1Беш күндөн кийин башкы ыйык кызмат кылуучу Ханания аксакалдарды жана Тертул деген жактоочуну алып, башкаруучуга келди. Алар Пабылга каршы арызданышты.
2Пабыл чакыртылып келгенде, Тертул аны мындай деп айыптай баштады:
3«Улуу урматтуу Феликс, ушул өлкөдөгү тынчтык үчүн жана өзүңдүн камкордугуң менен ушул эл жакшы жашап жаткандыгы үчүн, биз сага милдеттүү экенибизди ар убакта, бардык жерде ыраазычылык менен мойнубузга алабыз.
4Сени көпкө кармабайлы. Өзүңө мүнөздүү болгон ырайымдуулугуң менен бизге бир аз кулак салып коюуңду өтүнөм.
5Биз бул адамды коомдун тынчын алуучу, бүт дүйнө жүзүндө жашаган жүйүттөр арасында козголоң чыгаруучу жана назареттик жалган окутуунун өкүлү деп таптык.
6Ал ийбадаткананы булгаганга да аракет кылды. Биз аны кармап алып, өзүбүздүн мыйзамыбыз боюнча соттогону жатканбыз.
7Бирок миң башы Лусий келип, аны биздин колубуздан күч менен тартып алып, сага жиберди.
8Анын айыптоочулары – бизди да сага барууга буйруду. Аны айыптап жатканыбыздын себебин өзүнөн сурап бил».
9Жүйүттөр да ага кошулуп, ал жөнүндө айтылган сөздөрдүн баарын туура деп ырасташты.
10Башкаруучу колу менен белги бергенде, Пабыл мындай деп сүйлөй баштады: «Сенин бул элге көп жылдан бери сот жүргүзүп келе жаткандыгыңды билгендигимден улам, мен өз ишимди эркин коргой аламын.
11Өзүң билип алсаң болот, Кудайга табынуу үчүн Иерусалимге келгениме он эки күндөн аша элек.
12Ыйык жайда болобу, синагогада болобу, шаарда болобу, алар менин бирөө менен талашып-тартышканымды же эл арасында козголоң чыгарганымды көрүшкөн жок.
13Азыр койгон айыптарын да далилдей алышпайт.
14Бирок алар жалган деп эсептеген окутуу боюнча мен, чын эле, ата-бабаларымдын Кудайына кызмат кыларымды, «Тооратта» жана «Пайгамбарлар» китебинде жазылгандын бардыгына ишенеримди сенин алдыңда мойнума алам.
15Мен да алар сыяктуу эле, адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет деп, Кудайдан үмүттөнөм.
16Ошондуктан Кудай алдында да, адамдар алдында да абийирим таза болушу үчүн, ар дайым аракет кылам.
17Мен өз элиме жардам жана курмандыктарды жеткирип берүү үчүн, бир нече жылдан кийин Иерусалимге келдим.
18Асиялык жүйүттөр мени ийбадатканада тазалануу расмисинен өтүп жаткан жеримден көрүштү. Жанымда эл жок болчу, эч кандай ызы-чуу да болгон эмес.
19Эгерде ошол асиялык жүйүттөрдүн мага карата нааразычылыгы болсо, анда алар сенин алдыңа келип, мени айыптоолору керек эле.
20Же болбосо бул жердегилер да синедриондун алдында турганымда менден кылмыш табышкан болсо, анда айтып беришсин.
21Болгону, мен алардын арасында турганымда үнүмдү катуу чыгарып, “Силер мени бүгүн өлгөндөрдүн тириле тургандыгы жөнүндөгү окутуу үчүн айыптап жатасыңар” дегем».
22Муну укканда, бул окутуу жөнүндө толук маалыматы бар Феликс аларга: «Мен силердин ишиңерди миң башы Лусий келгенде териштирем», – деп, тергөө ишин кийинкиге калтырды.
23Жүз башыга болсо Пабылды камакка алууну, бирок кысымга албоону жана жакындарынын эч биринин ага кам көрүп туруусуна же келүүсүнө тыюу салбоону буйрук кылды.
24Бир нече күндөн кийин Феликс өзүнүн жүйүт аялы Друзила менен келди да, Пабылды чакыртып алып, Машайак Ыйсага болгон ишеним тууралуу укту.
25Пабыл адилеттик, өзүн өзү тыюу жана келечектеги сот тууралуу айта баштаганда, Феликсти коркунуч басты. Ошондуктан ал: «Азыр бара бер, убакыт болгондо өзүм чакыртып алам», – деди.
26Ошол эле учурда Феликс Пабылдан бошонуш үчүн акча берет деп үмүттөнгөндүктөн, аны тез-тез чакыртып алып, сүйлөшүп турду.
27Эки жылдан кийин Феликстин ордуна Поркий Фест келди. Жүйүттөргө жаккысы келген Феликс Пабылды түрмөдө калтырды.