө. Ошондо жүйүттөрдүн бардыгы сен тууралуу уккан сөздөрүнүн туура эмес экендигин, өзүң да мыйзамды сактап жүргөнүңдү билишет.

25Ал эми бутпарастардын арасынан Ыйсага ишенип калгандарга: “Буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын, канаттуунун этин жебегиле, ошондой эле ойноштук кылбагыла”, – деп кат жазып, берип жибердик».

26Ошондо Пабыл назир болууга убада берген төрт кишини ээрчитип барып, алар менен бирге тазалануу расмисинен өттү. Эртеси күнү ийбадатканага кирип, тазалануу күндөрүнүн качан бүтөрүн, качан ар бири үчүн курмандык чалынарын жарыялады.

27Жети күндүк тазалануу расмиси аяктап калганда, асиялык жүйүттөр Пабылды ийбадатканадан көрүп, бүт элди ага каршы тукурушту. Алар аны кармап алып:

28«Ысрайыл эркектери, жардамга келгиле! Мына бул киши бардык жерде элибизге, мыйзамыбызга жана ушул ыйык жайга каршы окутуп жүрөт. Атүгүл, эллиндерди да ийбадатканага киргизип, бул ыйык жайды булгады», – деп кыйкырышты.

29Анткени алар мындан мурун Пабылдын эфестик Трофим менен шаарда жүргөнүн көрүп, ал аны ийбадатканага киргизди деп ойлоп калышкан.

30Бүт шаар кыймылга келип, ар тараптан эл чогулду. Алар Пабылды ийбадатканадан сыртка сүйрөп чыгарышты. Ошол замат ийбадаткананын эшиктери бекитилди.

31Алар аны өлтүрмөкчү болуп жатышканда, римдик миң башыга «Бүт Иерусалим дүрбөлөңгө түшүп жатат» деген кабар жетти.

32Миң башы ошол замат аскерлерди жана жүз башыларды алып, аларды көздөй жөнөдү. Алар миң башыны жана аскерлерди көргөндө, Пабылды урганын токтотушту.

33Ошондо миң башы жакын келип, аны кармады да, эки чынжыр менен байлоого буйрук берди. Анан: «Бул ким? Эмне кылды эле?» – деп сурады.

34Элдин арасынан бирөө бирди айтып, экинчиси дагы бирди айтып кыйкырып жатышты. Ал болсо дүрбөлөңдөн улам, кимисиники чын экенин биле албай, аны аскерлер үйүнө алып барууга буйрук берди.

35Пабыл тепкичке жеткенде, аскерлер аны көтөрүп чыгууга мажбур болушту. Анткени калың эл кысып,

36алардын артынан калбай: «Ага өлүм!» – деп кыйкырып келе жатышкан.

37Пабыл аскерлер үйүнө кирип бара жатканда, миң башыдан: «Сага бир нерсе айтсам болобу?» – деп сурады. Тиги болсо: «Сен грекче билесиңби?

38Мындан бир нече күн мурун козголоң чыгарып, төрт миң кылмышкерди чөлгө алып чыккан мисирлик киши сен эмессиңби?» – деди.

39Пабыл болсо: «Мен жүйүтмүн, Киликия дубанынын белгилүү шаарларынын бири Тарстын атуулумун. Мага элге сүйлөгөнгө уруксат берчи», – деди.

40Ал уруксат берди. Ошондо тепкичтин үстүндө турган Пабыл элге колу менен белги берди. Тынчтанып калышканда, аларга эврей тилинде сүйлөй баштады: