1Бийликке келгенине үч күн болгондон кийин, Фест Кейсареядан Иерусалимге жол тартты.
2Иерусалимде ага башкы ыйык кызмат кылуучу менен жүйүттөрдүн эң атактуу адамдары келип, Пабылдын үстүнөн арызданышты.
3Алар андан: «Бизге жакшылык кылып, Пабылды Иерусалимге чакыртып бер», – деп өтүнүштү. Анткени алар аны жолдо өлтүрүүнү ойлоп жатышкан эле.
4Бирок Фест Пабылдын Кейсареяда камакта экендигин жана өзү да жакында ошол жакка барарын айтты да,
5«Араңардан барганга мүмкүнчүлүгү барлар мени менен барышсын. Эгерде ал адамдын кандайдыр бир айыбы бар болсо, анда аны айыпташсын», – деди.
6Сегиз-он күндөй Иерусалимде болгондон кийин, ал Кейсареяга кайтып келди. Эртеси күнү сот тагына отуруп, Пабылды алып келүүнү буйруду.
7Пабыл келгенде, Иерусалимден келген жүйүттөр аны тегеректеп алып, көптөгөн оор айыптарды коюшту, бирок аларды далилдеп бере алышкан жок.
8Пабыл болсо өзүн коргоп: «Мен жүйүттөрдүн мыйзамына да, ийбадатканага да, римдик падышага да каршы эч кандай кылмыш кылган жокмун», – деди.
9Фест жүйүттөргө жаккысы келип, Пабылдан: «Иерусалимге баргың келеби? Ушул айыптоолор боюнча сени ошол жакта соттоомду каалайсыңбы?» – деп сурады.
10Пабыл ага мындай деп жооп берди: «Мен падыша сотунун алдында турам, ошондуктан ушул жерде соттолушум керек. Мен жүйүттөргө эч кандай жамандык кылган эмесмин, аны сен да жакшы билесиң.
11Эгерде мен айыптуу болсом, өлүм жазасына тарткыдай бир нерсе кылган болсом, анда өлүмдөн баш тартпаймын. Эгерде булардын мага койгон айыптары негизсиз болсо, анда мени эч ким булардын колуна салып бере албайт. Падыша алдында соттолууну талап кыламын».
12Фест кеңешчилери менен кеңешкенден кийин, Пабылга: «Сен падыша алдында соттолууну талап кылдың, падыша алдына барасың», – деди.
13Бир нече күндөн кийин Агрипа падыша менен Бернике Фестти куттукташ үчүн, Кейсареяга келишти.
14Алар ал жерде бир нече күн болушкандыктан, Фест Пабылдын иши жөнүндө падышага баяндап берди: «Бул жерде Феликс тарабынан түрмөдө калтырылган бир адам бар.
15Мен Иерусалимге барганда, жүйүттөрдүн башкы ыйык кызмат кылуучулары менен аксакалдары анын үстүнөн арызданып, анын соттолуусун талап кылышты.
16Мен аларга: “Айыпкер өзүнүн айыптоочулары менен беттешмейинче жана өзүн коргоп сүйлөмөйүнчө, римдиктердин салты боюнча эч бир адамды өлүм жазасына тартууга болбойт”, – деп жооп бердим.
17Алар мени менен бул жерге келишкенде, мен эч создуктурбастан, эртеси эле күнү сот тагына отурдум да, ал адамды алып келүүнү буйрудум.
18Аны тегеректеген айыптоочулар ага каршы мен күткөндөй айып коё алышкан жок.
19Бирок алар менен анын ортосунда өздөрүнүн дини тууралуу жана Ыйса деген бир өлгөн киши тууралуу талаш бар экен. Пабыл ошол Ыйсаны тирүү деп далилдеп жатыптыр.
20Мен бул суроону кантип чечүүнү билбей, андан: “Иерусалимге барып, бул иш боюнча ошол жерде соттолууну каалайсыңбы?” – деп сурадым.
21Бирок Пабыл өзүнүн иши боюнча Август падышанын чечимин талап кылгандыктан, ага жибергенге чейин, мен аны камакта кармоого буйрук бердим».
22Ошондо Агрипа Фестке: «Ал адамды мен да угууну каалар элем», – деди. Ал ага: «Аны эртең угасың», – деп жооп берди.
23Эртеси күнү Агрипа менен Бернике салтанат менен келип, миң башылар жана шаардын атактуу адамдары менен сот залына киргенде, Фесттин буйругу боюнча Пабылды алып келишти.
24Ошондо Фест мындай деди: «Агрипа падыша жана биз менен чогуу ушул жерде тургандар! Силер көрүп турган ушул адамга көптөгөн жүйүттөр каршы экен. Иерусалимге барганымда да, ушул жерде да алар мага келишип, анын өлүшүн талап кылып кыйкырышты.
25Бирок мен андан өлүм жазасына тарткыдай эч нерсе тапкан жокмун. Августтун алдында соттолууну талап кылгандыктан, мен аны ага жөнөтүүнү чечтим.
26Падышага ал жөнүндө жаза турган негиздүү эч нерсем жок. Ошондуктан тергөөнүн акырында жазганга бир нерсе болсун деген ой менен аны силердин алдыңарга, айрыкча, Агрипа падыша, сенин алдыңа алып келдим.
27Анткени туткунду айыбын көрсөтпөй туруп падышага жиберүү – мен үчүн акылга сыйбаган иш».