Элчилердин иштери 23:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Пабыл синедрионду карап: «Агайын-туугандар! Мен ушул күнгө чейин Кудай алдында таза абийир менен жашап келдим», – деди.

2Башкы ыйык кызмат кылуучу Ханания Пабылдын жанында тургандарга аны оозго урууга буйрук берди.

3Ошондо Пабыл ага мындай деди: «Акталган дубал, сени Кудай урат! Мыйзам боюнча соттоо үчүн отурасың да, мыйзамды бузуп, мени урууга буйрук бересиң!»

4Ал жерде тургандар болсо: «Кудайдын башкы ыйык кызмат кылуучусуна тил тийгизесиңби?» – дешти.

5Пабыл аларга: «Агайын-туугандар, мен анын башкы ыйык кызмат кылуучу экенин билген эмесмин. Анткени Ыйык Жазууда: “Элиңдин башчыларына тил тийгизбе”, – деп жазылган», – деп жооп берди.

6Пабыл алардын бир тобу садукейлер, бир тобу фарисейлер экендигин билип, синедриондо үнүн бийик чыгарып: «Агайын-туугандар! Мен фарисеймин, фарисейдин уулумун. Мени өлгөндөрдүн тирилерине үмүттөнгөндүгүм үчүн соттоп жатышат», – деди.

7Ал ушул сөздү айткандан кийин, фарисейлер менен садукейлердин ортосунда талаш чыгып, эл экиге бөлүндү.

8Анткени садукейлер: «Өлгөндөр тирилбейт, периште деген да, рух деген да жок», – дешет. Фарисейлер болсо өлгөндөр тирилерине, периштелер да, рухтар да бар экендигине ишенишет.

9Ошентип, катуу уруш-талаш башталды. Фарисейлер тараптан мыйзам окутуучулар орундарынан туруп: «Биз бул адамдан эч кандай айып таппай жатабыз. Эгерде ага рух же периште сүйлөгөн болсочу? Кудайга каршы чыкпайлы!» – дешти.

10Талаш күчөй бергендиктен, миң башы Пабылды тытып жок кылышпасын деп коркуп, аскерлерине: «Барып, Пабылды элдин ортосунан алып чыккыла да, аскерлер үйүнө алып баргыла», – деп буйрук берди.

11Эртеси түн ичинде ага Теңир келип: «Кайраттан, Пабыл, анткени Иерусалимде Мен жөнүндө кандай күбөлөндүрсөң, Римде да ошондой күбөлөндүрүшүң керек», – деди.

12Таң атканда бир нече жүйүт өз ара сүйлөшүп, Пабылды өлтүрмөйүнчө, эч нерсе жебөөгө жана ичпөөгө ант беришти.

13Ант бергендердин саны кырктан ашык болчу.

14Алар башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдарга келип: «Биз Пабылды өлтүрмөйүнчө, эч нерсе жебейбиз деп ант бердик.

15Ошондуктан силер азыр синедрион менен бирдикте миң башыдан: “Пабылдын ишин толугу менен карап чыгабыз. Ошондуктан эртең аны бизге чыгарып бер”, – деп сурангыла. Биз болсо аны бул жерге жакындай элегинде эле өлтүрүүгө даяр болуп турабыз», – дешти.

16Алардын бул арам оюн Пабылдын жээни угуп калып, аскерлер үйүнө барып, Пабылга билдирди.

17Пабыл жүз башылардын бирин чакырып: «Бул жигитти миң башыга алып барчы, анткени мунун ага айта турган сөзү бар экен», – деди.

18Тиги аны миң башыга ээрчитип барды да: «Туткун Пабыл мени чакырып, бул жигитти сага алып келүүмдү өтүндү, мунун сага айта турган сөзү бар экен», – деди.

19Миң башы жигитти колунан кармап, четке чыгарды да: «Мага айта турган кандай сөзүң бар?» – деп сурады.

20Жигит ага: «Жүйүттөр Пабылдын ишин толугу менен карап чыгабыз демиш болуп, аны эртең синедриондун алдына чыгарып берүүңдү өтүнүүгө макулдашышты.

21Бирок сен алардын өтүнүчүнө макул болбогун, анткени Пабылды алардын кырктан ашык адамы аңдып турат. Алар аны өлтүрмөйүнчө, эч нерсе жебөөгө жана ичпөөгө ант беришти. Азыр алар сенин буйругуңду күтүп, даяр турушат», – деди.

22Ошондо миң башы: «Бул жөнүндө мага билдиргендигиңди эч кимге айтпа», – деп, жигитти коё берди.

23Анан ал жүз башылардан экөөнү чакырып: «Түнкү үчүнчү саатка эки жүз жөө аскерди, жетимиш атчанды жана эки жүз аткычты Кейсареяга барууга даярдагыла.

24Пабылды мингизип, башкаруучу Феликске аман-эсен жеткириш үчүн, унаа да даярдагыла», – деп буйрук берди.

25Анан мындай мазмундагы кат жазды:

26«Урматтуу башкаруучу Феликске Клавдий Лусийден салам!

27Бул адамды жүйүттөр кармап алып, өлтүрмөкчү болуп жатышыптыр. Мен анын Римдин атуулу экендигин билип, аскерлер менен барып, куткарып алдым.

28Андан кийин эмне үчүн айыптап жатышкандыгын билгим келип, аны өздөрүнүн синедрионуна алып бардым.

29Аны өздөрүнүн мыйзамына байланыштуу талаш пикирлер боюнча айыптап жатышкандыгын, бирок анын өлүм жазасына тарткыдай же кишендегидей күнөөсү жок экендигин билдим.

30Ошол учурда мен жүйүттөрдүн бул адамга карата арам оюн билип калып, аны дароо сага жибердим. Айыптоочуларга да ага карата нааразычылыктарын сенин алдыңда айтуусун буйрук кылдым. Саламатта бол».

31Ошентип, аскерлер өздөрүнө берилген буйрук боюнча Пабылды түн ичинде Антипатрис шаарына жеткиришти.

32Эртеси күнү жөө аскерлер аны атчандар менен жөнөтүп жиберип, аскерлер үйүнө кайтып келишти.

33Атчандар болсо Кейсареяга келип, башкаруучуга катты беришти. Пабылды да ага тапшырышты.

34Башкаруучу катты окуп чыккандан кийин, Пабылдын кайсы дубандан экендигин сурады. Анын Киликия дубанынан экендигин билгенден кийин:

35«Мен сени айыптоочуларың келгенде угам», – деди. Анан аны Ироддун сарайында кайтарууга буйрук берди.