Элчилердин иштери 22:1-30 KYB2004 - Bible AI

1«Агайын-туугандар жана аталар! Азыр менин актануума кулак салгыла».

2Алар анын эврей тилинде сүйлөгөнүн угушканда, мурдагыдан да тынчтанып калышты. Ошондо ал мындай деди:

3«Мен жүйүтмүн, Киликиянын Тарс шаарында туулгам, бирок Иерусалимде Гамалиелдин кол астында тарбиялангам. Андан ата-бабаларыбыздын мыйзамын тырышчаактык менен үйрөнүп, Кудайга силер сыяктуу эле берилип кызмат кылчумун.

4Ыйсанын жолун жолдоочуларды катуу куугунтуктачумун, эркек болобу, аял болобу, байлап, түрмөгө камачумун.

5Менин бул кылгандарыма башкы ыйык кызмат кылуучу да, аксакалдар кеңеши да күбө. Мен алардан суранып, Дамаскта жашаган жүйүттөргө каттарды жаздырып алдым да, ошол жактагы Ыйсага ишенгендерди Иерусалимге кишендеп алып келип, жазага тартыш үчүн, Дамаскка жөнөдүм.

6Жолдо мындай окуя болду: чак түштө, Дамаскка жакын калганымда, күтүлбөгөн жерден асмандан бир чоң жарык түшүп, айланамды жаркыратты.

7Мен жерге жыгылдым. Анан “Шабыл, Шабыл! Эмне үчүн сен Мени кубалап жатасың?” деген үндү уктум.

8Ошондо мен: “Сен кимсиң, Теңир?” – деп сурадым. Ал мага: “Сен кубалап жаткан назареттик Ыйсамын”, – деп жооп берди.

9Менин жанымдагылар болсо ошол жарыкты көрүп коркуп кетишти, бирок мага Сүйлөгөндүн үнүн угушкан жок.

10Ошондо мен: “Теңир! Мен эмне кылышым керек?” – деп сурадым. Теңир болсо мага: “Ордуңан туруп, Дамаскка баргын, сен кыла турган иштердин бардыгы сага ошол жерде айтылат”, – деди.

11Ошол жаркыраган жарыктан көзүм көрбөй калгандыктан, жанымдагылар мени Дамаскка колумдан жетелеп алып барышты.

12Дамасктык жүйүттөр тарабынан жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болгон, мыйзамды сактап, такыбаа жашаган Анания деген киши жаныма келип:

13“Шабыл бир тууган! Көзүң көрсүн!” – деди. Мен ошол замат көрүп калдым.

14Ал болсо мага: “Ата-бабаларыбыздын Кудайы сени Өзүнүн эркин таанып билсин деп, Адилди көрүп, Анын оозунан сөз уксун деп тандап алды.

15Анткени сен укканыңды, көргөнүңдү бардык адамдардын алдында күбөлөндүрүп, Анын күбөсү болосуң.

16Ошондуктан кечиктирбе! Ордуңдан тургун да, Теңир Ыйсанын ысымын чакырып, сууга чөмүлдүрүлгүн, күнөөлөрүңдөн тазалангын”, – деди.

17Мен Иерусалимге кайтып келип, ийбадатканада сыйынып жатканымда, бир көрүнүш көрдүм.

18Ал көрүнүштө мен Аны көрдүм. Ал мага: “Иерусалимден тезирээк кеткин, анткени бул жерде сенин Мен жөнүндөгү күбөлөндүрүүңдү кабыл алышпайт”, – деди.

19Ошондо мен: “Теңир! Сага ишенгендерди түрмөгө камагандыгымды, синагогаларда сабагандыгымды,

20Сенин күбөң Степанды таш бараңга алып жатышканда, ошол жерде туруп алып, аны өлтүрүп жаткандарды колдоп, алардын кийимдерин кайтарып тургандыгымды алар билишет”, – дедим.

21Бирок Ал мага: “Баргын, Мен сени алыска, бутпарастарга жиберемин”, – деди».

22Алар Пабылды андан ары сүйлөтпөй: «Мындай адамды жер үстүнөн жок кылуу керек! Анткени анын жашоого укугу жок!» – деп кыйкырышты.

23Алар кыйкырып, кийимдерин чечип ыргытып, туш-тушка топурак чача башташты.

24Миң башы элдин ага каршы эмнеге мынчалык кыйкырган себебин билүү максатында, аны сабатып суракка алыш үчүн, аскерлер үйүнө киргизүүгө буйрук берди.

25Анан аны сабоо үчүн, кайыш курлар менен байлап салышты. Ошондо Пабыл жанында турган жүз башыдан: «Силерге Римдин атуулун соттун өкүмүсүз эле сабаганга болобу?» – деп сурады.

26Жүз башы муну укканда, миң башыга барып: «Сен эмне кылганы жатасың? Бул адам Римдин атуулу экен», – деди.

27Ошондо миң башы Пабылдын жанына келип: «Сен Римдин атуулусуңбу?» – деп сурады. Ал ага: «Ооба», – деп жооп берди.

28Анан миң башы мындай деди: «Римдин атуулу болуш үчүн, мен көп акча төлөгөм», – деди. Пабыл болсо: «А мен туулгандан эле Римдин атуулумун», – деди.

29Ошондо аны кыйнап суракка алмакчы болуп жаткандар дароо четтеп кетишти. Миң башы болсо анын Римдин атуулу экендигин билгенде, аны байлаттыргандыгы үчүн коркуп кетти.

30Эртеси күнү миң башы Пабылды жүйүттөр эмне себептен айыптап жатканын так билүү үчүн, аны кишенден бошотту да, башкы ыйык кызмат кылуучулар менен синедриондун чогулуусун буйруду. Анан Пабылды алардын алдына чыгарды.