Элчилердин иштери 27:1-44 KYB2004 - Bible AI

1Италияга кеме менен сүзүп бара тургандыгыбыз чечилгенден кийин, Пабылды жана бир нече туткунду Августтун аскер бөлүгүнүн Улий деген жүз башысынын колуна тапшырышты.

2Адрамиттик кемеге түшүп, жолго чыктык, ал кеме Асиядагы кемелер туруучу жайдын жанынан өтмөк. Тесалоникадан келген македониялык Аристарх биздин жаныбызда эле.

3Эртеси күнү Сидон шаарына токтодук. Улий Пабылга адамгерчилик кылып, досторуна барып келүүгө жана алардан жардам алууга уруксат берди.

4Ал жерден чыгып, Кипрге келдик, анткени шамал бизге каршы согуп жаткан эле.

5Киликия менен Памфилиянын жанынан сүзүп өтүп, Ликия аймагындагы Мира шаарына келдик.

6Ошол жерден жүз башы Италияга бара турган александриялык бир кемени таап, бизди ошого отургузду.

7Бир нече күн жай сүзүп жүрүп отуруп, зор кыйынчылык менен Кинит шаарына жеттик. Шамал бизге каршы согуп, жолубузду улантууга мүмкүн болбогондуктан, Салмон тумшугунун жанындагы Крит аралына сүзүп келдик.

8Анын жанынан да кыйынчылык менен өтүп, Ласая шаарынын жанындагы «Кемелер токтоочу жакшы жай» деген жерге келдик.

9Бир топ убакыт өтүп, орозо маалы да бүтүп калган эле. Сууда сүзүү коркунучтуу болуп калгандыктан, Пабыл аларга:

10«Кулак салгылачы! Мындан ары жол жүрүү жүк менен кемеге гана зыян алып келбестен, өмүрүбүз үчүн да коркунуч туудурат», – деп эскертти.

11Бирок жүз башы Пабылдын сөзүнө караганда, кеменин бургучун башкаруучу менен кеме башчысына көбүрөөк ишенди.

12Кеме токтоочу жай кыштоого ылайыксыз болгондуктан, кемедегилердин көпчүлүгү: «Бул жерден чыгалы, эгерде мүмкүн болсо, түштүк-батыш жана түндүк-батыш шамалынан далдаа жайгашкан Криттин кеме токтоочу жайы Финикке жетип, ошол жерде кыштайлы», – деп кеңеш беришти.

13Түштүк шамалы сого баштаганда, алар тилегибизге жеттик деп ойлоп, Критти жээктеп сүзүп жөнөштү.

14Бирок тез эле «түндүк-чыгыш шамалы» деп аталган катуу шамал башталды.

15Шамал катуу болгондуктан, кеме шамалга туруштук бере албай калды. Ошентип, биз шамал айдаган жакка бара жаттык.

16Кабуда деген бир кичинекей аралдын жанынан өткөндө, биз кеменин кайыгын араң кармап калдык.

17Кайыкты кеменин үстүнө чыгаргандан кийин, кемени тегерете жоон аркан менен курчадык да, кумга сайылып калуудан коркуп, парусту түшүрүп, калкып жүрө бердик.

18Шамал күчөй бергендиктен, эртеси күнү кемедеги жүктү ыргыта баштадык.

19Ал эми үчүнчү күнү өз колубуз менен кеменин жабдуусун ыргыттык.

20Бир нече күн бою күн да, жылдыздар да көрүнгөн жок, шамал болсо күчөгөндөн күчөй берди. Ошондо биздин аман калууга болгон үмүтүбүз үзүлө баштады.

21Кемедегилер көп күндөн бери тамактаныша элек эле. Пабыл ортого чыгып, мындай деди: «Эркектер! Менин кеңешимди уксаңар болмок. Криттен чыкпай коё турганда, мындай кыйынчылыктарга учурамак эмеспиз, зыян да тартмак эмеспиз.

22Азыр болсо силерди кайраттанууга чакырам, анткени бирөөңөр да өлбөйсүңөр, кеме гана кыйрайт.

23Мен таандык болгон, мен кызмат кылган Кудайдын бир периштеси ушул түнү мага келип:

24“Коркпо, Пабыл! Сен Рим падышасынын алдына барышың керек. Сени менен бирге кемеде бара жаткандардын бардыгын Кудай сага берди”, – деди.

25Ошондуктан, эркектер, кайраттангыла! Анткени мен Кудайга ишенемин, мага кандай айтылса, ошондой болот.

26Биз бир аралга туш болобуз».

27Биз Адрия деңизинде шамалга айдалып бара жатканыбызга он төрт күн болгондо, түн ортосуна жакын, кемечилер кургактыкка жакындап калышканын билишти.

28Ошондо алар суунун тереңдигин өлчөп, анын жыйырма саржан экендигин билишти. Бир аз жылгандан кийин, дагы бир жолу өлчөп көрүп, он беш саржан экендигин билишти.

29Аскага урунуудан коркуп, кеменин арткы бөлүгүнөн төрт оор кайырмак темирди сууга түшүрүштү да, таңдын атышын күтүштү.

30Кемечилер кемени таштап качмакчы болушту. Алар кеменин тумшук жагынан оор кайырмак темирлерди сууга түшүрүмүш болуп, деңизге кайыкты түшүрө башташты.

31Пабыл жүз башыга жана аскерлерге мындай деди: «Эгерде кемечилер кемеде калышпаса, анда силер аман калбайсыңар».

32Ошондо аскерлер кайыкты байлап түшүргөн жиптерди кесип жиберишти, кайык сууга түшүп кетти.

33Таңга маал Пабыл бардыгын тамактанып алууга чакырып: «Кабатыр болуп жатканыңарга бүгүн он төрт күн болот, эч нерсе да жей элексиңер.

34Аман калышыңар үчүн, тамактанып алгыла. Эч бириңердин башыңардан бир тал чачыңар да түшпөйт», – деди.

35Ушул сөздөрдү айткандан кийин, нан алып, бардыгынын алдында Кудайга ыраазычылык билдирди да, нанды сындырып, жей баштады.

36Ошондо бардыгы кайраттанып, тамактанууга киришишти.

37Кемеде бардыгы болуп эки жүз жетимиш алты киши элек.

38Тамактанып бүткөндөн кийин, буудайды деңизге таштап, кемени жеңилдете башташты.

39Таң атканда, алар жээги кумдуу бир булуңду гана көрүштү, бирок кайсы жерге келишкенин билишкен жок. Ошондо алар жээкке чыгууга аракет кылууну чечишти.

40Оор кайырмак темирлерди чечип, деңизге таштап салышты. Анан кеменин байланган бургучтарын чечип, кичинекей парусту шамалга тосуп, жээкти көздөй сүзүп жөнөштү.

41Сүзүп бара жатып, бир саяң жерге туш болушту, кеме кумга сайылып калды. Кеменин тумшугу кумга тыгылып, жылбай калды, ал эми арткы бөлүгү толкундун күчү менен талкаланды.

42Туткундардын эч бири сүзүп качып кетпеш үчүн, аскерлер аларды өлтүрүп салууну чечишти.

43Бирок жүз башы Пабылды аман алып калууну каалагандыктан, буга жол берген жок. Ал сүзгөндү билгендерге кемеден биринчилерден болуп секирип түшүп, жээкке чыгууну буйруду.

44Калгандарга болсо тактайлар менен, кеменин сыныктары менен кургактыкка чыгууну буйруду. Ошентип, бардыгы аман-эсен кургактыкка чыгышты.